Вакциналарды аралаштырып алса болобу? Адистин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүШприц кармап турган медицина кызматкери. Архив
Шприц кармап турган медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жазылуу
Дарыгер мисал катары гриппке каршы эмдөө тууралуу айтып, жарандар ар жылы ар башка компаниянын вакциналарын сайдырып жүргөндүгүн эске салган.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Коронавируска каршы вакциналарды ар кыл компаниялар жасаганы менен организмге таасири бирдей, андыктан аларды аралаштырып алуу кооптуу эмес. Бул туурасында РИА Новости инфекционист дарыгер Андрей Поздняковдун айтканына таянып жазды.
"Ар кыл өндүрүштөн чыккан вакциналарды ала берсе болот. Бардык компаниялар антиген үчүн бир эле S-белогун колдонот. Ар кыл вакциналар антителолорду денеге ар кандай кылып киргизет, бирок эмдөөнүн организмди вирустан коргоо принциби ошол боюнча эле калат, өзгөрбөйт", — деген Поздняков.
Анын айтымына караганда, "организмде иммундук жооп калыптанат, ал антитело жана Т клеткалуусу менен биргеликте синтездешип коронавирустун S-белогуна жооп берет. Бардык вакциналар бир эле процесс менен чыгарылат. Андыктан ар кыл препараттар менен эмделген коркунучтуу эмес", — деген инфекционист.
Ал "ар башка препараттар менен эмделүү клиникалык жактан пайдалуу болушу мүмкүндүгүн" четке каккан эмес.
"Вакцинадагы антигендин өзү ар кыл өндүрүшчүлөрдө ар башкачараак болушу ыктымал. Антиген канчалык ар кыл болсо, иммундук система ошончолук стимулдашат. Организм вирустун жана S-белоктун ар кыл мутацияларына жакшы даярданат", — деп тактаган дарыгер.
Поздняков вакциналарды аралаштыруу адамдын иммундук статусуна таасир кылбастыгын айтты.
Бейтапты тез жардамга салып жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
"Омикрон" штаммынан көз жумган биринчи учур катталды
"Биз вакциналарды ар кыл оорулар — В гепатити, кене энцефалити, грипп жана башкалардан коргогон препараттар менен аралаштырып жатабыз. Адегенде киши кене энцефалитине каршы сайдырат да, үч жылдан соң вакцинаны кайра алыш керек болгондо дал ошондою жок болуп калышы ыктымал. Анда башкасын сайдырганы менен баары бир керектүү коргоочуга ээ болот. Грипп боюнча да абал ошондой, аны жыл сайын сайдырыш керек, ар жылы ар башка компаниялардыкын алып жүрөбүз да", — деген эксперт.
Анткен менен азыркыга чейин эмдөөнүн эң ыңгайлуу деген схемасы чыга элек.
"Эпидемиологдор азырынча вакцинанын курсун толук алгандан алты айдан кийин кайра сайдырууну сунуштап жатышат. Бул вирустун мутацияцияланышы уланып жаткандыгына байланыштуу", — деген Поздняков.
Бирок вакцинаны аралаштырып алуу пандемияны жеңүүгө жардам бербейт.
"Эмделгендердин саны көп болгону маанилүү. Азыр максаттуу көрсөткүч 90 пайыздан ашышы керек", — деп жыйынтыктаган дарыгер.
Эмдөө жүргүзүп жаткан медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Бишкектин Ленин районунда COVID-19га каршы эмдөөчү дагы эки пункт ачылды
Дүйнөдө коронавирустун каары кайта элек, учурда адистерди "омикрон" штаммы тынсыздандырууда. 2021-жылдын 20-ноябрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Адистер аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен "омикрон" деп атады. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0