Жаңырган жылы адамзатты эмне күтөт? Ванга менен Нострадамустун айткандары

© Фото / Pixabay / GDJ Орто кылымдын белгилүү астрологу жана дарыгер Мишель Нострадамус
Орто кылымдын белгилүү астрологу жана дарыгер Мишель Нострадамус - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2022
Жазылуу
Sputnik редакциясы белгилүү астролог жана көзү ачыктардын 2022-жылга карата божомолдорун карап көрдү. Алардын ичинде чындыкка дал келүүлөр да, адамды жылмайткан фантастикалары да бар. Кандай болгон күндө да мындай "көзү ачыктык" дайыма кызыгуу жаратып келген.
2022-жылы кандай окуяларга күбө болобуз? Бул суроону баары беришет. Мындан көп жылдар илгери эле белгилүү экстрасенстер жана астрологдор жооп берүүгө аракет кылышкан.
Булардын ичинен эң эле белгилүүсү Нострадамус деген ат менен таанылган Мишель де Нотрдам 2022-жылга карата да өз божомолун айткан. Болгариялык "Факти" басылмасы анын бул айткандарын атайын изилдеп чыкканы маалым. Орто кылымдын белгилүү астрологу жана дарыгер билгендерин латын, италия, грек жана эски француз тилдерин аралаштырып, атайын белгилер менен жазып кеткен. Анын бардыгы "Мишель Нострадамустун алдын ала айтуусу" аттуу китепте төрт муундуу уйкаштыктар (катрен) аркылуу берилет.
Болгар басылмасынын маалыматы боюнча, Нострадамус 2022-жылы Түштүк жана Түндүк Корея биригип, натыйжада КЭДРдин азыркы лидери Ким Чен Ын тактан кулап, куугунтукка кабылганда Россиядан жардам сураарын айткан. Анын үй-бүлөсү Түндүк Кореяны 65 жылдан бери башкарып келет. Ким Чен Ын 2011-жылы 17-декабрда атасы өлгөндөн кийин тактыга отурган.
Мындан тышкары, келе жаткан жылы космоско учууга кенен мүмкүнчүлүктөр ачыларын жана көптөгөн өлкөлөр күн энергиясын пайдаланууга өтөрүн билдирген.
Нострадамустун айткандарын андан ары карап отурсак, 2022-жылы АКШнын бийлиги өлкөнү мурункудай башкара албай, иш билгилиги төмөндөй турганын белгилейт. Бул анын саясий аренада алсызданышына алып келмекчи.
Акча кармаган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Жеке каржы жаатында 2022-жылда элди эмне күтөт? Маалымат топтому
Көзү ачыктын Россия менен Украинанын мамилеси тууралуу айткандарына таянсак, ушул жылы бул эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимине жол ача турган жылуу мамиле орнойт.
Ошондой эле жаратылыш ресурстарынын азайышынан улам айрым мамлекеттер ортосунда куралдуу кагылыш чыгышы мүмкүн. Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөр бомбалоодон жабыркай турганын боолгологон. Анын келечекке карай айткандарында Кытай да бар. Бул өлкөнүн саясаты дүйнөлүк экономикалык тең салмактуулукту түзүүгө көбүрөөк багытталат жана юань жаңы дүйнөлүк валюта болуп калышы ыктымал.
Ал эми Италия каржылык көйгөйгө кептелип, андан улам өлкөдө жумушсуздук өсүп, Европанын кризистик аймагына айланары жазылган.

Космос туризми

Болжолдоого ылайык, келе жаткан жаңы жылда космоско саякаттоо мүмкүнчүлүгү кеңейет. Белгилей кетсек, америкалык SpaceX компаниясы ушул жылдын сентябрь айында тарыхта биринчи жолу бир да астронавты жок эле төрт туристти космоско учурду. Алар космосто үч күн болушту.
​Муну менен катар Нострадамус 2022-жылы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү электр энергиясына болгон баанын өсөрүн жана климаттын өзгөрүүсүн алдын алуу максатында күн энергиясын пайдаланууга өтөрүн айткан.
Кишилер тосмо куруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жакырлар азаят, эл таза суу ичет. Бийлик 5 жылда жашоону кантип өзгөртмөй болду

Ванганын алдын ала айткандары

Белгилүү болгариялык көзү ачык Ванга 2022-жылы адамзаттын алдыга чоң кадам таштоосуна түрткү болуучу глобалдык ачылыш жасаларын айткан. Ал аны "күндөн да күчтүү энергия булагы" деп атайт. Аталган эл аралык басылманын билдирүүсүндө, кеп термоядролук изилдөөлөрдүн тегерегиндеги ойлоп табуу тууралуу болушу мүмкүн.
Анын айтымында, бул энергия булагы жерге Венера планетасынан келет. Анын келиши "жер акыры эс ала турган" мезгилге туура келери болжолдонгон. Эксперттер белгилегендей, анын бул болжолдоосу энергиянын табигый булагы жер бетинде акырындык менен түгөнүп, 2022-жыл бүткүл адамзат үчүн бурулуш чекит болорун билдирет.
Ванга эл колунда акчасы жок туруп укмуш бай болорун айткан. Божомол карта аркылуу банктык төлөм системасы жана криптовалюта тууралуу болушу мүмкүн. Ошондой эле чыгыштан келген балээ бүт дүйнөгө тарай турганы айтылып, анын аркасы менен көптөгөн адам каза болсо да эл ага көнүп, кошо эле аралашып жашап калат деген. Муну эксперттер коронавирус пандемиясы менен байланыштырат. Көзү ачык Ванга дүйнө беш "эки" турган жылы коркунучтуу эпидемия менен кез келерин билдирген. Мында мурдагы жылдын 22-февралынан 22 декабрына чейинки мезгил аралыгын көрсөтөт (22.02.2020 жана 22.12.2020).

Дүйнөлүк саясат тууралуу айтсак

Белгилүү көзү ачык Россия батыш өлкөлөрү менен мамилесин үзүп, Кытай менен жакындашуусу мүмкүндүгүн билдирген. Россия өзүнө келген сыноону татыктуу жеңерин да кошумчалайт.
Муну менен катар белгилүү көзү ачык 2022-жылы эч кандай согуш жана жаратылыш кырсыктарын көрбөгөндүгүн айткан.
АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
АКШ дүйнөнү 2040-жылы куралдуу ири кагылышуулар күтүп турганын божомолдоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0