Ириңдүү оорулар хирургу Наралиев: эмгекке жарамдуу жигиттердин буту чирип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук госпиталдын ириңдүү оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты, хирург Улан Наралиев
Улуттук госпиталдын ириңдүү оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты, хирург Улан Наралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Республикада ар кандай оорулардын санынын өсүшү менен оорунун кабылдап кеткен учурлары да көп катталат. Булардын катарында ириңдүү оорулар да бар.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Улуттук госпиталдын ириңдүү оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты, хирург Улан Наралиев менен ириң ооруларын алдын алуу туурасында маектешкен.
— Ириңдүү хирургия бөлүмүн эң татаал тармак дешет. Башка бөлүмдөрдөн эмнеси менен айырмаланарын айтып берсеңиз?
— Бул бөлүм Улуттук госпиталда жайгашкан. Ал жалпы республикадагы ооруларды дарылоо жана алдын алуудан тышкары жогорку жана орто медициналык окуу жайлардын базасы болуп да саналат. Негизинен бөлүмгө аймактардагы ириңдүү оорулар менен жабыркап, мурда да операция болуп айыга албай жаткан бейтаптар жана абалы оорлор келет.
— Кайрылгандардын арасында кандай дарттар басымдуулук кылат?
— Биздин бөлүмдөгү ооруларды негизинен үч топко бөлөт элем. Биринчи топко кант диабетинин кабылдап кетүүсүнөн улам буту ириңдеп жабыркаган бейтаптар кирет. Булар жалпы кайрылгандардын 40 пайызын түзөт. Экинчиси, мурда аймактык ооруканаларда бир нече жолу операция болсо да жакшы боло албагандыктан атайын медициналык багыттама менен келгендер. Мындай ички көңдөй хирургиялык ооруларынан жабыркаган бейтаптардын саны 30-35 пайыз. Ал эми калгандары булчуң эттери жана сөөк ткандары ириңдеп кеткендер. Абалы оорлор диабетикалык бут менен жабыркагандар. Буту ириңдеп, чирип кетип кайрылгандардын саны жыл сайын көбөйүп бара жатат. Анын үстүнө оорунун жашарып жатканы да байкалат. Кант диабети биринчи жана экинчи тиби болуп экиге бөлүнөт. Экинчисин кары кишилердин оорусу деп айтчу элек. Азыр муну менен жаштар да жабыркап, жумушка жөндөмдүү кезинде бутунан айрылып калышууда.
© Фото / предоставлено Уланом НаралиевымУлан Наралиев: ириңдеп кеткен диабетикалык бут менен 16-17 жаштагы өспүрүмдөр эмгекке жарамдуу курагында көп келишет
Хирург Улан Наралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Улан Наралиев: ириңдеп кеткен диабетикалык бут менен 16-17 жаштагы өспүрүмдөр эмгекке жарамдуу курагында көп келишет
— Бардык эле оорулар өмүргө коркунуч жаратат эмеспи...
— Бизде эң кооптуусу — кант диабети. Экинчиден, операция жасалган ички орган ооруларынын кабылдап кетиши, анан ириңдүү оорулар көпкө созулуп кетсе сепсис (ириңдетүүчү микробдун кан жана лимфа жолдоруна өтүп, андан оорулуунун бардык тканы менен органдарына жайылып кетиши — ред.) болуп кетет. Азыркы учурда ушул дарттар биздин тармакта негизги ролду ойнойт. Былтыркы жылдын отчёту боюнча диабетикалык бутун кестиргендердин статистикасы абдан кейиштүү болду. Мындайча айтканда, жогорку чекке жеткен. Буга 1-2-звенодогу кант диабети өз убагында тастыкталбагандыгы себеп. Качан гана буту ириңдеп кеткенде кант диабети бар экенин билгендер көп. Демек, оорунун баштапкы этаптарында эле дартты аныктоо көп кыйынчылыктан куткарат. Бизде канчалаган жарандар оору өтүшүп кеткенде гана билип жатышат. Ушул жагы өкүнүчтүү.
