Чекисттерди четинен жумшарткан. Аман Токтогулов тууралуу кызыктуу 11 факт

© из семейного архива ТоктогуловыхАкын, адабиятчы, котормочу Аман Токтогулов. Архивдик сүрөт
Акын, адабиятчы, котормочу Аман Токтогулов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Жазылуу
Аман Токтогулов адабияттын кайсыл тарабында иштебесин, мейли ыр жазабы, мейли сын жазабы, мейли котормо өнөрүндө иштейби, мейли тексттерди редакторлойбу, мейли көпчүлүктүн ортосунда сөз сүйлөйбү – баарында алдыңкы сапта жүрчү.
Жараткан ага келишкен чырайды да, ченемсиз талантты да, оозуна сала берген керемет сөздү да берген. Бирок өмүрү кыска экен, кырк жети жашында биздин арабыздан бөлүп кетти. Биз бүгүн кыргыз адабиятында айтар сөзү көп болсо да айтып үлгүрбөгөн акын, адабиятчы, котормочу Аман Токтогулов тууралуу 11 факт сунуштайбыз.
Таластын Көпүрө-Базар айылында өткөн балалык. Аман Токтогулов Таластын баш жагындагы Көпүрө-Базар деген айылда, 1945-жылы 26-июлда туулган. Бул айыл – Талас өрөөнү өрлөп барып, тоолорго чыгып кетчү, таза абасы менен көк кашка суусу, ачык асманы менен керемет жайлоолору суктандырган, мал-жанга жайлуу айыл. Атасы көп нерсеге топук кылган, жараткандан жакшылыктарды гана күткөн киши белем, биринчи уулуна Эсен, экинчи уулуна Аман, үчүнчү уулуна Түгөл (бай) деп ысым ыроологон. Булар менен бир туугандай дагы бир Мөөркөн деген эжеси болгон. Кыздын ата-энеси каза болуп, жездеси Токтогул, эжеси Бермет багып алат да, буларга бир тууган болуп калат. Амандын апасы 15 жашында турмушка чыккан, алты жылдан кийин кыздуу болуп, бирок анысы буюрбайт. Анан Мөөрканды эш кылып жүргөндө өйдөдө айтылган үч баласы төрөлөт. Аман алтыга келгенде 51 жаштагы атасы Токтогул көз жумат. Бермет 32 жаш куракта чиедей үч бала менен жесир калат. Таятасы казал жазчу, комуз чертчү, кулакка тартылып, айдалып баратканда ошол жазган ырларын өрттөп жибериптир. Ошол бойдон ал киши дайынсыз кетет. Таенеси Чүйдүн кызы болуптур. Аман Токтогуловдун иниси Түгөлбай Казаковдун эскерүүсүнө караганда, атасы Амандын мугалим болушун каалачу экен. Бала чактан китепкөй болуптур, мектеп китепканасындагылардын баарын окуп чыгыптыр, мектептин дубал газетасын чыгарып, драмалык ийримине катышып, ролдорду да аткарчу экен. Айылда жүрүп ыр жазып, алары "Кыргызстан пионери" гезитине басылган учурлары да болгон. Эжеси Мөөркан мындай эскерет: "Студент кезимде каникул убагында бир курдай Куприндин "Белый пудель" жана "Зоя Космодемьянская" деген эки китепти көтөрүп алып жайлоого келдим. Ата-энебиз жайлоодо мал багышчу. Ошондо Амантай менин колумдагы китептерди көрө калып, свет жок болгондуктан кучактап жатып уктады. Эртең менен таң атпай боз үйдөн эшикке чыксам, таштын үстүнө чыгып алып окуп атыптыр. "Китепти мынча жакшы көрөрүңдү билгенде бир кучак кылып алып келбейт белем" дедим. Ошондо 5-6-класста окуган бала эле. Эс тарткандан "мен 30 жашка чыккычакты пайдалуу бир нерсе кылышым керек" деп айтып калчу". Бала кезде казактардын "Камма жай" деген ырын өзгөчө берилүү менен ырдачу экен.
