Сүйүү аңгемесин аткаминерлер катып окушкан. Орозбек Айтымбетов жөнүндө 12 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековАчык китеп. Архив
Ачык китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
Кыргыз прозасынын классигине айланган, жазуучулардан өзгөчөлөнгөн, жылдызы бирде жанса, иши бирде кедерилеген, чыгармачылыкка сүңгүп Акаевдин бийликтен кеткенин далай күндөн кийин уккан Орозбек Айтымбетов жөнүндө сөз кылабыз.
Орозобек (Орозбек) Айтымбетов 1947-жылы 16-августта андагы Рыбачье, азыркы Балыкчы шаарына жакын Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Камыш айылында туулган.
Сары-Камыштын кулунунун башкаларга окшобогон балалыгы. Жигит курагына эми киргенде мектепти бүтпөй туруп эле 1964-жылы Рыбачье шаарына келип, "Ысык-Көл кемечилиги" ишканасына матрос болуп жумушка орношуп алат. Рыбачьедеги №2 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепти 1965-жылы кечкисин окуп бүтөт. Ошол кезде шаарда бир эле мезгилде футболдук команданын капитаны да, оюнчусу да, машыктыруучу да (кошо ойногон машыктыруучу) болуп жүрүп, спортчу катары таанылат. Шамалдуу шаар Балыкчынын баш бербеген балдарын сабап, далай хулигандарын өжөрлөнүп, мушташып-тиштешип кууп жүрүп, үйлөрүнө киргизип келгенин да тааныштары айтып жүрөт.
Токмоктон орус тили мугалимдигин бүтүргөн. Өткөн кылымдын 60-жылдарында тоолуу республикабыз үчүн орус тилчи мугалимдер жетишсиз эле. Айла кеткенде Москвадан орус улутундагы кыздарды да алып келип иштетип жүрдүк. Жер-жерлерде орус тилчилерди даярдоочу бир жылдык курстар ачылган. Орозобек Айтымбетов 1967-жылы ошондой окуулардын бирине — Токмок шаарындагы кыргыз мектептери үчүн орус тили мугалимдерин даярдоочу бир жылдык курска кирип, аны бүтүрөт да Ысык-Көл, Ат-Башы, Кочкор райондорунда мугалим болот.
Жанын койбогон жазуучулук. Ал турмушту, андагы кыйынчылыктарды, элдин абалын жаш чагынан көрүп, ошол турмуштагы элден обочолонуп калган адамдарга кошулуп да жүрдү. Көрүп-билгендери көкүрөгүнө тынчтык бербей, алгачкы аңгемелери жаралды. Токмокто окуп жүргөндө "Махабат учкуну" деген сүйүү тууралуу аңгеме жазып, аны Чүй райондук "Ленин жолу" гезити 1967-жылы аялдар майрамына арналган санына басып чыгарат. 1973-жылга барып экинчи аңгемеси "Аңыз жыты" деген ат менен "Ысык-Көл правдасы" гезитине басылып, гезит жарыялаган конкурста да утуп кетет. Жогорудагылардан башка ошол жаштык жылдарында анын "Бүтпөгөн ыр", "Кызыл өрүк", "Жымжырт шаар" деген сыяктуу турмуштун ачуу жактарын ачып берген аңгемелери жарык көргөн. Аларда ал өзүн адам дүйнөсүн терең ача билген жана классикалык адабиятты өздөштүрүүгө аракет кылган сүрөткер катары көрсөткөн.
