Автомектептерге эми лицензияны милиция берет. "Унаа" ишканасы ИИМге өттү

© Sputnik / Эмиль СадыровАвтомектеп. Архивдик сүрөт
Автомектеп. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Жазылуу
Буга чейин "Унаа" ишканасы автотранспортторду каттоо менен алектенип Санарипти өнүктүрүү министрлигине караган.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик ишканасы материалдык-техникалык базасы, финансылык каражаттары жана кызматкерлери менен Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берилди. Аталган токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин "Унаа" ишканасы автотранспортторду каттоо менен алектенип Санарипти өнүктүрүү министрлигине караган.
Өткөн жылдын декабрь айында президент Садыр Жапаров "Кыргызстанда жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Документке ылайык, Ички иштер министрлиги жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталып, анын карамагына бир катар мекемелер өткөрүлгөн. Эми ИИМдин алдындагы Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Билим берүү жана илим министрлигинин автомектептерге лицензия берүү милдетин аткарат. Андан сырткары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти көзөмөлдөө департаментинин лицензия берүү функциясына ээ болду.
Кызмат көрсөтүү терезесиндеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
"Унаа" ишканасы майрам күндөрү иштебейт
Бишкектеги жолдо автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
Жыл башынан бери 200 миңдей жаран айдоочулардын катарына кошулду
Жаңылыктар түрмөгү
0