АКШда сыйлык алган "Шамбала" фильминдеги кичинекей Артур: апамды сагынып ыйладым

© Фото / Кыргыз фильм / Айтыш фильмАктер Артур Аманалиев "Шамбала" тасмасында тартылып жаткан учурда. Архив
Актер Артур Аманалиев Шамбала тасмасында тартылып жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
Жакында эле Лос-Анжелесте өткөн Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалында (AWFF) режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" фильми "Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" сыйлыгын алган. Шамбаланын образын жараткан Артур Аманалиевдин чеберчилигине кино сынчылар жогорку баа беришти.
Дагы белгилей кетүүчү учур, Сүйүндүков "Эң мыкты режиссёр" сыйлыгына татып, ага фестивалдын башкы демөөрчүсүнүн атынан 10 миң доллар берилген.
"Шамбала" фильми Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылган. Жалпы бюджети 20 миллион сомду түзгөн кинону Артыкпай Сүйүндүков 40 жылдан бери пландап жүрүп элге сунуштады. Sputnik Кыргызстан агенттиги учурда АКШда жүргөн 11 жаштагы Артур Аманалиев менен байланышып маектешти.
— Салам, Артур! Өзүң тууралуу айтып берсең?
— Саламатсызбы, мен 2010-жылы 21-декабрда Нарында төрөлгөм. Азыр ата-энем менен Бишкекте жашап, 5-класста окуйм. Эки бир тууганмын, жакында дагы бир бөбөгүм жарык дүйнөгө келет. Карындашым Акылай үч жашта, ал көбүнчө апам менен болот. Жакшы көргөн сабактарым математика жана дене тарбия. Бош убактымда футбол ойнойм, апама жардам берем.
© Фото / Абдулла НурушевАктер Артур Аманалиев сыйлык алган учур
Актер Артур Аманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Актер Артур Аманалиев сыйлык алган учур
— "Шамбала" тасмасына кандайча тартылып калдың?
— Мен мектеп-интернатта окучумун. Ошол жакка Азамат Арыков барып, мени "Тагдыр" деген кыска метраждуу фильмге тартып кеткен эле. Ошондогу сүрөтүмдү көрүшүп, "Шамбала" фильмине кастингге чакырышкан. Алгач мени киргизип үнүмдү текшеришти, анан кыйкыртып сүйлөтүп көрүштү. Тандоо туру бир сааттай болду. Кастингге дагы башка балдар да келишкен. Эртеси эле апама чалып, "балаңыз өттү, алып келиңиз" деп калышты. Апам аябай сүйүнүп "балам, сени киного тандаптыр" деп кучактап өпкүлөдү. Эртеси эле режиссёр жана команда менен таанышып, кино тартуу башталды. Мен анда 2-класста окучумун. Фильмди тартуу иши жайкы эс алуу учурунда башталган. Баарынан кызыгы, Артык агай (Артыкпай Сүйүндүков — ред.) мени дароо жактырып, тандап алган. Агайдын ишеничин актадым деп толук ишенем.
© Фото / Кыргыз фильм / Айтыш фильмТасма тартуу учурунан бир ирмем
Съемки фильма Шамбала - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Тасма тартуу учурунан бир ирмем
— Азыр Лос-Анжелес шаарында жүрөсүңөр, АКШ сага кандай таасир калтырды?
— Америка, албетте, жакшы таасир берди. Бул апамдын кыялы эле. "Кино аркылуу Америкага чейин барып калсаң, ээ" дей берчү. Анан быйыл Артык агай чалып, "ушундай фестиваль болот, Артурду да чакырып жатышат" дегенде апам дароо эле макул болду. Бат эле паспорт, визаларымды жасатып, 30-сентябрдан 31ине караган түнү Америкага учуп келдик. Мени Дарика аттуу эжеке коштоп барды. Беш саатта Түркияда болуп, анан кайра Лос-Анжелеске учтук. Америка бизди жылуу тосуп алды. Баары мени жакшы көрүп, жыргап эле жүрдүм. Сонун кооз жерлерин кыдырдым, аябай жакты. Мени менен сүрөткө түшкөндөр да көп болду.
