Жаңы жыл күнү Бишкектин борбордук аянтынан өткөн жолдор жабылат. График

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин жолдору жабылуу учурунда. Архив
Бишкектин жолдору жабылуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жазылуу
Кайгуул милиция жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкектин борбордук аянты 31-декабрь күнү саат 17:00дөн баштап жабык болот. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Жаңы жыл майрамын белгилөө иш-чарасына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынган. Буга чейин мэрия борбордук аянтта майрамдык концерт 19:00дө башталарын эскерткен.
Тагыраак айтканда, калаанын "Ала-Тоо" жана эски аянттарынан өтүүчү жол жабылат.
Жабыла турган жолдор:
Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейин;
Орозбеков көчөсүнүн Рыскуловдон Чүй проспектисине чейин;
Раззаков көчөсүнүн Рыскуловдон Чүй проспектисине чейин;
Кайгуул милиция жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Ош шаарындагы автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Ош шаарында коомдук транспорт 01:00гө чейин эл ташыйт
Жаңылыктар түрмөгү
0