Айсулуу, Мээрим, Акжол мамлекеттен канча стипендия алат. Жаңыланган тизме

© Фото / пресс-служба ГАДМФКиСБалбан Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова. Архивдик сүрөт
Балбан Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Жазылуу
Кыргызстанда бийлик алдыңкы спортчуларга ай сайын стипендия берип келет. Атлеттин ийгилигине жараша сый акынын категориясы аныкталып, 8 миңден 75 миң сомго чейин төлөнөт.
Тиешелүү токтомго акыркы өзгөртүү 2019-жылы кирген. Анда буга чейин эң жогорку стипендия 45 миң сом болсо, кийин 75 миңге көтөрүлгөн.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаменти стипендиялар боюнча жаңыртылган маалыматты берди. Белгилей кетсек, департамент олимпиадалык спорттун түрүн аркалагандардын гана тизмеси менен бөлүштү.
Сый акы спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча 7 категорияда, спорттун улуттук түрлөрү боюнча 3 категорияда жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча 4 категорияда берилет. Стипендиялар бир жылдык мөөнөткө чейин чегерилет (ортодо өзгөрүүлөр болуп турат).

I категория — 75 миң сом

КРдин алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендия жөнүндө жобосуна ылайык, мындай каражат Олимпиадалык, Паралимпиадалык оюндарда биринчи орун алгандарга жана Олимпиадалык (Паралимпиадалык) оюндарга катышууга лицензия алган спортчуларга берилет.
Учурда I категориядагы стипендияны лыжачы Максим Гордеев алып жатканы белгилүү болду. Спорт департаменти Гордеев 2022-жылы боло турчу кышкы Олимпиада оюндарына лицензия утканы үчүн алып жатканын билдирди. Стипендия ушу жылдын февралына чейин берилет.
© Фото / пресс-служба ГАДМФКиСЛыжачы Максим Гордеев
Член национальной сборной команды Кыргызстана по лыжному спорту Максим Гордеев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Лыжачы Максим Гордеев
Белгилей кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин Кытайдын баш калаасы Пекин шаарында өтөт.

II категория. 60 миң сомго төрт спортчу илинген

Олимпиадалык, Паралимпиадалык оюндарда экинчи орун, Азия жана Азия пара оюндарында, чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында жана дүйнөлүк универсиадада биринчи орун алгандарга берилет. Аны азыр төрт спортчу алууда.
© Photo / UWW / Theo Lowenstein

Балбан Айсулуу Тыныбекова

Балбан Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
1/4

Балбан Айсулуу Тыныбекова

2/4

Балбан Акжол Махмудов

© Фото / United World Wrestling / Kadir Caliskan

Балбан Мээрим Жуманазарова

Балбан Мээрим Жуманазарова - Sputnik Кыргызстан
3/4

Балбан Мээрим Жуманазарова

© Фото / пресс-служба Федерации Триатлона КР

Паратриатлон Нурбек Тойчубаев

Паратриатлон Нурбек Тойчубаев - Sputnik Кыргызстан
4/4

Паратриатлон Нурбек Тойчубаев

1/4

Балбан Айсулуу Тыныбекова

2/4

Балбан Акжол Махмудов

3/4

Балбан Мээрим Жуманазарова

4/4

Паратриатлон Нурбек Тойчубаев

Айсулуу Тыныбекова — Токиодогу Олимпиада оюндарында экинчи орун, дүйнө чемпионатында биринчи орун;
Акжол Махмудов — Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күмүш медаль;
Мээрим Жуманазарова — Олимпиадада коло медаль, дүйнө чемпионатында алтын медаль;
Нурбек Тойчубаев — паратриатлон дүйнө кубогунда биринчи орун.

