Ош шаарында коомдук транспорт 01:00гө чейин эл ташыйт

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы автобустар. Архив
Ош шаарындагы автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жазылуу
Калаанын борбордук аянтынан жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн да коомдук транспорт уюштурулат. Жол акысы буга чейинки көлөмдө.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңы жылга караган түнү Ош шаарында коомдук транспорт 01:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматы билдирди.
31-декабрдан 1-январга караган түнү №1, №2 троллейбустук каттамдары жана №143, 155, 122, 125, 138, 107, 109, 112 маршруттук таксилер түнкү саат 01:00гө чейин каттайт. Борбордук аянттан жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн да коомдук транспорт уюштурулат.
Ал эми жол акысы буга чейинки баада болот.
Жаңы жылдык коомдук транспорт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Бишкекте 1-январга караган түнү коомдук транспорт жүрөт. График
Жаңылыктар түрмөгү
0