Эпидемиолог Оторбаева: быйылкы сасык тумоо башкача

© SputnikОоруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Бишкекте курч респиратордук жугуштуу ооруларга чалдыккан балдардын да, чоңдордун да саны өсүүдө. Бул көрсөткүч жылына ушул убакта байкалганы менен быйыл балдардын дене табы көтөрүлүп, сасык тумоо жылдагыдан катуу.
Sputnik Кыргызстан редакциясы азыркы жүрүп жаткан сасык тумоо тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева менен маектешти.
— Азыркы учурда сасык тумоонун кандай штаммдары жүрүүдө?
— Быйыл өткүр курч вирустук оорулар жана сасык тумоо эрте башталды. Бирок жыл сайын эле апрель- октябрь айларында жугуштуу оорулар күч алат. Былтыр коронавируска байланыштуу чектөө киргизилип көпчүлүк үйдө иштеп, балдар онлайн окугандыктан оору аз катталган. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу сасык тумоо эрте башталып, вирус агрессивдүүрөөк да болуп жатат. Быйыл кар эрте жаап, дароо суук түшүп кеткени оорунун таркашын шарттады. Оору башталгандан тарта 44-жуманын жыйынтыгы боюнча ооругандардын 68 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Муну менен оору балдар арасында гана күч алыптыр деп түшүнүүгө болбойт. Болгону ата-энелер балдарын ооруканага дароо алып келип, расмий каттоого алынып жатат. Ал эми чоңдор дарыканага барып дары-дармек алып, өз алдынча дарыланып жүрө берет.
© Фото / предоставлено Динарой ОторбаевойДинара Оторбаева: Мурдагы жылдарга салыштырмалуу сасык тумоо эрте башталып, вирус агрессивдүүрөөк да болуп жатат. Быйыл кар эрте жаап, дароо суук түшүп кеткени оорунун таркашын шарттады.
Заведующая отделом надзора и профилактики инфекционными заболеваниями Минздрава КР Динара Оторбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Динара Оторбаева: Мурдагы жылдарга салыштырмалуу сасык тумоо эрте башталып, вирус агрессивдүүрөөк да болуп жатат. Быйыл кар эрте жаап, дароо суук түшүп кеткени оорунун таркашын шарттады.
— Сасык тумоонун түрлөрү көп эмеспи...
— Ушу тапта сасык тумоонун А түрүнүн Н3N2 субтиби жүрүп жатат. Азыр бир гана сасык тумоо эмес, башка да курч вирустук оорулар катталууда. Былтыр лабораториялык изилдөө жүргүзгөндө сасык тумоо такыр аныкталган эмес. Ал эми башка курч вирустук оорулар жыл сайын эле чыгат. Быйыл метапневмовирус, парагрипптин үчүнчү тиби, боковирус, респиратордук синцитиалдык вирус, риновир деген вирустар чыгып жатат. Бардык эле өткүр курч вирустук ооруларда балдарды эрте дарылап, ооруканага кайрылбаса кичине өтүшүп кеткенден кийин дарылоо кыйыныраак болот. Балдар арасындагы оорунун көп катталып жатканынын бир себеби да ушул. Бөбөктөр абалын чоңдорго түшүндүрүп айтып бере албайт. Ата-эне баланын дене табы көтөрүлгөндө же мурдунан суу агып калганда гана аракет кылып баштайбыз.
— Грипптин А түрү оор өтөрүн билебиз. Керек болсо ал эпидемияны да жаратып коюшу мүмкүн экен. Анын Н3N2 субтибин "Гонконг штаммы" деп да атап жүрүшөт. Ушул штаммга мүнөздөмө берсеңиз?
Улуттук госпиталдын ириңдүү оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты, хирург Улан Наралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Ириңдүү оорулар хирургу Наралиев: эмгекке жарамдуу жигиттердин буту чирип жатат
— "Гонконг штаммы" деп аталган себеби мурдагы жылы грипптин А түрүнүн Н3N2 субтиби боюнча оорунун очогу аталган шаарда катталган. Ошондон улам ушундай маалыматтарды кездештирүүгө болот. Анткени Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун референс-лабораторияларындагы тактоо учурунда вирус биринчи кайсы шаардан аныкталып, анан дүйнөгө тараса аталышына ошол калаанын атын кошуп жазып коюшат. Бул эч нерсени чечпейт жана вирустун табиятына таасири тийбейт. Негизинен көндүм вирустун геному өзгөрүп, бир жеринен мутация болсо гана оору катуу жүрүшү мүмкүн. Оорунун бул түрү мезгилдик эле оору болуп эсептелет. Быйыл коронавирус менен грипп кошо жүрүп жатат. Сасык тумоонун түрлөрү деле пандемияга чейин жеткирген учурлар болгон. Анткени сасык тумоонун вирусу мутация болууга ылайыктуу. Мурдагы жылы грипптин үч түрүн тактаганбыз. Бирок анда "В" түрү гана үстөмдүк кылган. Азыр жугуштуу оорулар жүрүп жатат, эми оору басаңдаганга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму көрсөткөн түрлөрү да кошулабы же ушуну менен бүттүбү, белгисиз. Айрым жылдары вирустун бир-эки түрү да кошулуп калат.
