Жетим өсүп, өкмөт башчы болгон... Абды Сүйөркуловдун сейрек сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн белгилүү мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги өмүрүн элге кызмат кылууга арнаган инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Союз маалында жогорку кызматтарда эмгектенген кыргыздын камчыга сап уулу кезинде республикада бир топ иштерди жасаган.
Партиялык ишмер Абды Сүйөркулов Жалал-Абад облусундагы Торкен айылында 1912-жылы 12-декабрда туулган. Кичинекей кезинен энесинен ажырап калып, атасынан алыс, жетимдер үйүндө тарбияланган. Билим алууга дилгир өспүрүм ошол жактан орус тилин өздөштүргөн. Андан соң Фрунзедеги соода жана контролдук мектепте билим алып, 1930-жылы Ташкент шаарындагы жогорку окуу жайга даярдоо курсунан өтүп, Москвадагы пландык экономика институтун кыска убакытта аяктаган.
Эмгек жолун Кетмен-Төбө районундагы керектөө союзунун жетекчилигинен баштап, 30-жылдары республикадагы райондордун каржы, салык, чарба бөлүмдөрүндө иштеген. Ошондой эле колхоз жетекчиси, райондук, облустук аткаруу комитеттеринин төрагасы да болгон.
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, республиканы 24 жыл жетектеген Турдакун Усубалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Согушка жибербей коюшкан. Турдакун Усубалиевдин сүрөттө калган элеси
Бара-бара тажрыйба топтоп, 29 жашында Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, 37 жашында Кыргыз ССРинин өкмөтүнүн башында турган.
Согуштан кийин Министрлер кеңешинин төрагасы болгондо өлкөдөгү Опера жана балет театры, Кыргыз мамлекеттик университети ишке берилип, Бишкек — Ош унаа жолунун курулушу уланган. Партиялык ишмер андан соң он жылдай Соода министрлигин башкарган. Пенсияга чыккандан кийин Фрунзедеги "Элдик чарбанын жетишкендиктери" жарманкесинин директору болуп, аны тогуз жыл жетектеген.
Кыргыздын камчыга сап уулу 1992-жылы 80 жаш курагында көз жумган.
© Фото / из семейного архива СуеркуловыхАбды Сүйөркулов кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыгып өкмөт башчылык кызматка чейин жеткен
Абды Сүйөркулов кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыгып өкмөт башчылык кызматка чейин жеткен - Sputnik Кыргызстан
1/10
Абды Сүйөркулов кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыгып өкмөт башчылык кызматка чейин жеткен
© Фото / из семейного архива СуеркуловыхИсхак Раззаков менен Абды Сүйөркулов жакын мамиледе болуп, экөө республиканын башында турган
Исхак Раззаков менен Абды Сүйөркулов жакын мамиледе болуп, экөө республиканын башында турган - Sputnik Кыргызстан
2/10
Исхак Раззаков менен Абды Сүйөркулов жакын мамиледе болуп, экөө республиканын башында турган
© Фото / из семейного архива СуеркуловыхСССРдин башчысы Никита Хрущевго меринос койлорду көргөзгөн Кыргыз ССРинин соода министри
СССРдин башчысы Никита Хрущевго меринос койлорду көргөзгөн Кыргыз ССРинин соода министри - Sputnik Кыргызстан
3/10
СССРдин башчысы Никита Хрущевго меринос койлорду көргөзгөн Кыргыз ССРинин соода министри
© Фото / из семейного архива СуеркуловыхСүйөркулов 1950-58-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон
Сүйөркулов 1950-58-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон - Sputnik Кыргызстан
4/10
Сүйөркулов 1950-58-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон
© Фото / из семейного архива СуеркуловыхКыргыз ССРинин башында тургандар: Күлүйпа Кондучалова, Абды Сүйөркулов, Исхак Раззаков жана башкалар
Кыргыз ССРинин башында тургандар: Күлүйпа Кондучалова, Абды Сүйөркулов, Исхак Раззаков жана башкалар - Sputnik Кыргызстан
5/10
Кыргыз ССРинин башында тургандар: Күлүйпа Кондучалова, Абды Сүйөркулов, Исхак Раззаков жана башкалар
© Фото / из семейного архива СуеркуловыхМамлекеттик жана партиялык ишмер аңчылыкта
Мамлекеттик жана партиялык ишмер аңчылыкта - Sputnik Кыргызстан
6/10
Мамлекеттик жана партиялык ишмер аңчылыкта
© Фото / из семейного архива СуеркуловыхЧоң жыйындагы отурган журт башчылары, биринчи катарда Исхак Раззаков, Абды Сүйөркулов, Төрөбай Кулатов
Чоң жыйындагы отурган журт башчылары, биринчи катарда Исхак Раззаков, Абды Сүйөркулов, Төрөбай Кулатов - Sputnik Кыргызстан
7/10
Чоң жыйындагы отурган журт башчылары, биринчи катарда Исхак Раззаков, Абды Сүйөркулов, Төрөбай Кулатов
© Фото / из семейного архива СуеркуловыхАбды Сүйөркулов чет өлкөдө өмүрлүк жары менен
Абды Сүйөркулов чет өлкөдө өмүрлүк жары менен - Sputnik Кыргызстан
8/10
Абды Сүйөркулов чет өлкөдө өмүрлүк жары менен
© Sputnik / Александр ФедоровКыргыздын каймактары: ортодо Зууракан Иманкалыева, Исхак Раззаков жана четте Абды Сүйөркулов, 1950-жылдар
Кыргыздын каймактары: ортодо Зууракан Иманкалыева, Исхак Раззаков жана четте Абды Сүйөркулов, 1950-жылдар - Sputnik Кыргызстан
9/10
Кыргыздын каймактары: ортодо Зууракан Иманкалыева, Исхак Раззаков жана четте Абды Сүйөркулов, 1950-жылдар
© Фото / из семейного архива СуеркуловыхАткаминер байбичеси менен төрт уулду тарбиялап чоңойткон
Аткаминер байбичеси менен төрт уулду тарбиялап чоңойткон - Sputnik Кыргызстан
10/10
Аткаминер байбичеси менен төрт уулду тарбиялап чоңойткон
Жаңылыктар түрмөгү
0