III категория. 50 миң сом 8 спортчуга берилүүдө

Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда коло байге, Азия жана Азия пара оюндарында II орун, чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль, жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль алышы керек. Бул категорияга чоңдор арасындагы Азия чемпионатынан II орун, жаштар арасындагы Азия чемпионатынан күмүш медаль, дүйнөлүк универсиададан II орун ээлегендер да кирет.
© REUTERS / Issei Kato

Дзюдоист Владимир Золоев

Дзюдоист Владимир Золоев  - Sputnik Кыргызстан
1/5

Дзюдоист Владимир Золоев

© AFP / HANNAH MCKAY

Сууда сүзүүчү Денис Петрашов

Сууда сүзүүчү Денис Петрашов - Sputnik Кыргызстан
2/5

Сууда сүзүүчү Денис Петрашов

© Фото / United World Wrestling / Kadir Caliskan

Балбан Жоламан Шаршенбеков

Балбан Жоламан Шаршенбеков - Sputnik Кыргызстан
3/5

Балбан Жоламан Шаршенбеков

© Фото / United World Wrestling / Martin Gabor

Балбан Эрназар Акматалиев

Балбан Эрназар Акматалиев - Sputnik Кыргызстан
4/5

Балбан Эрназар Акматалиев

© Фото / United World Wrestling / Kadir Caliskan

Балбан Айпери Медет кызы

Балбан Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан
5/5

Балбан Айпери Медет кызы

1/5

Дзюдоист Владимир Золоев

2/5

Сууда сүзүүчү Денис Петрашов

3/5

Балбан Жоламан Шаршенбеков

4/5

Балбан Эрназар Акматалиев

5/5

Балбан Айпери Медет кызы

Владимир Золоев — дзюдо боюнча Азия чемпионатында биринчи орун;
Азизбек уулу Замирбек — парапауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунан биринчи орун;
Азизбек Нарбаев — парапауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатынан биринчи орун;
Темирлан Руслан уулу — парапауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатынан биринчи орун;
Денис Петрашов — сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль;
Жоламан Шаршенбеков — күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байге;
Эрназар Акматалиев — күрөш боюнча дүйнө чемпионатында (U-23) алтын байге;
Айпери Медет кызы — күрөш боюнча дүйнө чемпионатында (U-23) алтын медаль.

IV категория. 40 миң сом тогуз кишиге берилүүдө

Сурдлимпиадалык оюндардан алтын медаль, өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндарынан I орун, Азия жана Азия пара оюндарында коло медаль, чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынан III орунду алгандар кирет. Андан сырткары, жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан II орун, өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынан алтын байге, дүйнөлүк универсиададан III орун, студенттер арасындагы дүйнөлүк чемпионаттан биринчи орунга ээ болгондор, ошондой эле чоңдор арасындагы Азия чемпионатынан экинчи орун, жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биринчи орун алгандар кошулган.
© Фото / UWW / Martin Gabor