— Балдар арасындагы оорунун көбөйүү себеби эмнеде?
— Балдардын оорусуна негизи чоң кишилер себепкер болот. Анткени алар ооруга чыдап жүрө берип, кичинекейлерге жуктурушат. Үйдө эң биринчи оорубаган киши тамактанып, анан желдетип туруп, ооруган киши тамак ичиши керек. Же өзүнчө бөлмөдө тамак бергенге туура келет. Ошол себептен гриппке каршы вакцина алуу зарыл. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жугуштуу ооруларга каршы эмдөөнү алты айдан ашкан балдарга алууга уруксат берет.
© Sputnik / Асель СыдыковаДинара Оторбаева: ооруну алдын алуу үчүн алгач иммунитетти көтөрүү керек. Ал үчүн убагында тамактанып, уктап, таза абага көп чыгуу абзел. Андан тышкары, социалдык аралыкты колдон келишинче сактоо зарыл. Туура дарылануудан да көп нерсе көз каранды.
Заведующая отделом надзора и профилактики инфекционными заболеваниями Минздрава КР Динара Оторбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Динара Оторбаева: ооруну алдын алуу үчүн алгач иммунитетти көтөрүү керек. Ал үчүн убагында тамактанып, уктап, таза абага көп чыгуу абзел. Андан тышкары, социалдык аралыкты колдон келишинче сактоо зарыл. Туура дарылануудан да көп нерсе көз каранды.
— Сасык тумоого каршы буга чейин вакцина алгандар болдубу? Балдар арасында эмдөө кандай жүрүп жатат?
— Министрлик тарабынан жыл сайын вакцина сатып алынат. Беш жыл мурдагыга караганда балдар жана чоңдор арасында жугуштуу ооруларга каршы вакцина алгандар көбөйдү. Мурда аябай аз болчу. Жылдан-жылга медициналык жактан адамдардын аң-сезими өсүп жатканы байкалат. Айрымдар "былтыр вакцина алгандыктан оору жеңил өттү. Быйыл да алат элем" деп чалышат. Бул туура. Эмделгенден кийин грипп жукпай калбайт, бирок оору жеңил өтөт. Азыр кош бойлуу аялдар да ала баштады. Анткени ичиндеги баланын да коопсуздугун ойлоо керек.
— Коронавируска жана сасык тумоого каршы эки башка эмдөөнү бир жылдын ичинде алууга болобу?
— Эки ооруга каршы вакцинаны бир жылдын ичинде алууга уруксат. Бул боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун деле сунуштары бар. Мисалы, мен коронавируска вакцина алып, 14 күндөн кийин сасык тумоого ала берсем болот. Коронавирус жаңы болгондуктан "экөөнүн ортосунда аралык болсун" деп 14 күндү белгилеп жатабыз.
— Оорунун биринчи белгилери байкалганда эмне кылуу керек, алдын алуу туурасында айтып берсеңиз?
Диабетикалык бут жана айыкпаган жаралар клиникасынын жетекчиси Максат Бообеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Подиатр Бообеков: дүйнөдө 20 секунд сайын диабетке кабылган бир кишинин буту кесилет
— Албетте алгач иммунитетти көтөрүү керек. Ал үчүн убагында тамактанып, уктап, таза абага көп чыгуу абзел. Андан тышкары, социалдык аралыкты колдон келишинче сактоо зарыл. Туура дарылануудан да көп нерсе көз каранды. Жаңы ооруп баштаганда антибиотик ичүүгө болбойт. Ооруган күндүн биринчи күнүнөн 5-күнүнө чейин ал эч нерсеге таасир этпейт. Бирок дары организмде калып калат да антибиотикке көнүп, кийин башка ооруга таасир этпей калат. Ошол себептен медициналык кызматкерлерге кайрылып, оорунун симптомуна жараша дарылануу кажет.
— Үй шартында элдик ыкмалар менен дарылануу тууралуу кандай ойдосуз?
— Көбү үйдөн ысык сүткө чеснок, бал же сары май кошуп ичишет. Мунун баары медицинада физиотерапияга кирет. Суук тийгендиктен мурундун тегереги кызарып кетет эмеспи. Чесноктогу витаминдер ошол ооруну жоюп, кетирүүгө көмөкчү. Анткени бул азыктарда да керектүү витаминдер бар. Аталган азыктагы керектүү заттар иммунитетти да көтөрүүгө жакшы жардам берет деген ойдомун. Өзүм эч качан май сүйкөп көргөн эмесмин, кеңеш бере албайм. Ал эми ооруп жатканда жылуу сууну көп ичүү пайда. Суюктук вирустун организмден тез чыгып кетишине жардам берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0