© Фото / из семейного архива ТоктогуловыхБелгилүү акын, котормочу, адабиятчы Аман Токтогулов (экинчи катарда, оңдо) жакындары менен.
Известный поэт, переводчик, литературовед Аман Токтогулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Белгилүү акын, котормочу, адабиятчы Аман Токтогулов (экинчи катарда, оңдо) жакындары менен.
Жазуучулар чөйрөсүнө өтө жаш аралашып, дароо эле алардын лидери боло алган. 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирет да, адабий чыгармачылыкка киришет. Ал жерде Омор Сооронов, Курбанбай Калдыбаев сыяктуу дымактуу жаштар менен бирге окуйт. 1967-жылы окуусун мыкты бүткөндөн соң аны Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна окутуучулукка жиберсе, эмнегедир ал жакка барбайт. Окууну жаңы бүтүргөн жаштардын түшүнө да кирбеген ишке – Жазуучулар союзу менен Маданият министрлигинен органы болгон, жаңы эле чыгып, өтө популярдуу болуп жаткан "Кыргызстан маданияты" газетасына ишке орношот. Кабарчылыктан сын бөлүмүнүн башчылыгына көтөрүлөт. Ошол жылдарда ал уюштурган "Акындарга үч суроо", "Адабиятыбыздын алгачкы башатына көз чаптырсак" деген темалардагы талкуулар кыргыз адабиятынын тарыхындагы эң урунттуу окуялардан болгон. 1972-жылдан бир аз "Ала-Тоо" журналынын сын бөлүмүн башкарат. Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук комитети аны 1973-жылы "Кыргызстан маданияты" газетасына баш редактордун орун басары кызматына дайындайт да, ал кызматта эки жыл иштейт. Ошентип адабияттагы жолу шыдыр кетет, чыгармачылык менен көп алектенет, кыргыз адабий сынынын өсүүсүнө аябай жан үрөп киришет, жаш сынчылардын жаңы муунун тарбиялоого салым кошот.
Бирок жашоо-тиричилиги кыйындай берет. Ал 1966-жылы 4-курсунда Сейилбүбү Жанышова деген кызга үйлөнөт да, батирден батирге көчүп жашап, ошондой жашоодо кыздуу да болот. Азыркы "Орто-Сай" базары турган жерде жалаң кыргыз студенттери бир катар гана кирпич уруп, үстүн толь менен жаап алган, биринин үйү бирине тийип турган жалпак тамдарды салып алышкан. Аман да ошондой кылды. Ошол учур тууралуу кийин Алым Токтомушев жана Уран Ботобеков менен маегинде мындай дегени бар: "Университетти бүткөн соң редакцияларда иштеп, качан үй алам менен жүрдүм... Кызым башталгыч класста окуйт. Бир күнү өзүңөр жашаган үйдүн сүрөтүн тартып келгиле дептир. Тартса керек кызым, мордон чыккан кара түтүндү асман тиретип. Класстын баары "ушундай да үй болобу" дешет. Көзүбүз менен көрөлү деп келишиптир. Балдар – балдар да, үй-жайы кең-кесири, бардык шарты бар орус балдары, кыздары. Анда... "Кыргыз маданиятында" баш редакторго орун басармын. Жыйырма сегиздемин. Адабий жыйындын бирин калтырбай катышып сүйлөп, сын артынан сын жазып, дегеле бышыксынып турган кезегим. Расул Гамзатовдун "Менин Дагестаным" повестинин эки китебин тең кыргызчага которуп, басмадан чыгарып салгам. Чыгармачылыктан башка мүдөө жок, жазсам эле деп турган чак. Үйдөн гана кыйналып, жүдөп жүрөбүз. Райком, шааркомдон мына беребиз дейт, беришпейт, ана беребиз дейт, беришпейт. 1974-жылдын күзү. Жакында кыш келерин ойлосом көңүл чөгөт, кыжыр келет. Күндөрдүн биринде кабинетке шып этип бир жигит кирип келди. КГБдан (СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитети – М.