COVID пандемиясы дагы беш жылга созулат. Британиялык окумуштуулардын божомолу

© AFP / DANIEL LEALЛондондо сейилдеп жаткан беткапчан адамдар
Лондондо сейилдеп жаткан беткапчан адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Адис вакцинация менен инфекциянын жайылышына каршы чаралар натыйжалуу болбосо, оору мындан да узак убакытка созулат.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Коронавирус инфекциясы кеминде 2026-жылга чейин коркунуч жаратат. Мындай жыйынтыкка Улуу Британиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча илимий-кеңеш тобунун адистери келди. Алардын билдирүүсү уюмдун сайтына жүктөлдү.
"SARS-CoV-2 саламаттык сактоо системасына мурдагыдай эле коркунуч жаратып, эмдөө менен вирус тууралуу маалыматтарга беш жыл ичинде тыкыр көз салууну талап кылат", — деп жазылган документте.
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
"Омикрон" штаммы өлүмгө кептебейби? ДССУ маалымат берди
Окумуштуулардын пикиринде, вакцинация менен инфекциянын жайылышына каршы чаралар натыйжалуу болбосо, оору андан да көп убакытка созулат.
Адистер беш-он жылда жамааттык иммунитетти калыбында кармап турууга аракет кылуу керектигин айткан.
Илимий кызматкерлер Улуу Британияда Европанын башка мамлекеттерине салыштырмалуу COVID-19 оорусу вакцинанын жардамы аркылуу басаңдаганын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0