Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Фото / Табылды МуратбековНарын облусундагы тоолор. Архив
Нарын облусундагы тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2022
Жазылуу
Адаттагыдай Нарын облусунда аба ырайы суук. Кыргызгидромет калган аймактарда күн 10-12 градуска чейин жылуу болорун кабарлады.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 3-январда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Айрым тоолуу аймактарда кечкисин кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Ага ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлүүдө.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +7…+12, Таласта +8…+10, Ысык-Көл жергесинде +2…+7, Жалал-Абадда жана Ошто +10…+12, Баткенде +9…+11, Нарын аймагында -7…-9 градус болору айтылды.
Термометр Бишкек жана Ош шаарларында +10…+12 градусту көрсөтөт.
Орто кылымдын белгилүү астрологу жана дарыгер Мишель Нострадамус - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2022
Жаңырган жылы адамзатты эмне күтөт? Ванга менен Нострадамустун айткандары
Көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Январда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0