Британиялык жоокерлер Украинадан качууга камындыбы?

© Фото / пресс-служба командования ДШВ ВСУУкраина жана Улуу Британиянын аскерлери
Украина жана Улуу Британиянын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Жазылуу
Кокус от тутанып кете турган болсо, британиялык аскерлер Украинадан качууга даяр. Аларды чыгарып кетүү пландары жөнүндө англиялык Daily Express басылмасы Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллестин кебине таянуу менен жазып чыкты.
Украина территориясында анын жоокерлери орустар менен согушпай турганына баарын ынандырып кетти. Бул белдүү гезит британиялык аскерлердин басымдуу бөлүгү Польшага жапжакын Яворов шаарынын аймагына жайгаштырылган. "Эгер Россия менен салгылаш башталып кете турган болсо", жоокерлер ушул өлкөгө көчүрүлөт. Украина жаатында Александр Хабаров чиймелеген макала РИА Новости сайтына жарык көрдү.
Украинадагы британиялык аскердик топтун саны туурасында так маалымат жок. Британиянын тийиштүү министрлигинин сайтында: "Британ армиясы украиналык куралдуу күчтөрдү баштапкы талаа, медициналык даярдыктан тарта көзгө атарлар, сооттолгон техника жана артиллерияга каршы күрөшүүгө чейин машыктыруу менен Украинага көмөктөшүүдө", – деп жазылган.
Талаа инструкторлорунан тышкары ал жакка киберкоркунучтардын алдын алуучу адистер да жөнөтүлгөнү белгилүү. Донбасс Эл Республикасынын Чалгын кызматынынын маалыматына таянсак, Донбасстын Киевге баш ийген бөлүгүндө ушул тапта химиялык курал боюнча британиялык адистердин тобу бар. Мындан улам Донбасс Эл Республикасы каршылаш тарап ууландыруучу заттар пайдаланылган чабуул коюуга камылга көрүүдө деген бүтүмгө келген.
2018-жылы Украинанын территориясында британ ханышасынын гибриддик 77-бригадасынын аскерлери бар деген маалымат чыккан. Аталган топ "заманбап согуш жана жаңжалдарды жөнгө салуу боюнча бүт мүмкүнчүлүктөрдү топтоо" үчүн түптөлгөн. Анткени согуш талаасындагы аракеттер дайым эле күч көрсөтүүнү талап кылбайт, башкача айтканда, маалыматтык согушту жүргүзүү үчүн керек. "Россия тараптан келген аскердик коркунуч" деп дуу кылып жаткан убакта бул Лондон үчүн принципиалдуу мааниге ээ.
Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү, Еврокомиссиянын төрагасынын орун басары Жозеп Боррель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Евробиримдик Россияга кантип доо кетиргиси бар?
Ушундай маанидеги макалалар британиялык медиа айдыңында күн куру эмес жарыяланууда. Таптакыр эле болбой калды дегенде коопсуздук маселелери боюнча британиялык министр Дэмиан Хайндс сымал "өзгөчө" кадамдарга барышат. Ал Россияны Улуу Британия үчүн кооптуу деген тизмеге кошуп салды. Эске салсак, бул категорияда Кытай, Иран жана Түндүк Корея бар.
Ал эми Россия менен АКШнын ортосундагы предметтик сүйлөшүүлөрдү утурлай Англия жан-алы калбай "айлакер" Кремлдин образын жаратууга чамынып турган чагы. Мында алар НАТО менен Россиянын ортосундагы алакаларга калыс баага жол бербөөнү көздөйт.
РФ үчүн коопсуздуктун кепилдигин талап кылуу менен Владимир Путин: "Россия өз чек араларында чоочун топторду көргүсү келбейт. Муну түшүнүш кыйын деле эмес. Элестетип көргүлө, маселен, Кытай Канада менен союз түзүп алса эмне болмок? Күчтүү мамлекеттер мындайга чыдабайт", – деп позициясын болушунча так билдирген. Бостон университетинин профессору Жошуа Шифринсон россиялык лидердин бул талабын адилеттүү деп эсептеген. НАТО жана Украина боюнча кеп Россияга карата кастык көз караштагы альянс тууралуу жүрүп жатканын кошумчалай кетели.
"Украина – европалык коопсуздуктун негизги маселеси, андан улам союздаштары Россия менен чогуу жүргүзгөн долбоорлордон баш тартууга да даяр. Мисалы, "Түндүк агым — 2" долбоору", — деп жазат британиялык аналитикалык борбордун кызматкери Чатем-Хаус Орыся Луцевич.
НАТО алкагындагы союздаштар Афганистандагы катачылыгынан жыйынтык чыгарган жок. Баса, Кабулдан качышканын АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "дүйнөнүн бөлөк бир бөлүктөрү үчүн күчтөрдү чыгардык" деп түшүндүргөн. Анткен менен эми алар дал кайсы жерде "аракет этишери" жөнүндө унчуккан жок.
Ошентсе да "Путин Украинага кол салганы жатат" деп кымгуут түшүп жатышканы менен Афганистандагы жеңилгендери унутула элек. Британиялык аскер жетекчилеринин да пландары анык, капыстан кагылыш чыгып кетсе жоокерлерин алып качууга даяр.
Ильич атындагы Мариуполь металлургия комбинаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Россия украиналык экономикага дале "ийнин тосот". Көмүр импорту тууралуу кеп
Каспий флотилиясынын кемеси портто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Каспий флотилиясынын кемелери порт которду. Жаңы деңиз базасынын артыкчылыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0