"Булар эмне деп жатышат?". Батыш Россияга кантип жооп берерин билбей турган чагы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
Жазылуу
Кулак түрүп, таңданып, апкаарып, калтаарып... Россиянын тынчтык демилгелерине Батыштын алгачкы реакциясы ушундай болду.
Маңыздуу жана болуп көрбөгөндөй сунуштар жаңырганына карабастан Батыш медиасынын көп бөлүгү, айрыкча европалык басма сөз бул окуяны кандай өңүттө чагылдырууну билбей бир топко буйдалып турду.
Немец саясат таануучу Александр Рар баамдагандай, Европанын бир дагы маалымат каражаты Москва тарабынан сунушталган келишимдердин долбоорлорун аздыр-көптүр жарыялоого батына элек. Батыштагы ар кандай "кремль таануучулардын" пикирлерин тыңдасак, алардын бул сунуштардын тили жана ачыктыгына таң калып ишене албагандары сезилерин белгилейт серепчи Владимир Корнилов. Анын бул тууралуу макаласын РИА Новости сайты жарыялады.
Соңку 30 жыл аралыгында Батыштагылар башкалардын алар менен ачык, так, ошол эле учурда тийиштүү деңгээлде катуу сүйлөшпөгөнгө кынык ала түшкөн көрүнөт. Эксперттери ушул тапта Россиянын жагдайды жайгарууга, реалдуу түрдө куралсыздандыруу, дүйнөнү өзөктүк бүлгүнгө кабылышына жеткирбөөгө чындап өбөлгө болчу сунуштарын өз коомчулугуна кантип сунууга баш катырууда.
Ала кушту атынан аташса, мурда жайылтып келген Россиянын "табигый агрессия" жөнүндөгү ойлорун өздөрү четке каккан болушат. Дал ушул себептен алар тынчтык демилгелери экенин эч убакта айтууну туура көрүшпөйт. Маалымат каражаттары "талаптар" жана "ультиматум" деп атагандарынан улам алар өз окурмандарына Россиянын тынчтык демилгелерин да шантаж жана коркунуч катары көрсөтүп кое аларын боолголосок болот. Мисалга, Германиянын DW мамлекеттик маалымат агенттиги "Россия НАТОдон Чыгыш Европадан чыгып кетүүнү талап кылууда" деп маалымдайт.
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
АКШ Россиядан кечирим суроого аргасыз болобу? Ой толгоо
Эгер немецтер келишимдин долбоору менен кылдат таанышып чыкса, НАТОнун кайсы бир жактан чыгышы эмес, жайылуусун токтотуу сунушталганын баамдашмак. АКШнын Россиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфол да түшүнбөй калгандай, же балким тек гана ошондой түр көрсөткүсү да келгендир: негизинен аскердик инфраструктураны бири-биринен кооптуу аралыкка жылдырбастан абалды азыркы деңгээлинде сактоо сунушталууда. Америкалык дипломат Кремлдин демилгелерине жооп катары Приднестровьеден россиялык күчтөрдү чыгарып кетүү, Түштүк Осетия жана Абхазияны таануу чечиминен баш тартуу, "Крымды Украинага кайтаруу" жана башка ушул өңдүү өз сунуштарын ортого салды.
Батыш медиасы да ага удаа эле коомчулукка бул катуу талап экенин ишендирүү далалатында. Маселен, Axios сайты: "Россиянын талаптарын эксперттер максималисттик жана кабыл алынгыс деп мүнөздөөдө", – деп жазды. Ал эми андан ары АКШ менен НАТО гана өз жоопкерчилигине ала турган милдеттер тизмеленген.
АКШнын Украинадагы мурунку элчиси Стивен Пайфер да дал ушундай ойдо. "НАТО — Россия жана АКШ келишимдеринин москвалык долбоорлору Батышта кабыл алынбай турган талаптарга жык", – дейт ал. "Россия боюнча негизги адистер" деп саналган эксперттердин пикирлеринин көпчүлүгүндө ушундай ой камтылат. Анан карапайым америкалык окурманда кандай ой жаралат? Болбосо, НАТО менен, АКШ менен өзүнчө келишимдин долбоорлорунда дал ошол өз ара милдеттенме жана кепилдиктер гана сунушталат.