Балбан Нуристан Сүйөркулов

Балбан Нуристан Сүйөркулов - Sputnik Кыргызстан
1/9

Балбан Нуристан Сүйөркулов

© Фото / UWW / Martin Gabor

Балбан Раззак Бейшекеев

Балбан Раззак Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
2/9

Балбан Раззак Бейшекеев

© Фото / United World Wrestling / Kadir Caliskan

Балбан Калмира Билимбекова

Балбан Калмира Билимбекова - Sputnik Кыргызстан
3/9

Балбан Калмира Билимбекова

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Балбан Атабек Азисбеков

Балбан Атабек Азисбеков - Sputnik Кыргызстан
4/9

Балбан Атабек Азисбеков

© Фото / из личного архива Айаала Лазарева

Балбан Айаал Лазарев

Балбан Айаал Лазарев - Sputnik Кыргызстан
5/9

Балбан Айаал Лазарев

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Балбан Руслан Царев

Балбан Руслан Царев - Sputnik Кыргызстан
6/9

Балбан Руслан Царев

© Фото / United World Wrestling

Балбан Калидин Асыкеев

Балбан Калидин Асыкеев - Sputnik Кыргызстан
7/9

Балбан Калидин Асыкеев

© Фото / United World Wrestling / Kadir Caliskan

Балбан Алибек Осмонов

Балбан Алибек Осмонов - Sputnik Кыргызстан
8/9

Балбан Алибек Осмонов

© Фото / United World Wrestling

Балбан Бекболот Мырзаназар уулу

Балбан Бекболот Мырзаназар уулу - Sputnik Кыргызстан
9/9

Балбан Бекболот Мырзаназар уулу

1/9

Балбан Нуристан Сүйөркулов

2/9

Балбан Раззак Бейшекеев

3/9

Балбан Калмира Билимбекова

4/9

Балбан Атабек Азисбеков

5/9

Балбан Айаал Лазарев

6/9

Балбан Руслан Царев

7/9

Балбан Калидин Асыкеев

8/9

Балбан Алибек Осмонов

9/9

Балбан Бекболот Мырзаназар уулу

Нуристан Сүйөркулов — грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатынан биринчи орун;
Раззак Бейшекеев — грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатынан биринчи орун;
Калмира Билимбекова — аялдар күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан күмүш медаль;
Атабек Азисбеков — грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынан күмүш байге;
Айаал Лазарев — эркин күрөшү боюнча Азия чемпионатынан экинчи орун;
Руслан Царев — грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынан күмүш медаль;
Калидин Асыкеев — грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынан күмүш байге;
Алибек Осмонов — эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан коло медаль;
Бекболот Мырзаназар уулу — эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатынан экинчи орун.
Олимпиадалык спорттун түрүнөн дагы 33 спортчуга V категория менен 30 миң сом берилсе, VI категория менен 16 стипендиант 20 миң, 15 бала VII категория менен 10 миң сомдон алууда.
Белгилей кетсек, спортчулардын стипендиясы бир айга чегерилгендиктен айрымдары февраль айында эле алып бүтсө, кээсине жазга, жайга, күзгө (сентябрь) чейин берилет.

Олимпиадачылар карьерасы бүткөндө өмүр бою стипендия алат

Олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлери, ошондой эле чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынан алтын алгандар (бул 2020-жылы кошулган) өмүр бою ай сайын берилүүчү стипендия алууга акысы бар. Азыр жобо боюнча үч категорияда берилет.
I орун — 30 миң сом;
II орун — 25 миң сом;
III орун — 20 миң сом.
Ошондой эле өмүр бою төлөнүүчү стипендияны Москва Олимпиадасынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев (30 миң сом), Пекин Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев (25 миң сом) жана ушул эле Олимпиаданын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев (20 миң сом) алышат.
© пресс-служба ГАМФКиС

Москва Олимпиадасынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев

Москва Олимпиадасынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан
1/3

Москва Олимпиадасынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев

© AP Photo / Ed Wray

Пекин Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев

Пекин Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
2/3

Пекин Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Пекин Олимпиадасынын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев

Пекин Олимпиадасынын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев - Sputnik Кыргызстан
3/3

Пекин Олимпиадасынын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев

1/3

Москва Олимпиадасынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев

2/3

Пекин Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев

3/3

Пекин Олимпиадасынын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев

Cпорттун улуттук түрлөрү боюнча стипендиялар адатта төмөнкүдөй:
I категория — 25 миң сом;
II категория — 20 миң сом;
III категория — 15 миң сом.
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча сый акынын көлөмү:
I категория — 20 миң сом;
II категория — 15 миң сом;
III категория — 10 миң сом;
IV категория — 8 миң сом.
Токиодо өткон XXXII олимпиадалык оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Ак жолтой болушту! Кыргыз спортчуларынын жыл ичиндеги ийгилиги
Кыргыздын балбан кызы Мээрим Жуманазарованын Осло шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2022
Ич өрттөнүп, жаш токтобой, бийлеп... Кыргызстандык спортчулардын эмоциясы сүрөттө
Жаңылыктар түрмөгү
0