Кубатбек Жусубалиев Далай Лама менен. 2015-жыл  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Далай-ламага жолуккан кыргыз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө 16 факт
Жазуучулукка байланыштуу кесиптерге ооп. Адабиятка оогон киши ошол адабиятка жакын тармактарда иштеп, жазуучулар менен коюн-колтук алышып жүрүү керек деген түшүнүк бар. Мына ушул умтулуулар менен ал адегенде 1972-жылдан "Заря коммунизма" гезитинин редакциясында котормочу болуп иштеп көрдү. Анан борборго кетүү керек деп, 1974-жылдан ошол кездин эң эле окурманы көп басылмасы Жазуучулар союзунун жана Маданият министрлигинин органы болгон "Кыргызстан маданияты" гезитинде адабий кызматкер боло коюп, 1975-жылдан "Жаш ленинчи" журналына которулат. Ара-чолодо окуй коюп, 1976-жылы ошол кезде СССРдин 50 жылдыгы атындагы деп аталган азыркы Улуттук университеттин филология факультетин да сырттан окуп бүтүрүп алды. 1980-жылдан Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгы аны Ысык-Көл облусу боюнча адабий кеңешчи кылып дайындап, бир топ эркиндик берилди. 1984-1985-жылдарда Кыргыз ССРинин театралдык коомунун актерлор үйүнүн директору, 1987-1988-жылдарда "Кыргызфильм" киностудиясында улук редактор-сценарист деген иштерде иштеп жүрүп, анан биротоло жумуштарын жыйнаштырып профессионал жазуучулукка өттү.
Атын алыска угузган "Уста" аңгемеси. 1975-жылы Москвада жаш жазуучулардын бүткүл союздук семинар-кеңешмеси болуп калат. Ал кезде катышуучу авторлордун чыгармалары аябай талкууга алынчу. Ошондой талкууда москвалык белгилүү адабиятчылар жана жазуучулар жаш кыргыз калемгеринин "Уста" же экинчи аты "Барпы" деген аңгемесин өтө жогору баалашат. Ошол эле жерден аңгемени "Советская литература" деген беш тилде чыгуучу журналы алып, орус тилинен тышкары немец, англис, испан, француз тилдерине которуп басып жиберет. Кийин чех тилине да которулат. Анан жаш жазуучунун ысымы адабий чөйрөдө дүң болот. 1982-жылы орус тилине которулган повесттери менен аңгемелери Москвадагы жаштардын чыгармаларын басууга ылайыкташкан "Молодая гвардия" басмасынан 208 бет көлөмүндө чыгып, андан бетер оозго алынат.
Бийликти сестенткен, аткаминерлер катып окуган "Торгойлуу талаа". Аял менен эркектин жан кумарын элжирей сүрөттөгөн, советтик моралга сыйбаган жүрүш-туруш тууралуу жазуу ал мезгилде өтө кооптуу эле. Ошого карабай 1978-жылдагы "Ала-Тоо" журналынын март айындагы санына Орозобек Айтымбетовдун "Торгойлуу талаа" деген повести басылып кетет. Журналдын ушул китепчесин жайлоодогу малчылар, талаадагы колхозчулар гана эмес, үстөлдөрүнүн астына катып алып мугалимдер менен сельсоветтер, парторгдор да окуп кирген. Тили ширин, окуялары кызыктуу, сүрөттөөлөрү шилекей агызган бул повесть, андагы башкы каарман Разактын "сүйүү эпизоддору" адабий сында жана жыйындарда "социалисттик коомго жат" чыгарма катары каралганы менен карапайым окурман авторду "кыргыздын Мопассаны" атап алышты. Ушундай эле чыгармасы "Ала-Тоо" журналына "Ак чыйыр" деген ат менен басылып, мугалим менен окуучу кыздын назик сезимдери романтикалуу да, эмоционалдуу да жазылган.
