Евробиримдик Россияга кантип доо кетиргиси бар?

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүЕвропа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү, Еврокомиссиянын төрагасынын орун басары Жозеп Боррель. Архив
Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү, Еврокомиссиянын төрагасынын орун басары Жозеп Боррель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Жазылуу
Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү, Еврокомиссиянын төрагасынын орун басары Жозеп Боррель жалпы европалык дипломатияны жетектөө менен гана чектелбестен, блогерлик жайы да бар.
Еврокомиссиянын расмий порталына жакында эле Боррелдин "Чыгыштын күч саясатын кантип басаңдата алабыз?" деген макаласы чыкты. Аны талдап көргөн Елена Караеванын учкай макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Чыгыш дегени – Россиядан кеп салганы. Жозеп Боррель бул макаласында дипломат табиятынан дегеле четтеп, дискуссия тилин да өзгөрткөн. "Россиянын саясаты бүгүнкү күндө опузалоо менен шантаж аралашкан гибриддик аракеттери аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул окуяларга карата аракет көрүүдө жана чечим кабыл алууда биз бекем жана бирдиктүү болууга тийишпиз", – деп жазат ал. Кеп төркүнүн талдасак, биргелешкен Европа Россияны атаандаш катары да эмес, душман саноодо.
Боррель өз макаласында Париж хартиясын да эске салат. Анын пикиринде, дал ошол маалда "европалык коопсуздуктун азыркы тутуму" түптөлгөн. Бирок чындыгында бул хартия Жозеп Боррелге башка бир себеп менен көңүлүнө толору маалым. Анткени бул документте кансыз согуштун аяктаганы расмий түрдө катталган. Ал эми бейрасмий жагын да кошумчаласак, анда жеңүүчүлөр (жамааттык Батыш, НАТО өлкөлөрү, ЕБ) жана утулган тарап (Советтер Союзу) аталган.
Кийинки баскыч – СССРдин ыдырашы геосаясий эмес, саясий-технологиялык маселеге айланган. Бул – Маастрихттеги макулдашууга кол коюлушу. Россияны "таасир этүү зоналарынан" ажыратуу далалатынын башаты – дал ошол документ. Эң оболу ошол саясаттын курмандыгы – Югославия болду.
 Россия лидери Владимир Путин жыл сайын өткөргөн маалымат жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
Путин Батыш эмнеге Россияга кысым көрсөтүп жатканына токтолду
Кан төгүлүп, миңдеген адам жан чыдагыс азап тартып, набыт болуп, эл аралык укуктун бардык жоболору бузулган, бирок мындай ниетти көздөгөндөр аларды кайдан эске алсын?
Өз чек араларын кеңейткен Европа биримдиги экинчи баскычка өттү. Вашингтон да, Брюссель да чындап эле Россиядан анын жакынкы коңшуларын ажыратып алууну чечти.
Грузиянын тамырын тартып көрдү эле, каалаган жыйынтык ала алышпады. Украина менен экинчи жолкусунда гана натыйжасын көрүштү. Беларусь жаатындагы тилеги таш капты.
Ошондо санкцияларды киргизүү менен Россияны экономикалык жактан майтарууга тырышты. Анткен менен евроаймак каатчылыктан баш көтөрө албай жатканда Россия өсүшкө жетти.
Евродипломатиянын башчысы бир жагынан Россияга каршы аракет этүүгө тийиш деп үндөйт да, экинчи жагынан Европа биримдиги жалпы газдын 40 пайызын Россиядан аларын моюнга алып, "Москва газ менен жабдуу боюнча өз милдеттерин аткарат, бирок муну шантаж катары пайдаланууда" – дейт.
Кандай болгон күндө да Россияга каршы күрөшкө мындай даярдык эмне менен аяктаарын жана Европага кандай кесепети болорун эске салуу зарыл өңдөнөт.
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
"Булар эмне деп жатышат?". Батыш Россияга кантип жооп берерин билбей турган чагы
Жаңылыктар түрмөгү
0