https://sputnik.kg/20211120/zhaparov-prokuratura-kuttuktoo-1054666430.html
Прокуратурада чынчыл, принципиалдуу адамдар иштейт. Жапаровдун куттуктоосу
Прокуратурада чынчыл, принципиалдуу адамдар иштейт. Жапаровдун куттуктоосу
Sputnik Кыргызстан
Президент прокуратура кызматкерлери ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы туруп келишкенин белгилеген. 20.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-20T12:41+0600
2021-11-20T12:41+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
садыр жапаров
президент
прокуратура
майрам
куттуктоо
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/14/1054666223_0:0:2836:1595_1920x0_80_0_0_0d501429b02b9f9afe81d06be62a5d1d.jpg
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров прокуратура органдарында иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.Билдирмеге караганда, бул күнгө карата салтанаттуу иш-чара өтүп, ага Садыр Жапаров катышкан.Президент прокуратура ардагерлери жаш муундарга таза, кесипкөй жана чынчыл кызматкерлердин үлгүсүн көрсөткөнүн белгилеген. Ал жалпы кызматкерлерге коомго мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/14/1054666223_0:0:2644:1983_1920x0_80_0_0_29e16ce88c7a4a97a31b252991e376e7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, садыр жапаров, президент, прокуратура, майрам, куттуктоо
жаңылыктар, коом, кыргызстан, садыр жапаров, президент, прокуратура, майрам, куттуктоо
Прокуратурада чынчыл, принципиалдуу адамдар иштейт. Жапаровдун куттуктоосу
12:41 20.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Президент прокуратура кызматкерлери ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы туруп келишкенин белгилеген.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы
Садыр Жапаров прокуратура органдарында иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, бул күнгө карата салтанаттуу иш-чара өтүп, ага Садыр Жапаров катышкан.
"Мамлекетибиз эчен татаал мезгилдерди баштан кечирип, далай тайгак кечүүлөрдөн өтсө дагы прокуратура кызматкерлери ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы туруп келишкен. Ошол эле маалда кандай гана өзгөрүүлөр болбосун прокуратура органдарында чынчыл, принципиалдуу, баш оту менен өз кесибине берилген, мекен үчүн мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү орнотууга жанын аябаган адамдар эмгектенишет", — деп жазылат куттуктоодо.
Президент прокуратура ардагерлери жаш муундарга таза, кесипкөй жана чынчыл кызматкерлердин үлгүсүн көрсөткөнүн белгилеген. Ал жалпы кызматкерлерге коомго мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.