Старый блокнот и карандаш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Бала кайгысы эзген, Навоини кыргызча сүйлөткөн. Сүйөркул Тургунбаев жөнүндө 13 факты
Кыргыз прозасынын классигине айланган. 1976-жылы аңгемелери "Бүтпөгөн ыр", 1980-жылы "Кызыл өрүк", 1987-жылы повесттери жана аңгемелери "Аңыз жыты" деген аталыштар менен чыгып, бул үч жыйнак кыргыз кара сөзүнө чоң чебердин келгенин тастыктап берди. Анын "Алмакан", "Периште", "Бүтпөгөн ыр", "Сыркаар", "Акыркы төөчү", "Кызыл өрүк", "Жымжырт шаар", "Түштүктүн кары", "Асман шыпыргысы", "Куник чал" деген аңгемелери, "Айкаш" повести адабиятыбызда өз ордун тапкан чыгармалардан. 1979-жылы ошол кездеги залкар авторитет, айтылуу насаатчы Түгөлбай Сыдыкбеков "Экпесе – өнбөйт" деген жаштардын чыгармачылыгын талдаган макаласында мындай деп жазат: "...Орозбек Айтымбетовдун негизинен жаш каармандардын элесин ачууга аракети чоң. Жазуучулук көз менен кылдат байкаган мүнөздүү учурлар аз эмес. Ынанарда ынанасың. Кубанарда кубанып, өкүнөрдө өкүнөсүң. Эмгекте, турмушта, жашоо күрөшүндө тагдырлардын чатышы, күтпөгөн жерден жолтоо болгон кырсык, кыйынчылык кишини күрөшкө чакырып чыйралтып турганы ынанымдуу. Ойдон саалган жасалмалуулук, тек окуя кубалаган "кызыктуулук" жок. Каармандын кыял-жоругу, иши, мүнөзү, ой-санаасы, үмүтү, тагдыры машакаттуулук менен өтөт. Автордун эркине багына бербейт көп учурда..." Бул жаш жазуучунун профессионалдык жактан жетилгендигине берилген баа эле.
"Кара тизмеге" илинип калганда... Мына ушинтип жазуучунун ыргыткан ташы өргө кулап бара жатканда "Ала-Тоо" журналына бир очерки басылат. Анча дале көлөмдүү эмес чыгарма "Ысык-Көл жагдайында ой толгоо" деп аталат. Анда Ысык-Көлдүн экологиялык кырдаалы тууралуу сөз болот да, көлдөгү балыктардын азайышына, табияттын булганышына башка жактан келген чиновниктер, бөтөн улуттагылар айыптуу дегендей ой айтылат. Очерк тууралуу тиешелүү жерге маалыматтар жетет, ошол убакта басмаканадан басылып калган журналдын бардык элүү миңдей нускасы жок кылынат. Ошондон кийин коммунисттердин "кара тизмесине" жазылып, "улутчулдук" деген жарлык тагылып, чыгармалары басылбай, эч жерге жумушка алынбай, "кайдасың, Сары-Камышым" деп айылына кетүүгө мажбур болот.
Рыноктун ырылдаган шамалында калды. Шамалдуу шаардын уулун жалпы кыргыз журтуна, биринчи кезекте жазуучуларга келген рыноктун шамалы "учуруп кетти". Жазуучулардын "Арашан" чыгармачылык үйүндө айлап-жылдап жатып алат, ал жерден "кууп чыгышканда" Сары-Камышына кетет. Акыры Орозобек аваны анда-санда гана көрчү болдук. Ошол кезде биздин редакцияга да келип турчу. Машинкага, сары кагазга басылган макалаларын көтөрө келчү. Балакеттин баарын жазып келчү, кытай тарыхыбы, санжырабы, орус тарыхыбы, айтор, не бир булактардан алганын ким билсин, айрым бир адамдарды куюлуштуруп келип кыргыз "кылып берчү", Уругвайды – Урукбай, Парагвайды – Баракбай деп кызыл чеке талашчу. Үзүп-жулкуп бир жерин берген макалаларын колдон келсе гезитибизге басып жүрдүк, конкурстарда сыйлыкка да жетти. Бирок кыйналып жүрөт, жупуну жүрөт, кээде Балыкчыга эски гезиттерибизди көтөрүп кетчү, "мен үчүн баары жаңы" дечү. Айлап, жылдап көрүнбөй калат да, анан бир күнү томолонуп-жумаланып, көтөрүнүп кайра келип калат.
Комузчу, ырчы, орду толгус талант Атай Огомбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Бычактын мизи менен комуз чертип, Сталинди таңданткан Атай Огонбаев. 15 факт
Баа жеткис маданий мурасыбыз – "Кара кыргыздар". Ошентип ошол кезде "Кара кыргыздар" деген көп томдуу эмгегин жазып жүрүптүр. Алтынды дат баспайт экен, кыргызга байланышкан скиф, сак, гун, түрк, кытай, моңгол ж.б. элдердин өткөнүн карап изилдеп, не бир укмуш, баалуу, табылгыс эмгектерден шилтемелерди алып, кара кыргыздар кандай болгонун казып чыгыптыр. Көркөм токуш-фантазиясынын укмуштай чабыттуулугу, таянган таяныч булактарынын түптүүлүгү, ой жүгүртүүлөрүнүн таң каларлык бийиктиги менен бул эмгек бизди кубантты, автордун мээнеткечтиги, мекенчилдиги таң калтырды. Анын ошол эмгеги 180 басма табакка жетип, төрт том болуп, анысын ыйлап-сыктап жүрүп 1997-1999-жылдарда эптеп чыгарды. Бул эмгекке Чыңгыз Айтматов да жогору баа бергендигин айтып жүрүшөт. Дал ушул эмгеги өзгөчө бааланып, ага 2007-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген ардактуу наам берилет.
