"Донбасс" эмнеге Кара деңизге чыккан жок? Чагымчылдык тыйылбайбы

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСевастополь после вхождения Крыма в состав Российской Федерации
Севастополь после вхождения Крыма в состав Российской Федерации - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
Жазылуу
Киевдик режим акылга сыйбаган чечимдерге, аскердик чагымчылдыкка жана башаламандыктарга жакын. Бул Украина Куралдуу күчтөрүнүн аракеттерине чагылып, аймактын коопсуздугуна коркунуч туудурат.
Москва кургактагы, деңиздеги украиналык чагымчылдыктарга жана НАТОнун РФтин чек араларына жакын эч бир "оюнуна" жол бербейт. Украина Аскер-деңиз күчтөрүнүн "Донбасс" кемеси Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК — ФСБ) чалгындоо кызматына алдын ала кабарлабастан Азов деңизинен Кара деңизди карай бет алган. Аталган кеме туура 52 жыл мурун ПМ-9 сууда сүзүүчү устакана катары деңизге кое берилген. Бул өңдүү чагымчылдыктар жана алардын болжолдуу кесепеттерине аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салды.
Кеменин экипажы улуу "өнөктөштөрүн" туурап "сүзүү эркиндигин" көрсөткүсү келгени, РФтин чек арасын бузууга ниеттенгени айдан ачык. Россиянын ФКК чалгындоо кызматынын жээк күзөтү чагымчылдыкты убагында токтотуп калган. Россия мыйзамдарынын талаптары жөнүндө эскертилген соң "Донбасстын" командири багытын өзгөртүп, Мариуполь портуна кайткан. Керчь-Еникаль каналы (фарватер) штаттык режимде ишин токтоткон эмес.
Украинанын аскер кызматкерлери машугуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Украинага 2008-жылы Грузия үчүн камдалган курал берилип жатабы?
Деңизде мындай чагымчылдыктар АКШ жана Украина президенттери Жозеф Байден жана Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө тегин жерден дал келбегендир. Бул кадам менен Киев согуштук маанайын жана Донбасстагы жарандык жаңжалды дипломатиялык жөнгө салууга Вашингтондун багытын кабыл албай турганын билдиргиси келгендей. Зеленский Донбасска байланыштырып "Москванын агрессивдүү ниетин" дүйнөгө көрсөтүүнү көздөгөн, бирок андай амал ишке ашпады. Россиянын ФКК чалгындоочулары кырдаалды көзөмөлгө алып, Украина Аскер-деңиз күчтөрүнүн чагымчылдыктары дароо бөгөттөлдү. Украинанын чектен чыккан бул аракетине АКШ жана НАТО үндөбөдү. Анткен менен Украианын коргоо министри Алексей Резников 10-декабрда: "Алар булуңдан 18 деңиз мили аралыгында болушкан. Бул 33 чакырымдан ашат. Чаабул россиялык тараптан жасалган. Гибриддик чабуул" - деп бул башаламандыкты чечкиндүү түрдө актады.
"Гибриддик чабуул" – Батышта кеңири тараган түшүнүк, айрыкча чындыкты айтуудан айбыккан учурда аларды оңой куткарат. Көбүнесе Европа биримдигиндеги миграция, европалык күйүүчү май рыногундагы кырдаал, Донбасстагы жарандык согушту баалоодо колдонулат.
Украина Аскер-деңиз күчтөрүнүн Керчен кысыгында кооптуу абалды жаратуу жоругу таптакыр жосунсуз, ал эми суудагы эскилиги жеткен устакана үч жылдан Бердянскиде курулуп жаткан аскердик база үчүн сүзүүчү казарма катары үч жылдан бери колдонулат.
Кокус түнкүсүн тийиштүү тарапка кабар бербестен Керчен кысыгынан өткөнүндө кемеге эскертүүчү ок атылмак, кеменин капталдары тешилмек, андай жагдай РФтен жүзүн бургандарды көбөйтүп, санкциялар жаңыланып, НАТОнун чырагына май тамызмак.
Америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Скотт Беннет "Донбасс" кемесинин РФ чек араларына жакындаганын "Россиянын коргонуу жөндөмүн сынап, аскердик жана саясий жообу кандай болорун байкап, акылга сыярлык жөндөмдөрүн баалоо иретиндеги текшерип көрүү" экенин белгиледи.
Инаугурация 46-го президента США Джо Байдена - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Путинден америкалыктар эмне күтүп, кандай коркутууларга барат?
Текшерип көрүштү, эми алдыда кезектеги чагымчылдыктар сөзсүз уюштурулары турулуу иш. Москва батыштык "өнөктөштөрүнүн" мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, Кара деңизде аларды чектөө аракетинде. 2018-жылы Украинанын Куралдуу күчтөрү "Керчен булуңун жирегенин" эч ким эстен чыгара элек.
Россиянын Кара деңиз флотунун мурдагы командачысы адмирал Владимир Комоедов Киев Азов жана Кара деңизде Москваны күч колдонуу менен жооп кайтарууга түртүү үчүн улам колтугуна суу бүркүй берерин айтат. "Мага аймактык согуштан кача албай калгандай туюлууда" - деп кейийт ал. Өтө орчундуу божомол.
РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов 9-декабрда НАТОнун аскердик атташелерин брифингге чакырып, украиналык багыттагы кандай чагымчылдык болбосун Россия токтотууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле РФтин жер бетиндеги стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн ок атуучу түзүлүштөрүнүн 95 пайыздан ашууну дайым колдонууга даяр турарын эскертти.
Коркунучтардын мизин катуу кайтарууга Россиянын негиздүү себептери бар. 9-декабрь күнү РФтин аба мейкиндигине жакын – Кара деңиздин үстүнөн НАТОнун Аскер-аба күчтөрүнүн беш учагы учту. Франциянын эки истребители, Кошмо штаттардын Аскер-аба күчтөрүнүн RC-135 жана CL-600 чалгындоочу учактары, ошондой эле франциялык май куюучу КС-135 учагы. Бир ай аралыгында жалпы 30дун тегерегинде учушкан. Бул былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 2,5 эсеге көп. Эске салсак, аскердик чалгындоо сокку уруучу күч жана каражаттардын кызыкчылыгында жүргүзүлөт.
РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы: 2021-жылы Кара деңизде Кара деңиз чөлкөмүнө кирбеген НАТОго мүчө мамлекеттердин, атап айтканда, Улуу Британия, Греция, Испания, Италия, АКШнын жалпы 26 аскердик кемеси аскердик милдеттерин аткарган. Жыл ичинде мындай сапарлар 10 пайызга жогорулап, арасында чагымчылдык аракеттер басымдуулук кылганын маалымдады.
Маневры Sea Breeze 2021 в Черном море - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
АКШ эсминецтери Украина үчүн салгылашабы?
Ошол эле учурда Киев Минск макулдашууларын аткарбай, Украина Куралдуу күчтөрү Донбасста жүздөгөн "Жавелиндер" (танкка каршы ракеталар) пайдаланыла баштаганын кабарлап, ал эми АКШ курал-жарак менен жабдууну күчөтүүдө.
Улуу Британиянын Башкы штабынын жетекчиси Тони Радакин Украинада тутанып калышы ыктымал Үчүнчү дүйнөлүк согушка өз өлкөсүнүн даярдыгын түз эле билдирүүдө. НАТОнун "чыгыш флангы" да саясий чекилик кетирип, Россия менен диалогго чакырган америкалык президент Байденди сынга алды.
Россиянын чек араларында катачылыктарын кайталап жатышканы – жөн гана кыр көрсөтүп, жамааттык Батыштын мурдагы кылымдагы "бир полярдуу" 90-жылдарды кайра калыптандыруу аракети. Ошентсе да эртеби-кечпи реалдуулукка кайтууга туура келет. Агрессорду тынчтыкка мажбурлоо боюнча РФтин Куралдуу күчтөрүнүн катаал операциялар форматында эмес, жагдай дипломатиялык жол менен чечилгени баарына жакшы.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0