"Жихад" уланууда: талибдер өзбектерди, ИМ* Өзбекстанды мээлеп турган чагы

© AP Photo / Rahmat GulКуралчан киши. Архивдик сүрөт
Куралчан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Жазылуу
Талибдер Афганистандын калкынын басымдуу бөлүгү, негизинен өзбек жана тажиктер байырлаган түндүк провинцияларда айыгышкан куралдуу күрөш жүргүзүүдө.
Ага катар эле "эмирликте" "Ислам мамлекети"* уюмунун террордук активдүүлүгү күч алып, мунун кесепети чектешкен Өзбекстанга да чагылууда. Афганистандагы жаңы бийлик адатынча көндүрүү жана мажбурлоонун репрессиялык усулдарын пайдаланууда. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган республикадагы соңку кырдаалга сереп салган.
Талибан** ноябрдын аягында 1 000ден ашуун жарандын, атап айтканда, этникалык өзбек жана түркмөндөрдүн Жаузжан провинциясындагы Дарзаб жана Куш-Тепедеги өз үйлөрүнөн пуштундар тарабынан күч менен чыгарылышына тиешеси бар деп айыпталууда. Кеп мында жүздөгөн жылдар бою этникалык өзбек жана түркмөн уруулары ээлик кылган 8 000 гектар жерди пуштундар басып алганы жөнүндө да жүрүүдө.
Өзбектерди сүрүп чыгаруу талибдер беш провинцияда шиит-хазарейлерден жүздөгөн түтүндү үйлөрүнөн кууп чыккандан кийин башталган. Сентябрдын башынан тарта менчикти бөлүштүрүүнүн мындай "революциялык" процесси жаңы бийликтин тарапташтарын (пуштундарды) ыраазы кылуу жана атаандаштарын (көбүнесе өзбек, тажик, хазарейчилерди) биргелешип жазалоо катары байкалууда. Жалгыз бир этникалык топтун кызыкчылыгын коргоо менен провинциялык бийликтер да калктын нааразычылыгына көз жумуп коюуда.
Ок атып жаткан Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2021
Ок атышты. Талибдер чек ара чийини кайсы жерде экенин билишчү эмес беле?
Талибдерге тиш кайраган афгандыктардын саны арбып, алар көп учурда "Ислам мамлекети"* террорчул топтун катарына кирүүдө. Эске салсак, бул уюм өз күрөшүнүн "адилеттүү" интернационалдык мүнөзүн баса белгилейт. Соңку үч айда ИМдин* аймактык тобу (Вилаят Хорасан) республикада террордук активдүүлүгүн күчөтүп, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү түзүмдүк ячейкаларын түптөй баштады.
Афганистанда этникалык өзбектердин талибдер тарабынан кысымга алынышы Өзбекстанда да ИМдин* идеологиялык таасири жана түзүмдөрүнүн кеңейишине негиз болууда, аталган мамлекетти исламисттер өз таасирин жайылтууга дурус аянтча катары көрүүдө.
Исламисттерге Ташкенттин ЖККУ курамына кайра кайтпоо ниети, жамааттык коопсуздук тутумунун аскердик инструменттеринен пайдаланбоо чечими майдай жагууда. Өзбекстан "чакырыктарга каршы аракет этүүдө" дипломатиянын артыкчылыгын белгилеп, эч ким тарабынан тааныла элек "Афганистан ислам эмирлиги" менен ийгиликтүү кызматташууда.
Талибдерге идеялаш "Аль-Каиданын"* дараметинин өсүшү да кырдаалды курчутууда. Эске салсак, түндүк афган провинцияларында аталган уюмдун 2000 чакты колу топтолгон.
2020-жылдын 29-февралындагы Доха келишиминин алкагында талибдер бул уюмдан кол үзүүгө тийиш эле. Бирок ал шарт аткарылган жок, келечекте да ишке ашары арсар.
Афганистандын Балх районундагы МиГ-21 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Талибдер учканды үйрөнүүдө: Түндүк Афганистандагы машыгуу кимге каршы багытталган?
Афганистан 80 улут жана элдерден турган жалпы калктын кызыкчылыгын билдирип жана коргой албаган диний-улуттук (пуштундардын) мамлекетке айланып барат. Ушул принципиалдуу жаңжал өлкөнү дагы узак жылдарга созулчу олку-солку жагдайга салчудай. "Интернационалдык" террорчулук күч алып, бул чектешкен Борбор Азия өлкөлөрүнө да жакшылык алып келбеси айкын.
