Бишкекте тепловоз коюп кеткен кишинин пакистандык студент экени аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жазылуу
Окуя Чыңгыз Айтматов проспекти менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине жакын жерде болгон. Жарандын берилген сигналга реакция кылбаганы айтылган.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында тепловоз коюп кеткен киши Пакистандын жараны болуп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматына таянып кабарлады.
Пожар в кафе и детском саду в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бишкекке жакын жерде кафе өрттөнүп, эки киши көз жумду
Факт Биринчи май райондук милициясы тарабынан каттоого алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, 11-декабрь күнү белгисиз адамдын тепловоздун алдында калганы кабарланган. Окуя Чыңгыз Айтматов проспекти менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине жакын жерде болгон. Жарандын берилген сигналга реакция кылбаганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0