00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Как конфликт на Ближнем Востоке влияет на рынок ГСМ в ЕАЭС
08:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
09:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Мы плохо понимаем Иран» - политолог о новейшей истории и последних событиях
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Такафул камсыздандыруусу деген эмне жана ал Кыргызстанда кандайча иштейт?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте ШКУнун трансулуттук кылмышка каршы күрөшүү борбору ачылат. Уюм эмнеге коопсуздук маселелерин күчөтүүдө?
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Жакынкы Чыгыш аймагындагы татаал кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн жарандарды сабырдуулукту сактоого жана коопсуздук чараларын күчөтүлгөн тартипте аткарууга чакырды. ТИМ жарандар БАЭнин жергиликтүү бийлик органдарынын, айрыкча Ички иштер министрлигинин жана башка компетенттүү мекемелердин расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүү керектигин белгиледи. Ошондой эле текшерилбеген маалыматтарды таратуудан кармануу сунушталат. “Эмираттардын тиешелүү органдары учуулар токтотулуп же жылдырылган шартта мейманканаларда жайгашкан жарандардын убактылуу жашоосун кошумча төлөмсүз узартуу жана аларды чыгарбоо чечимин кабыл алды”, — деп айтылат маалыматта. Буга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына мейманканаларда болуу, расмий сунуштарды күтүү, ошондой эле Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери, туроператорлор, авиакомпаниялар жана мейманкана администрациясы менен туруктуу байланышта болуу сунушталат. Аба кооптуулугу жарыяланган учурда же башка өзгөчө кырдаалдарда укук коргоо органдарынын жана мейманкана кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл. “Эмираттарда “жабык асман” режими киргизилгенине байланыштуу өлкөдөн кургак жол менен үчүнчү мамлекеттер аркылуу чыгып кетүү варианттарын жарандар өтө зарыл болгон учурда гана жана расмий маалыматтарды көзөмөлдөө менен карап, анан чыгышы керек”, — деди ТИМ. **Алтындын биржадагы баасы январдын аягынан бери алгачкы жолу 5 400 доллардан ашканын РИА Новости жазды.Бүгүн Москва убактысы боюнча саат 2:42ге карата Нью-Йорктун COMEX биржасында алтындын апрель айына карата фьючерстери 3,02 пайызга өсүп, трой унциясы үчүн 5 406 долларга жетти. Бул көрсөткүч 30-январдан бери алгачкы ирет жогорулады.**Былтыр Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода көлөмү 15 миллиард 825 миллион долларды түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 10,2 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Экспорт 2 миллиард 852 миллион доллар болуп 44,5 пайыз төмөндөгөн. Мунун ичинде товарларды КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүү 22 пайызга кыскарып кеткен. Импорт 12 миллиард 972 миллион доллар болуп, 3,9 пайызга көбөйгөн. Анын ичинде КМШ өлкөлөрүнөн келген товарлар 23,8 пайызга көбөйгөн. Жалпы товар жүгүртүүнүн көлөмүндө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соода 37,4 пайыз болгон. Анын ичинде экспорттун үлүшү 40,4 пайыз, импорттуку – 36,8 пайыз. Өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 62,6 пайызы үчүнчү өлкөлөр менен болгон соодага туура келет. Экспорттун 59,6 пайызы үчүнчү мамлекеттерге жөнөтүлгөн, ал эми импорттун 63,2 пайызы ошол өлкөлөрдөн келген.**АКШ президенти Дональд Трамп Иранга жетекчи болууга үч талапкер бар экенин билдирди. Бул тууралуу The New York Times жазды.“Менде абдан жакшы үч талапкер бар”, — деген ал. Бирок азырынча алардын ысымын атоодон баш тарткан. Трамп Ирандагы бийликтин алмашуусу тууралуу айтып жатып, идеалдуу сценарий катары АКШ тарабынан Венесуэланын лидери Николас Мадуронун кармалышын мисал кылган. Ал ошол эле учурда өлкөдө бийликтин алмашуусун жактаган ирандыктарды коргоо боюнча кандайдыр бир убада берүүдөн баш тартты.Ишемби күнү АКШ жана Израиль Иранга каршы масштабдуу аскердик операция баштады. Анткен менен өткөн аптада эле Кошмо Штаттар Ислам Республикасы менен "өзөктүк досье" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0