А.) экен. Ошондон жарым жылча мурда бекен, айтор, эки жигит КГБдан келип: "Бизге журналисттер керек, сени ишке алалы, үйдөн кыйналып жүрүпсүң, билебиз, бизде бу жагынан түзүк. Кийинки эле жылдары үч-төрт үй салдырып, кызматкерлерди квартира менен толук камсыз кылдык, барсаң тез эле үйлүү болосуң" дегенинен, мен так кесе "барбайм! " деп койгом. КГБда иштесем деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сын жазып, которуп китеп чыгарып, гезит ишине баш-отум менен кирип алган мага КГБга эмне бар?! Ошо менен сылык-сыпаа коштошуп кетип калышкан. Ошентип КГБдан дагы бир киши келди. Бир аз сүйлөшкөн соң, "үйдү качан алчудайсың?" деди шар эле. "Белгисиз" дедим. "Анда мен атайы келдим, бизге ишке барсаң, жакында үч бөлмө үй бошоду, ошого киресиң, ойлонуп көр да жообун тез бер, эртең же бүрсүгүнү келем", – деп шарт чыгып кетти. Отуруп эле калдым. Кышты эстедим. КГБ эмес, түрмөгө болсо да, үй берсе барайын дедим ичимден. Айткан күнү тиги жигит келди. "Силерге барса барайын, бирок мага ылайык кызматыңар барбы?" – дедим. "Бизде архивдин чети оюлбай жатат, ошону бир карап чыгып, иретке салып, жарыкка чыгарууга даярдай турган журналист керек", – деди. "Андай иш болсо колуман келер", – деп ичимен сүйүнүп кеттим. Эч кимге айтпа деген, аялыма да айткан жокмун. Ошол. Ошо менен баягы "Вторжение бравого солдата Швейка в мировую войну" дегендей, КГБга "вторгаться" этип кирип бардым. Аялым "Сен эми милийса болосуңбу, эч барба, үйү жок эле жүрөбүз, КГБны элдин баары жаман көрөт" деп бууракандап ыйлап, аябай убара кылды. Болор иш болду, эмне кылам?!" Ошентип, ал 1974-жылы сентябрь айында КГБга жумушка кирди, жыйырма күндөн соң комитеттен үйлүү болду.
© Фото / из семейного архива ТоктогуловыхАман Токтогулов жазуучулар чөйрөсүнө өтө жаш аралашып, дароо эле алардын лидери боло алган.
Известный поэт, переводчик, литературовед Аман Токтогулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Аман Токтогулов жазуучулар чөйрөсүнө өтө жаш аралашып, дароо эле алардын лидери боло алган.
Адабиятчы-чексттин ачылыштары. Аман Токтогулов ошол күндөн аталган жашыруун уюмда иштеп калды. Болгондо да совет өкмөтү менен коммунисттик партия "кара сандыкка" салып жаап койгон архив колуна тийди. Ал жерде "замана агымындагы" делген Калыгул Бай уулунун, Кылыч Молдонун, Нияз Молдонун, дагы башка-башкалардын ар ким жыйнап келген чыгармалары жаткан. Аларды окуду. Түшүндү. Бирок чыгарууга эрте эле. Совет өкмөтүн сындап жазган, айтылуу түрмө ырларынын автору Казыбек Мамбетимин уулунун казалдары менен таанышты. Ага баа берди. Казалчынын ырларын жана ал тууралуу материалдарды КГБнын коркунучтуу архивинен алып чыгып, мунун орду бул жакта тура дегендей кылып, Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун ошол кездеги директору, Казалчынын жердеши Абдыкадыр Садыковдун өз колуна тапшырды. "Басмачылар" деген кыймыл тууралуу материалдарды алып чыкты, алардын негизинде Төлөгөн Касымбеков "Ак кызмат" деген документалдуу повесть жазган. Университеттин студенттерине уруу-уруктар тууралуу дарс өтөт деп этнограф-тарыхчы Сабыр Аттокуровду айыптап жатышканда, ал кишини актап берди. Жазуучулар