Жарык жок, унаа барбаган Амазонкада жылдап жашадык. Павел Федотовдун маеги

© Sputnik / Табылды Кадырбеков UFC чемпиону Валентина Шевченконун тренери Павел Федотов
 UFC чемпиону Валентина Шевченконун тренери Павел Федотов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жазылуу
UFC менен кантип келишим түзүш керек, аралаш мушташтын популярдуу болушу зомбулукка алып барбайбы, машыктыруучу беттештерде эмоцияларды кантип кармашы керек жана эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченконун спорттогу катаал жолу тууралуу Павел Федотов айтып берди.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков Павел Федотов менен биринчилерден болуп маектешти. Машыктыруучу Валентина менен ноябрдын ортосунда Бишкекке келген. Антонина пилоттук кесиби боюнча экзамен тапшырып жаткандыктан келе албай калганын айтышты. Биз алар Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө барып маек курдук.
— Павел, сиз менен абдан сыймыктанып келебиз. 90-жылдары сиз жаңы чыгып баштаганда мен кичинекей бала болчумун. Ошол убакта "Айлуу жол" аттуу тасмаңызды көргөм. Бул сиздин ар тараптуу экениңизди айтып турат, спортту аркалап, чыгармачылыкка аралашып... Анан, жаңылбасам, жазып да келгенсиз?
— Тасма тууралуу айта турган болсок, ал убакта менин "Пирамида спорт" деген программам бар эле. Өзүмдө машыккан балдар жардам берип жүрдү, кийин журналист да болуп кетишти. Совет убагында бир нече жыл каратэге тыюу салынганын билсеңиз керек. Ушундан улам уруш өнөрлөрүн аркалагандарга "чектен" чыгууга түрткү бергим келген. Биринчи кезекте спортту балдар арасында таанытууну көздөдүм. Программа аларга ылайыкташып тамашалуу болчу, өзүңдү коргоонун ыкмаларын көрсөтчүбүз. Азыркыга чейин сиздин программаңыздын арты менен спортко келгем деп айткандар бар. Андан кийин тасма тартуу идеясы келди. Кинодо балдар Ысык-Көлдү сүзүп өтүүнү максат кылып, машыгышат.
— Ал убакта сизди эл таанып, көчөдөн жөн бастырбай калса керек?
— Ошол маалда эки чоң телеканал — КТР менен "Пирамида" эле бар болчу. Азыр каналдар көп да, анүстүнө интернеттин заманы. "Пирамида спорт" программасын көрүүчүлөр кызыгуу менен кабыл алды, бөтөнчө балдар күтүп көрчү. Бул берүү менен элге тааныла алдым. Көчөдөн таанып учурашып, жылмайып өтүп кетишчү.
— Ошол убактагы менен азыркы учурдагы белгилүүлүктүн айырмасы кандай экен?
— Валентина менен Антонина чоң ийгиликтерди жаратууда. Алар спортто гана эмес, жашоодо да ар тараптуу. Мисалы, Антонина UFC мушкери гана эмес, пилот да болууга жетишти. Досторубуз көп, кайда барбайлы, жылуу маанайда тосуп алышат. Валентинаны көрүп шыктагандар көп. Күчтүү, ийкемдүү... ар тараптан өнүккөн.
© Фото / предоставлено федерацией Тайского бокса КРПавел Федотов Антонина менен Валентина Шевченкону өспүрүм кезинен бери машыктырып келет
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Павел Федотов Антонина менен Валентина Шевченкону өспүрүм кезинен бери машыктырып келет
— Валя менен Антонинадан кыздар гана эмес, балдар да үлгү алса керек.
— Кыргызстанда эл аралык аренага чыга турчулар бар. Бизде 90-жылдары аралаш мушташтын дароо эки түрү — панкратион менен кулатуу пайда болгон. Кулатуу спортун Темир Турусбеков негиздеп, Дене тарбия институтунун системасында жайылткан, тагыраагы, адистик катары киргизген. Башка мамлекеттерде аралаш мушташты окуу жайлардан окуп-үйрөнүү деген түшүнүк да жок. Илгертен күрөшкө да жакынбыз, эл кармаштарды ичкен ашын таштап көрөт. Азыр Кулатуу федерациясын Эмил Токтогонов жетектеп, Руслан Кыдырмышев менен бирге бир топ убакыттан бери WEF турнирлерин өткөрүп келишет. Канчалаган мушкерлер чыкты, канчалаган күйөрмандар беттешке келип жатат... Биз 30-35 жыл мурун машыгып жүргөндө универсалдуу стилге басым жасачубуз. Азыр ошол нерсенин бардыгын ММАдан көрүүгө болот. Кыргызстанда аралаш мушташ боюнча таанымал спортчулар көбөйдү, эми алар дүйнөлүк деңгээлге чыгууга аракет кылуусу керек. Азиялык, европалык, америкалык промоушендерде карьера жасоо керек.