© Фото / Абдулла Нурушев"Шамбала" тасмасынын режиссеру Артыкпай Сүйүндүков менен
Актер Артур Аманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Шамбала" тасмасынын режиссеру Артыкпай Сүйүндүков менен
— Фестивалда "Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" сыйлыгын алууга да сахнага сени чыгарышты. Толкундандыңбы?
— Ооба, аябай сүйүндүм. Бир башкача сезимдер болду. Толкунданып эмне деп сүйлөөрүмдү билбей калдым, сыйлык алганыбызга чынында аябай кубандым. Көрүүчүлөр жакшы көрүп, кол чаап жатканда өзүмдү укмуш сездим.
— Тасмага тартылуу учурунда эмнеден кыйналдың?
— Кыйынчылыктар көп эле болду. Мени Орозкул кууганда үзүлөйүн деген эски асма көпүрөнүн үстүнөн качам, астында шар аккан суу. Ошондо аябай коркком. Анан сууга түшкөн учурлар болду. Эң акырында бала эңсеген бийик тоого чыгат. Ошондо да кыйналдым. Анан кино тартуу учурунда апамды эстеп, сагынып эле ыйлап жаттым. Эң кичинекейи мен болгондуктан баары эле эркелетип жатышты, бирок баары бир апамды сагындым. Эки-үч ай көрбөй калып жаттым.
— Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын билесиңби? Ага чейин "Ак кеме" чыгармасынын сюжетин окуп, тасмасын көрүп даярдандыңбы?
— Чыгарманы окуган жокмун. Анда 2-класс элем да. Бирок киного тартыларда апам "Ак кеме" фильмин коюп берип "жакшылап көр, ушул баладай ойношуң керек" деген. Эки жолу кайталап көрдүм. Бирок аткарып кете аларыма ишенгем. Мурун тартылган "Ак кеме" фильми менен "Шамбаланын" айырмасы аябай эле чоң. Анда Нургазы, мында Шамбала.
— Нургазыдан сен ойногон Шамбала эмнеси менен айырмаланат?
— Экөө такыр эле эки башка да. Аны башка режиссёр жараткан. Шамбала Артыкпай Сүйүндүковдун көз карашы менен тартылды. Нургазыдан өзгөчөлөндүм деп айта албайм. Болгону Шамбаланы жакшы ойнодум деп ойлойм.
© Фото / Кыргыз фильм / Айтыш фильм"Шамбала" тасмасын тартуу учуру
Шамбала тасмасын тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
1/4
"Шамбала" тасмасын тартуу учуру
© Фото / Кыргыз фильм / Айтыш фильм"Шамбала" тасмасын тартуу учуру
Шамбала тасмасын тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
2/4
"Шамбала" тасмасын тартуу учуру
© Фото / Кыргыз фильм / Айтыш фильм"Шамбала" тасмасын тартуу учуру
Шамбала тасмасын тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
3/4
"Шамбала" тасмасын тартуу учуру
© Фото / Кыргыз фильм / Айтыш фильм"Шамбала" тасмасын тартуу учуру
Шамбала тасмасын тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
4/4
"Шамбала" тасмасын тартуу учуру
1/4
"Шамбала" тасмасын тартуу учуру
2/4
"Шамбала" тасмасын тартуу учуру
3/4
"Шамбала" тасмасын тартуу учуру
4/4
"Шамбала" тасмасын тартуу учуру
— Мен билгенден сен орусча эркин сүйлөйт экенсиң, кыргызча сценарий жаттоо оор болгон жокпу?
— Ооба, мен орус класста окугандыктан бир аз кыйналдым. Кээде мага айрым сөздөрдү орусча түшүндүрүп берип жатышты. Кайра үн жаздырганда да бир аз кыйналдым. Бирок менин ата-энем кыргызча жакшы сүйлөйт. Кыргызча деле билем.
— Эми да киного тартылуу сунушу түшсө макул болосуңбу?
— Сөзсүз, мага жакты. Алдыга койгон көп максаттарым бар. Дагы башка кинолордо роль ойносом деп тилеп жатам. Кино менен иштеп апама көп кабаттуу үйдөн батир алып бергим келет. Апам "окууну жакшы окусаң, көптөгөн ийгиликтерге жетишесиң" деп айтат, балам чет өлкөдө окуса деп аябай кыялданат.
Жаңылыктар түрмөгү
0