Нурмагомедов келген көл жээктеги Eagle FC турнири. 17 сүрөт
Нурмагомедов келген көл жээктеги Eagle FC турнири. 17 сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атада аралаш мушташ спортунун сүйүүчүлөрү көптөн күткөн турнир өттү. Кыргызстанда Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын... 04.08.2021, Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атада аралаш мушташ спортунун сүйүүчүлөрү көптөн күткөн турнир өттү. Кыргызстанда Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнирин уюштуруп, ал 3-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо болду.
Мелдеште кыргызстандык спортчулар Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген мушкерлер менен күч сынашты. Турнирде өлкө атынан Александр Федосеев, Данияр Бабакулов өңдүү белгилүү мушкерлер катышып, жеңишти камсыздады. Кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык чемпион Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен жеңип, EFC уюмунун жаңы чемпиону болду. Хабиб Бусурманкулга бел курду өзү такты.