Кыргызстандык балбан АКШда өтө турган Дүйнөлүк оюндарга жолдомо алды

© Фото / Таалайгуль УсенбаеваКыргызстандык балбан Абдурахман Муртазалиев
Кыргызстандык балбан Абдурахман Муртазалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жазылуу
Абдурахман Муртазалиев Дүйнөлүк оюндарга экинчи ирет барат. Ал биринчи жолу төрт жыл мурда катышкан.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Абдурахман Муртазалиев дүйнөлүк рейтингдин негизинде Дүйнөлүк оюндарга катышуу үчүн лицензия алды.
Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмак категориясы менен жиу-житсу эрежеси боюнча күрөшөт. Кыргызстандык спортчу дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунда турат.
"Дүйнөлүк оюндарга биринчи жолу 2017-жылы катышкам. Эми өзүмдү көрсөтүү үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк жаралды", — деди ал.
Дүйнөлүк оюндар 2022-жылы 7-17-июль аралыгында Бирмингемде (Алабама, АКШ) өтөт.
Кыргызстандык темир билек балбан Бекдөөлөт Расулбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0