бири-биринен үстүнөн арыз жаза бергенде, ошолордун баарын Аман Токтогулов карап жүрүптүр. Анын мындай деп айтканы бар: "Мен иштеп турган маалда кыргыз жазуучуларынын бирине да, айталы, "улутчул" же "антисоветчик" деген жарлык жармаштырылган жок. Жазуучулар биринин үстүнөн бири арыз жазып жибермейлери бар, аты-жөнүн көрсөтпөй, "окуучулардын атынан" деп, мына ошолор боюнча гана териштирүүгө туура келди. Маселен, маркум Турар Кожомбердиевдин "Күн чыгышым" деген ыры "Бизди күн чыгыштагы Кытайга кошулууга үндөп жатат, мунун көмүскөдө саясий мааниси өтө жаман" деген арыз түшүп, мен ал ырда андай балакет жок экендигин далилдеп, үзүктөй справка жазып, акыры маселе БКнын ошол кездеги экинчи секретары Пугачевдон зорго чечилгени эсимде. Турардын көңүлү кирдебесин деп, мен бул ыплас кат жөнүндө ага айткан да эмесмин... 1974-жылы ишке алынганда Эрнис Турсунов менен Кубатбек Жусубалиев жөнүндө түшкөн материалдар толуп кетиптир. Адабиятты түшүнбөгөн, талант эмне экенинен кабары жок, жөн эле турган ырдан же аңгемеден саясий же идеологиялык ката таба салганга уста чекисттер экөө жөнүндө ушу жазуучулардын эле өзүнөн "агентуралык билдирүү" ала бериптир. Эрнис Турсуновдун материалдарын шак эле жаап, өрттөп жибердик. Кубатбек Жусубалиев жөнүндө ошо кездеги төраганын орун басары Демидевге кирип, "Жөн жүргөн эле кишиден эмне диссидент чыгара албай жатабыз, качантан бери китеби чыкпайт, андан көрө жардам бербейлиби, БКга айтсаңыз, чыгарышсын" десек, а киши ак үйгө барып, бул маселени чечип келди. "Толубай сынчы" китебине ошентип жол ачылган. Натыйжада, КГБ бир күчтүү диссиденттен айрылды, окурмандар бир укмуш жазылган китепке ээ болду. Мына ушу сыяктуу эле мисалдар". Ошентип Аман Токтогуловдун аракети менен бир катар жазуучулар ак болуп калса, бир катарларын актоого күчү келбей калган. КГБда бири-биринен коркуп-үрккөн чекисттер күлбөй да, чогулбай да жүрсө, Аман Токтогулов баргандан кийин конторанын аба ырайы өзгөрүп, аския айтылып, анын кабинетине офицерлер бир күлүп алууга келишчү экен.
Таланттуу адабий сынчы жана адабиятчы болгон. Адабий чыгармаларды ал ийне-жибине чейин жеткире талдаган. Ушул кезге чейин эле жигит кезде жазган "Граждандуулуктун оту", "Кардиограмма", "Көркөм сөз милдети" деген сын макалалары, "Кыргызстан маданияты" газетасында жүргөн "Акындарга үч суроо" деген талкууну жыйынтыктап, аталган газетанын башкы редактору Касым Каимов, сын бөлүмүнүн башчысы Санарбек Карымшаков менен шериктеш жазган "Азыркы поэзиябыздын айрым маселелери" деген макаласы окумдуулугу, анализдеринин аргументтүүлүгү, эстетикалык табитинин жогорулугу менен айырмаланат. Жеңижок Өтө уулу тууралуу эч ким батынып айта электе анын чыгармаларын өтө жогору баалап макаласын жазган, китебин түзүүгө жана чыгарууга катышкан. Токтоболот Абдумомуновдун "Жыгылган ооганга күлөт" драмасы тууралуу пикирин айткан. Кыргыз окурмандарына Уолт Уитмендин, Иван Крыловдун чыгармалары тууралуу кенен-чонон кеп козгоп берген. Мына ушул аз, бирок саз жазган адабий сын жана адабияттын тарыхы тууралуу эмгектери анын 1975-жылы чыккан "Поэзияга мамиле" деген китебине киргизилген жана бул китеп дароо эле сейрек китептердин катарына кошулган.