10-декабрда Афганистандын борборунда ИМ* согушкерлери үч террордук акты уюштуруп, бир нече адам өлтүрүлдү. Колго жасалган бомбалар Кабулда күн куру эмес жардырылып, мындай көрүнүштөр жаңы бийликтин алсыздыгын тастыктоодо.
Өлкөнүн чет жакасындагы райондордо ИМдеги* "атаандаштары" талибдерге байма-бай кол салат. Ал түгүл кыймылдын лидерлеринин да көзүн тазалашууда. Маселен, 8-декабрда түндүк-чыгыштагы Бадахшан провинциясында ушундай окуя болду. Болгондо да талибдер өздөрү буга түрткү бергени анык, алар август айында түрмөлөрдөн ИМ* мүчөлөрүн жапырт чыгарышканы маалым.
Militant Wire эл аралык басылмасы ИМ* (Вилаят Хорасан) Өзбекстанда ячейкаларынын түйүнүн түптөгөнүн, Ташкентти мээлеп жатышканын белгилейт. Талибдер алгачкы күндөн тарта Ирак, Сирия жана башка кооптуу аймактардагы ИМ* "жихадын" колдоп келген этникалык өзбектерге каарын төгөт. Талибан* маалыматтык күрөштө утулууда, ИМ* үгүтчүлөрү миңдеген жөнөкөй афган жихадчыларына "эмирликтин" өкмөтү "америкалыктарга кызмат өтөөрүн далилдеп" берди.
Экинчи жагынан "Аль-Каида"* исламга каршы маанайдагы Бириккен Улуттар Уюмун сынга алууда. Ошону менен бирге эле БУУнун туруктуу беш мүчөсүн: Кытай, Франция, Россия, Улуу Британия жана АКШны "жер бетиндеги эң чоң кылмышкерлер" деп атоодо. Бул талибдерге чыныгы союздаш жана баалуулуктар тууралуу эскертүүсү экени айдан ачык. Афган "казаны кайнап турат", каалаган убакта капкагын жарып чыгышы ыктымал...
Россия менен Кытайдын аскерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Россия менен Кытайдын аскерий кызматташтыгы. ЖККУ жана Борбор Азияга пайдасы
Ошол эле учурда талибдердин өлкө экономикасын эмес, аскер-аба күчтөрүн калыптандырууну биринчи планга чыгарганы, августта сыртка чыгарылган авиатехниканын кайтарылышын талап кылышы кооптондурат. Декабрдын башында убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Абдул Гани Барадар молдо дагы бир ирет Өзбекстандан тик учактарды кайтарууга үндөдү. Эске салсак, мурунку өкмөт кулатылган убакта афган учкучтары бул аба техникаларын чектешкен өлкөгө айдай качкан.
Пентагон менен НАТОнун Афганистандагы операциялары партизандык түзүмдөр менен күрөштө аскердик авиация дээрлик майнапсыз экенин көрсөттү. Талибдердин аскер-аба күчтөрүнүн миссиясы азырынча белгисиз. Өлкөдө ИМдин* таасири күч алып турса да талибдер кенже Масуд жана мурдагы вице-президент Амрулла Салехтин командачылыгы менен түндүк атлантикалык альянстын каршы көрсөтүүсүн этибарга албай кое алышпайт.
Козголоңчулар Панжшер капчыгайынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт. Ал жакта дале айыгышкан куралдуу кагылыштар уланууда. Сокку уруучу авиацияны талибдер дал ошол жакта колдонууну көздөп турушкандай.
Ташкентте 13-декабрда Өзбекстан жана АКШнын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк диалогунун алгачкы жыйыны өттү. Келечекте алака "үч бурчтук" форматындагы: Кабул – Ташкент – Вашингтон алакасы кандай түзүлөрүн боолголоп гана тим болобуз. Өзбекстан татаал аскердик-дипломатиялык бурулуш жасоо алдында турганы талашсыз. Ошентсе да аймактагы реалдуу күч болгон ЖККУ өлкөлөрү менен эриш-аркак чөлкөмдөгү коопсуздукту чыңдоо биринчи орунда.
Америкалык "өнөктөштөр" жыйырма жыл аралыгында Афганистан жана Борбор Азияда өз дараметин толугу менен көрсөтпөдүбү.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм.
** — Террордук иштери үчүн БУУнун санкциясына алынган уюм.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Талибан согушкерлери Калайи-Нау шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Афганистандагы чыныгы абал жана анын Кыргызстанга таасири. Конференцияга сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0