Валентина Шевченко Кыргызстанга келет

© Sputnik / Табылды КадырбековВстреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Шевченко кыргызстандыктар менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеген. Ал Бишкекке машыктыруучусу менен келет.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бүткүл дүйнөлүк кулатуу (WEF) федерациясынын вице-президенти Эмил Токтогонов билдирди.
Анын айтымында, спортчу 21-ноябрда саат 6:00дө Кыргызстанга келип конот.
"Аны биз чакырдык, президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ал Бишкекке машыктыруучусу менен келет", — деди Токтогонов.
Шевченконун видео кайрылуусу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.
"Кымбаттуу достор, жакында Бишкекте болом. Силер менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм. Көрүшкөнчө", — деген Шевченко.
Жаңылыктар түрмөгү
0