Оригиналдуу акын. Мектепте, университетте ыр жазып жүрсө да, анын биринчи поэтикалык китеби 1980-жылы гана "Ибарат", экинчи китеби 1982-жылы "Барал" деген ат менен чыккан. Анын ырлары чыныгы дили менен жазылып, ойду эркин жана тартынбай бергендиги менен айырмаланат. Атайын кызматта он алты жылдай иштөө аны ыр жазуудан алаксыткан, эргүү алууга кылган иши мүмкүнчүлүк берген эмес. Ошону үчүн да ал поэзияда да, сында да, котормодо да өзүнүн мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана албай калган.
© Фото / из семейного архива Токтогуловых Жакындарынын Аман Токтогуловдун "мен 30 жашка чыккычакты пайдалуу бир нерсе кылышым керек" деп көп айтканын эскерген жайы бар.
Известный поэт, переводчик, литературовед Аман Токтогулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Жакындарынын Аман Токтогуловдун "мен 30 жашка чыккычакты пайдалуу бир нерсе кылышым керек" деп көп айтканын эскерген жайы бар.
Котормочу. Таланттуу киши эмне жазса да талантын көрсөтө берет дегендей, Аман Токтогулов кыргыз котормо өнөрүн кыйла байытты. Бир орус жок айылда өсүп, жогорку окуу жайында кыргызча окуп анан орус тилин терең өздөштүргөнүнө таң каласың. Баарынан мурда ал которгон Расул Гамзатовдун "Менин Дагестаным" китебинде автордук стилистика, анын ичинде юмор да, философия да, жорго сөздүүлүк да өз-өз ордунда берилип, авар акынын "кыргыз” кылып таштаган. Кайсыл кылымда болбосун кыргызча которулган мыкты котормолорду атагыла десе, ушул котормо сап башында турат болуш керек деп эсептеймин. Дагы бир мыкты котормолорунун бири Иван Крыловдун тамсилдери менен жогорудагы эле Расул Гамзатовдун уламыштары. Андан башка да бир катар пьесаларды которгон экен, алары сахнада бир-эки коюлуп эле билинбей калат экен – ошондой болду. Анын котормочулук дарамети ашып-ташып турган кезде кыргызчага орусчадан оодарган дагы бир эмгектери Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын үчүнчү бөлүмү, "Чыңгыз хандын ак булуту" повести. Залкар жазуучу бул маанилүү чыгармаларын өз эне тилинде сүйлөтүү милдетин Аман Токтогуловго бекеринен берген эместир...
Чыңгыз Айтматов жана Аман Токтогулов. Таластын бул эки залкарынын жолу бир топ жерде кесилишкен. Алардын көрүнүктүүсү – Жеңижоктун китебин чыгаруу. Анда Чыңгыз Айтматов баш сөз жазса (жазуучунун кадыр-баркы китептин басылып кетиши үчүн өтө керек болгон), Аман Токтогулов аябай ар тараптуу, кенен, окурман үчүн түшүнүктүү кылып соңку сөзүн жазган. Дагы бир байланышы – жазуучу өз чыгармаларын өзү которгон эмес, биринчи айылдашы Ашым Жакыпбековго, экинчиси ушул Аман Токтогуловго ишенген. Чыңгыз Айтматовдун бир топ макалаларын, маектерин которуп кыргыз окурмандары менен тааныштырып тургандардын бири да ушул Аман Токтогулов болгон. Экөө жанаша басып, масштабдуу проблемаларды сүйлөшкөн учурлары да көп эле кездешкен. Бир жолу Расул Гамзатов Кыргызстанга келгенде аны менен Аманды "Менин Дагестаным" китебиңизди которгон ушул жигит деп тааныштырат да, кулагына акырын кыргызча шыбырап "деги кыргыздар окуп атабы" деп коёт дешет.
