00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Искусственный дождь, тающие ледники и хронический дефицит - эксперты о рисках для КР и соседних стран
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Дагы 200 млн. сом бар — чакан жана орто бизнеске 6%дан насыя берилүүдө
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
On air
10:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Климаттын өзгөрүшү организмге олуттуу таасир этет. Ысыктан кантип коргонобуз?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Талибдер автобус айдоочуларына намаз убагында ишти токтото турууну сунуштады

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКабул шаары, Афганистан. Архив
Кабул шаары, Афганистан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Жазылуу
Маалым болгондой, аял киши хиджабы жок коомдук транспортко түшө албайт.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы автобус айдоочуларына намаз убагында жумушун токтото турууну сунуштады. Ал эми аялдар хиджабы жок жүрбөш керек. Бул тууралуу РИА Новости Афганистандын өкмөтүнүн маалыматына таянып жазды.
Маалым болгондой, аял киши хиджабы жок коомдук транспортко түшө албайт. Ошондой эле алар туугандарынын коштоосу жок 78 чакырымдан алыс эч жакка бара алышпайт.
Буга чейин талибдер автоунааларда музыка коюуга тыюу салганы айтылган. Мындан сырткары, айдоочуларга аялдарды хиджабы жок ташыбоо талабын коюшкан.
Август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кеткен.
Сентябрдын башында Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектеген. Ал талибдердин биринчи жолу бийликтеги учурунда тышкы иштер министри болуп иштеп, 2001-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун санкцияларында болчу.
* — Кыймылга террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУ тарабынан санкция салынган.
Тюрьма Пули-Чарки в Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Талибдер өлүм жазасы менен кол кесүүнү кайрадан киргизүүнү ниеттенип жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0