Дүйнө тынчсызданган "омикрон" штаммынын белгилери, кайдан чыкканы айтылды

© AFP / Michele SpatariЙоханнесбургда (Түштүк Африка) дарыгерлер COVID-19 менен ооруган бейтапты текшерип жатышат. Архив
Йоханнесбургда (Түштүк Африка) дарыгерлер COVID-19 менен ооруган бейтапты текшерип жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
Кечээ өлкөнүн министрлер кабинети дагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлү менен жаңы штамм боюнча ыкчам жолугушуу өткөргөн.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын жаңы чыгып жаткан "омикрон" штаммынын симптомдору тууралуу түштүк африкалык дарыгер Анжелик Кутзее The Telegraph агенттигине айтып берди.
Кутзее биринчилерден болуп жаңы штаммды жуктургандар тууралуу айтып чыккан. Айтымында, бейтаптар адаттан тыш симптомдор менен кайрыла баштаган. Анын ичинде өтө чарчап-чаалыгууну сезген жаштар, жүрөгү тезден согуп, дене табы көтөрүлгөн алты жашар бала болгон. Бирок эки күндөн кийин эле бала айыгып кеткен. Ошол эле учурда оорулуулардын арасында жыт менен даамды сезбей калгандар болгон эмес.
"Алардын симптомдору буга чейинки бейтаптарга караганда көп айырмаланды жана штаммды жеңил көтөрүшкөн", — деген дарыгер.
Кутзее вируска кабылгандар вакцина албаганын айткан.
Ал арада Россиянын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, вирусолог Петр Чумаков "омикрон" штаммы ВИЧ-инфекция менен жабыркаган адамдын организминде пайда болушу мүмкүндүгүн айтты. Ал иммунитети начар адамдарда коронавирус ушинтип мутацияланып кетерин, кайра алар башкаларга жаңы вариант менен жуктурарын белгилеген.
Лаборатория кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
ДССУ коронавирустун жаңы штаммынан улам дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды
Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус менен ооруп айыккандарда "омикрон" штаммын жуктуруп алуу коркунучу жогору экенин айтып чыкты. ДССУ кенен маалыматты жакынкы бир-эки жумада бермекчи. ПЦР-тест жаңы штаммды аныктай алат, бирок вакциналар ага туруштук бере алары белгисиз.
Эске салсак, Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталып, ДССУ жума күнү чукул жыйын өткөргөн. Буга байланыштуу бир нече мамлекет Түштүк Африкага каттамдарды токтоткон.
Кечээ өлкөнүн министрлер кабинети Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен COVID-19дун "омикрон" деген жаңы штаммы боюнча ыкчам жолугушуу өткөргөн. ДССУнун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Назира Артыкова республикада эпидемиологиялык абал туруктуу болгону менен иммунизация процессин тездетүү керектигин айткан. Өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов эртеңден тарта министрлер кабинети ресурстарды мобилизациялоо жана атайын чараларды активдештирүү боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл аларын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0