Калемдештеринин баасы. Акын, жазуучу жана журналист Нуралы Капаровдун ал кишиге берген таамай аныктамасын бир окуп коюңуз. "Орозобек Айтымбетов да чыгармачылык иштин кызуусуна кирип алганда тап жылбаган ташкөчүк. Тамагын да, арагын да, катынын да, жакынын да тегиз унутат. Өткөн кылымдын элүүнчү жылдары заводдон чыккан эски кара машинкесин күнү-түнү чыкылдатып, күбүрөп үн салып иштейт. Бери дегенде беш ай, ары дегенде алты ай аты-жөнүн унутуп "башы менен жер казып", ойду омкоруп, тоону томкоруп, чээнге кирген аюудай жаткан жатагынан чыкпай күбүрөп-күркүрөп иштейт. Борбордук комитеттин баш секретары Леонид Ильич Брежневдин оо дүйнө кеткенин жети күндөн кийин, Акаевдин качып кеткенин он беш күндөн кийин уккан Окең, оу-у он кылым илгери жашап өткөн өзүнүн каармандарынын жапайы өлкөсүнөн жаңыдан чыгып келгенинде эгемен Кыргызстанда эмне жаңылык болуп жатканы менен иши да жок, эң биринчи жолуккан кишисинен арзан самаш кайда сатыларын сурайт да, оңкочук атып ошол бойдон оюн салып кетет. Эрди ээгине, сакалы белине түшкүчө оюн салбай оңолоюн деген оюна да карабай, муздак суу болсо да чайканып алайын деп чыркырап-чырдаган боюна да карабай алды үч ай, арты бир ай "төбөсү менен жер сүзүп" ичет. Орозобектин бул жоругун байкаган Салижан Жигитов: "Баатыр, сенин мага алты айлап баш көтөрбөй иштегениң аябай жакты. Анан да жанагинтип үч айлап көз ачпай ичип кеткениң да аябай жакты. Болбосо анда-санда тийип-качып иштеген бизге окшогон шордууларга эч нерсе калтырбай бүт бойдон өзүң жазып салчудай түрүң бар", – деп орундуу тамашалап, адатынча ха-халап күлгөнүндө өмүр бою "ичесиң" деп күнөөлөгөн ар кимдин жемесинен тажаган Орозобекке Салижан Жигитовдун "үч айлап ичкениң аябай жакты" деген сөзү майдай жагып, курсагын толук жаппаган майкесин оңдоп-шымдамыш этип, көзүнөн жаш чыккыча каткырып, бүт денеси менен бүлкүлдөп күлгөн эле" (Нуралы Капаров).
Адабияттын башка тармактарында да иштеп жүргөн. Ал "Апенди", "Совет бийлиги үчүн", "Жаңылуу", "Чакырылбаган меймандар", "Белек", "Ууру", "Жаза", "Талак", "Күйөө Толтой", "Пишпектеги жалын" аттуу анчалык ийгилик жарата бербеген пьесаларын жазган, Максим Горькийдин, Иван Буниндин, Александр Фадеевдин, Евгений Колесниковдун чыгармаларын орус тилинен, Илья Жакановдун "Кер толгоо" повестин казак тилинен кыргызчага, Төлөгөн Касымбековдун "Сын табунщика" аттуу повесть жана аңгемелер жыйнагын кыргызчадан орусчага которгон. Балдар үчүн "Бир мүшөк кар", "Бала кыялы" аттуу китептерин чыгарган.
Жаңылыктар түрмөгү
0