Мени алтын кыз дешти. Шевченко менен Көл жээгинен эксклюзивдүү видеомаек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Мени "алтын кыз" дешти. Шевченко менен Көл жээгинен эксклюзивдүү видеомаек
— Кыргызстандан ири промоушендерге кирүү үчүн жардам сурап кайрылгандар барбы?
— Оңой нерсе жок. Биз UFC уюму менен келишим түзгөнгө чейин алгач Россияга барып беттешип жүрдүк, ал жакта атаандаштар калбай калганда Голландияга бардык, андан кийин сегиз жыл Перуда жашадык. Бардык мамлекетте беттеш өткөрдүк. Бразилия, Аргентина, Уругвай, Парагвай, иши кылса, болгон жакта жүрдүк. UFC уюмуна чейинки жолубуз узак болду. Азыр мушкерлерге алда канча жеңил, ийгиликке жетүүчү жол белгилүү. Беттештеринин статистикасы жакшы болсо, анан социалдык тармакта таанылып, кээде тайманбас кадамдарга бара алса промоутерлик компаниялар өздөрү эле байланышат.
© Sputnik / Табылды КадырбековМашыктыруучу менен маектешүү үчүн Ысык-Көлгө да бардык. Сүрөттө Павел Федотов менен Sputnik агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков.
Интервью чемпионки UFC Валентины Шевченко на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Машыктыруучу менен маектешүү үчүн Ысык-Көлгө да бардык. Сүрөттө Павел Федотов менен Sputnik агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков.
— Аралаш мушташ менен алектенгендер улам көбөйүүдө. Спорттун мындай түрлөрү зордук-зомбулукка алып барбайбы?
— Мен антип ойлобойм. Аралаш мушташ спорту кантип жаралганын айтсак, элге башында боксчу менен балбандын кимиси күчтүү экени кызык болуп турнирлерди уюштурушкан. Экөөнүн ортосунда бир стилди тапканга аракет кылышкан. Илгери кармаштар аябай аеосуз болчу да, чеке менен сүзүшүп, жатып калганда тизе менен тээп...
— Ооздорун да айрышчу...
— Ооба, азыр андай жок. Ден соолукка кооптуу эмес техниканы тандашты. Колго жука спорттук кол кап да кийип калышты. Беттештен көзүн албаган рефери да иштейт. Маселен, мушкер муунтуу ыкмасына кабылганда өз маалында токтотуп калууга үлгүрүшөт. Аралаш мушташ универсалдуу стиль экенин дагы бир жолу кайталап кетким келет. Бул спортту аркалагандар боксташат, күрөшөт, уруш өнөрүнүн бардык түрүн колдоно алат.
© Sputnik / Табылды КадырбековПавел Федотов 90-жылдары телеканалда спорттук программасын да ачып, балдарды машыгууга үндөгөн
Приезд чемпионки UFC Валентины Шевченко в Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Павел Федотов 90-жылдары телеканалда спорттук программасын да ачып, балдарды машыгууга үндөгөн
— Павел, Перуда жашап жүргөндө кызыктуу учурлар өтсө керек. Жунглини аралап, жадагалса пираньяларды бышырып жегениңиздерди уктум эле.
— Перу чындыгында өзгөчө өлкө. Маданияты, эли, тарыхы айырмаланат. Биз Тынч океандын жээгиндеги Лима шаарында жашадык. Мен океандын толкундарында серфинг, бодиборд менен алектенчүмүн. Чоң шаарда батирлеп жүрүү кыйын, кийин Амазонканын жээгинен чаканыраак жер тилкесин сатып алганбыз. Ал жакка унаа жолу жок эле, учак менен же болбосо жөө жетиш керек болчу. Жөө баскандар Амазонкага өйдө көтөрүлүп же тоо тараптан ылдый түшүп, анан кайра кайык менен бир нече күн жүрүшчү. Биз болсо учак менен эле каттап калдык. Чындыгында кызык жашоо башыбыздан өтүптүр. Жадагалса жарык да жок эле, мотор менен суткасына үч саат жарык берилчү, анан шам колдончубуз. Интернет дегенди такыр унутканбыз, жандуу гана сүйлөшүү болчу.
UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош облустук ички иштер башкармалыгына келип, милиционерлерге мастер-класс өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Валентина Шевченко Оштогу милиционерлерге мастер-класс өттү. Сүрөт
— Ал жакта башка адамдар да жашачу беле?
— Албетте, айыл болчу да. Биз ал жакта отурукташып калган перулуктар менен жашачубуз. Жаратылыш койнунда машыгат элек, кээде башка мамлекеттен спортчулар келип турчу. Ушул жактан даярданып кетип эле турнирлерди утушчу. Биздей болуп жашап машыккандар бар эле. Бош убактыбызда кайыкка отуруп алып жунглини аралап кетчүбүз. Аңчылык да кылчубуз.
— Баса, бардын ичиндеги атышуу тууралуу да сурайын дегем.
— Мен Валентина менен чогуу отурганда куралчан төрт киши кирип келди. Бир нерсе кылыш керек болду, жанымда курал бар эле. Атышып жатып өзүмө да ок тийди. Окуядан кийин мени ооруканага алып барышты.
— Жергиликтүү укук коргоо органдары кийин ыраазычылык айтыштыбы?
— Перу менен Америкада мыйзам боюнча адам курал менен каршылык көрсөтсө, сен дагы курал колдонууга акың бар.
— Кылмышкерлер кирип келгенде дароо эле коргонууга өттүңүзбү, ушундай учурларда адамдын оюна биринчи эмне келери кызык.
— Биз Кыргызстанда төрөлүп-өсүп, тарбияландык. Бир нерсе болсо четте карап турган болбойт эмеспи.
— Кол сунбай коюу коркоктукка да жатса керек?
— Кол куушуруп турбаш керек да.
© Фото / предоставлено Валентиной Шевченко"Сары кыз" деп сыймыктанган Валентина Шевченконун ийгилигинин артында дал Павел Федотов турары талашсыз
Чемпионка мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Сары кыз" деп сыймыктанган Валентина Шевченконун ийгилигинин артында дал Павел Федотов турары талашсыз
— Октагонго Валентина менен Антонинаны коштоп чыкканда абдан токтоо көрүнөсүз. Башынан эле өзүңүздү тынч алып жүрөсүзбү?
— Бул тажрыйбанын арты менен келет. Канча жылдан бери аралаш мушташта жүрөбүз. Бирок тынчсызданасыңбы же токтоо болосуңбу, беттештин жыйынтыгына таасир эте албайсың, бардыгы даярдыктан жана техникадан көз каранды. Бирок өзүңдү колго алганды билишиң зарыл. Тыныгуу учурунда спортчуга туура кеңеш айтып, жол көрсөткүдөй болушуң керек. Эмоциялар жана сөздөр ашыкча. Көп жылдан бери иштешип жүргөн спортчулар сени жарым сөздөн түшүнөт, сенин милдетиң бардыгын байкап, жеңишке жетүүгө же кооптуу абалдан чыгууга туура багыт беришиң кажет.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров UFC чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жапаров Шевченконун энесине шырдак, машыктыруучусуна жаа берген. Сүрөт
— Антонина менен Валентинага беттеш алдында эмне деп айтасыз?
— Техника боюнча гана айтам. Атаандаштарына алгач кандай чабуулга өтүп, беттешти кантип жүргүзүп, күчүн сарпташ керектигин түшүндүрөм.
— Сиздин тактикаңыз кандай?
— Ар бир атаандашка өзүнчө тактика керек. Бирөө жакшы күрөшөт, бирөө жакшы сокку узатат дегендей, бирок күтүүсүз учурларга да даяр болуу керек. Маселен, Валентинадан корккон мушкер беттеш башталары менен секирип же сокку узатып жибериши мүмкүн. Бардык учурда сактык жана даярдык керек.
© AP Photo / Kamil KrzaczynskiВалентина UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасында чемпиондук курду бербей келет
Турнир UFC 238. Валентина Шевченко — Джессика Ай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Валентина UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасында чемпиондук курду бербей келет
— Айта турчу нерсеңиз барбы, балким мен сурабай калган учурлар болгондур?
— Спорт менен алектенгендерге ийгилик каалап, ой-максаттарына жетишине тилектешмин. Ден соолукта болуңуздар, жетишкендиктер көп болсун. Жаркын маанай менен алдыга жыла бериңиздер!
Жаңылыктар түрмөгү
0