Көшөгө артында россиялык дипломаттар Батыштагы кесиптештерине бул демилгелер четке кагылса кесепети кандай болорун кеңири түшүндүрүп жатышкандыр. Ал эми эл алдында Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко: "Анда биз да жаралган кооптуулуктарга чара көрүү режимине өтөбүз. Ошондо эмнеге мындай чечим кабыл алганыбызды, эмне үчүн мындай системаларды жайгаштырганыбызды суроого кеч болуп калат", – деди. Дипломатиялык тилге тиши өтө бербегендерге тек гана документтердин текстин тыкыр окуп, Россия Батыштан кырдаалды ырбатпоону талап кылып гана эмес, өзү да бир катар милдеттенмелерди алып жатканына көңүл бөлүүгө кеңеш берер элек.
Шамал электр станциялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жашыл экономика. Каатчылык менен кем акыл саясатчылардын символу
Эгер Грушконун сөзүн долбоорлордо камтылган милдеттенмелерине салыштыра турган болсок, жөнөкөй эле бүтүм чыгарууга болот: мындай тынчтык демилгелерден АКШ жана НАТО баш тарта турган болсо, Россия коргонуу тутумуна жаңы коркунучтарга жооп катары бөлөк өлкөлөрдүн территориясын пайдаланууга толук моралдык укук алат. Ал тургай россиялык ракеталар жана өзөктүк куралдар да өлкөнүн тышында болуп калышы ыктымал. Анан да бул жалгыз Беларусь эместир... Эске салсак, ал аталган типтеги куралдарды өз аймагында пайдаланууга даяр экенин билдирген. Россиянын өзөктүк жана ракеталык инфраструктуралары үчүн базалардын орду Вашингтонго өтө эле жагымсыз болушу мүмкүн. РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков тегин жерден азыркы каатчылык менен Кариб апаатын салыштырбаган чыгар. Батыштагы көпчүлүк эксперттер Россиядан потенциалдык коркунучтардын баарын эмнегедир "Украинага кол салуу" менен гана байланыштырууда.
Британиялык башкы "кремль таануучу" Эдвард Лукас, мисалы, The Times гезитинде Россиянын бүтүндөй Азов жээгин басып аларынан чочулаганын сүрөттөйт. Анан да: "Күрөш (балким өзөктүк куралды шилтегилөө да болушу мүмкүн) 1945-жылдагы Сталин менен түзүлгөн Ялта макулдашуусунун үлгүсүндөгү жаңы долбоор менен аяктабаса эле болду. Мен ошондон корком", – деп санааркаганын жашырбады.
Дагы бир Россия боюнча адис, RAND изилдөө корпорациясынын өкүлү Сэмюэл Чарап The New York Times басылмасында: "Дипломатия компромисс менен ийкемдүүлүктү талап кылат. Адатта бул – кескин талаптардан баш тартуу. Маңызында бул дипломатия эмес. Анын карама-каршысы", – деп кейийт. Украинаны альянстын катарына кошпоо боюнча эч кандай компромисстерди кабыл албай турганын кайра-кайра кайталаган Йенс Столтенберг ушул ойду окуса эмне?! Чараптын оюнда НАТО менен дипломатия бири-бирине шайкеш келбейт же америкалык талдоочулардын пикиринде, эмнеликтен жалгыз гана Россия компромисс жана ийкемдүүлүктү көрсөтүүгө тийиш?
Азыр гана НАТО лидерлери Россияга XXI кылымда "таасир этүүчү чөйрөлөр" кабыл алынгыс экенин айтууда. Кезегинде абадан коргонуу тутумдарын чектөө боюнча сүйлөшүүлөрдө америкалыктар "өз каалоолорунун тизмегине" Россия Кубадан окуу бригадасын алуусу шарт деген пунктуну киргизгенин эске салат Грушко.
"Россия боюнча адистердин" пикирлеринде эң тынчсыздандырган нерсе — учурдун кыйындыгын аңдап, кооптуу чекти түшүнө билбегендиктери. 30 жыл оболу СССРдин ыдырашына маашыркаган алар кооптуулук жана ага каршы чара көрө билүүнүн тең салмактуулугуна негизделген дүйнөнүн туруктуулугу алкоого татырлык эмес. Ал эми андан да коркунучтуусу – ооздуктай билчү жана тең келчү күчтүн жоктугунан тараптардын бири эле улам кооптуулукту күчөтө берген дүйнө. Мындай жагдай адамзатты кейиштүү кесепеттерге кептеши ыктымал.
Дал ушул себептен Россия бул кооптуу чийинден оолактоону сунуштап, андай болбогон шартта кандай чара көрөрүн ачык эскертүүдө. Батыш акыры жалпыны жан кейитерлик абалга тушуктура турган кооптуулуктан көрө жаңы Ялта келишиминин оң болорун түшүнгөнү оң.
Россия Кремли жана Тышыкы иштер министирлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Россиянын Батышка талабы: ал кабыл алынбаса жагдай кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0