Мүнөзү, жүрүш-турушу. Аман Токтогулов кичи пейил, ак көңүл, маданияттуу, ийкемдүү, илбериңки, өзүн таза, тыкан алып жүргөн. Улуу менен кичүүгө тегиз караган. Оозун ачса, өпкө-жүрөгү көрүнгөн. Шахмат ойногондо атаандашын "Азыр оозуңду Ошту каратып коём" деп тамашалашып, алгач психологиялык чабуул коюп алган. Адамдын не айтарын кабак-кашынан сезип турган. Оюн эркин билдирип, логикалуу сүйлөп, турмушта шарт жүргөн. Азилкеч болгон. Он адам турса, ошолордун баарынын көңүлүн өзүнө буруп, лидер болуп алган, ушундайда Салижан Жигитов экөө болсо кеп тыңшап тургандар алардын оозеки сөздөрүнө, мыскылдуу тамашаларына, орундуу аскияларына жыргап калчу...
© Фото / из семейного архива ТоктогуловыхОшол кезде көп айтылбаганы менен Аман Токтогулов КГБда иштеп жүрүп, кыргыз акын-жазуучуларын андагы негизсиз күнөөлөөдөн, каралоодон сактап калганы эми белгилүү болуп отурат.
Известный поэт, переводчик, литературовед Аман Токтогулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Ошол кезде көп айтылбаганы менен Аман Токтогулов КГБда иштеп жүрүп, кыргыз акын-жазуучуларын андагы негизсиз күнөөлөөдөн, каралоодон сактап калганы эми белгилүү болуп отурат.
Кыргыз демократиясынын башында тургандардын бири. Ал 1990-жылдан Автордук укуктардын бүткүл союздук агенттигинин (ВААП) кыргыз бөлүмүн башкарган. Ошол эле кезде демократиянын желаргасы келип, Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) деген жаңычыл да, элдин колдоосуна ээ болгон да уюм уюштурулганда, анын теңтөрагалары Казак Акматов менен Топчубек Тургуналиевдин чакыруулары менен биринчи эркин газета болгон "Майданды" негиздеп, башкы редакторлук кызматты аркалап да берген. Бул басылма Ала-Тоо аймагында жаңыча ойдун, демократиялык принциптердин жаралышында, бийликти алмаштырууда чоң роль ойногон. Анын биринчи саны 1991-жылдын 9-февралында жарык көргөндө демократтар туңгуч баладай жүздөрүнө сүртүшкөн.
Үй-бүлөсү. Аны менен ысык-суукту тең таткан жубайы Сейил Жанышова менен Айнура, Султан, Элмира деген үч балалуу болушту. Иниси – атактуу композитор, обончу, аткаруучу, коомдук ишмер Казаков Түгөлбай Токтогулович. Бир тууганы жана балдары көзү өткөн соң да Аман Токтогуловдун "Таберик" (1997), "Талантка таазим" (2010) деген китептерин, Расул Гамзатовдун "Менин Дагестаным" китебинин котормосун чыгарып, 1993-жылы Талас облустук китепканага атын берүүгө чоң салым кошту. Аман Токтогулов атайын кызматта иштеп жүргөндө, жумушуна байланыштуубу – кан басымы тез-түз көтөрүлүп кетчү оору тапкан. 1992-жылы да жумушуна барып, түшкө чейин иштеп кан басымы өтө жогорулап, үйүнө келип оо дүйнөгө кете берди. Санаалаш агаларынын бири, жазуучу, котормочу Ашым Жакыпбеков айткандай, ал кыргыздын "алаканына түшкөн кут эле", ошол кутту биз кармап кала албадык. Анын сөөгү туулган жерине – Таластын Көпүрө-Базарына коюлду.
Ачык китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Сүйүү аңгемесин аткаминерлер катып окушкан. Орозбек Айтымбетов жөнүндө 12 факт
Кубатбек Жусубалиев Далай Лама менен. 2015-жыл  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Далай-ламага жолуккан кыргыз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө 16 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0