Улуттук онкология жана гематология борборунун онкологу, маммолог, жогорку категориядагы дарыгер Ибрагим Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Онколог-маммолог: тай жагында эмчек рагы бар адам сөзсүз анализ тапшырышы керек
— Кант диабети жашарды дедиңиз. Бейтаптардын эң жаш курагы канчада?
— Бизге 16 жаштан өйдө кайрылышат. Ага чейинки бөбөктөр №3 балдар ооруканасында дарыланышат. Бизге ириңдеп кеткен диабетикалык бут менен 16-17 жаштагы өспүрүмдөр эмгекке жарамдуу курагында көп келишет. Дартты убагында аныктаса, алардын буттарын сактап калса болот эле. Ошого жараша диета кармап, профилактикалык иштерди жасаса оору да басаңдайт. Кант диабетине кабылып калгандар убагы менен дарыланып, сөзсүз каттоого алынышы абзел. Азыр бизде кант диабетинин атайын диспансерлери иштейт. Бейтап ал жерден дайыма эндокринолог менен байланышта болуп, канттын көлөмүн түшүрүүчү препараттарды ичип турушу керек. Кант диабети буттагы кан тамырлардын иштешин начарлатат же жок кылат. Ошол себептен жогоруда айтылган гангрена (ткандардын бузулушунун (жансызданышынын) бир түрү — ред.) келип чыгат. Ага эндоваскулярдык хирургия талап кылынат. Операцияда солгундап бара жаткан кан тамырдын ичине атайын металл каркас коюп чыгышат. Мындай жол менен кан айлануу да жакшырып, организмди гангрена болуп, чирип кетүүдөн сактайт. Мындай операциялар азыр Бишкекте да жасала баштады.
— Кант диабетинен тышкары гигиенаны сактабагандыктан деле буту ириңдеп кеткен бейтаптар кездешсе керек. Алардын негизги катачылыгы эмнеде?
— Ооба, кездешет. Заманга жараша айрым ооруларга агрессивдүү инфекциялар себеп болууда. Өз убагында тазалабагандыктан же микроб организмге терең кирип кеткендиктен акыркы учурда патогендүү микроорганизм оорулары курчуй баштады. Булар кээ бир учурда гана өзүнүн патогендүүлүгүн көрсөтөт. Ал эми башка убакта биз менен жашап жүрө берет. Эгерде мындай микробдорду өз убагында байкап, инфекциянын очогуна кислород киргизип койсо дароо токтоп калат. Анткени мындай микробдор табиятынан кычкылтек жетпеген жерде жашап көбөйүшөт. Бирок бул дарт да ооруканага кеч кайрылган бейтаптардын айрымдарынын өмүрүн алып коёт.
© Sputnik / Табылды КадырбековУлан Наралиев: заманга жараша айрым ооруларга агрессивдүү инфекциялар себеп болууда. Өз убагында тазалабагандыктан же микроб организмге терең кирип кеткендиктен акыркы учурда патогендүү микроорганизм оорулары курчуй баштады.
Хирург Улан Наралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Улан Наралиев: заманга жараша айрым ооруларга агрессивдүү инфекциялар себеп болууда. Өз убагында тазалабагандыктан же микроб организмге терең кирип кеткендиктен акыркы учурда патогендүү микроорганизм оорулары курчуй баштады.
— Сиздердин бөлүм республика боюнча жалгыз болсо керек. Жабдылышы кандай, толуктоого муктажбы?
— Биздин бөлүм мамлекеттик оорукана болгону үчүн республиканын бюджетинен каржыланат, абалы мамлекеттин экономикасына байланыштуу. Азыр айрым техникалык жетишпестиктер толукталып жатат, жаман эмес.
— Кайсы бир мүчөсү гангрена болуп кеткен адамга операция жасоо же аны айыктыруу мүмкүнчүлүгү барбы?
— Гангрена — бул, кыргызча айтканда, ал органда жашоо жок дегенди эле билдирет. Гангрена болуп кеткен бутту же манжаны алып гана салууга болот. Андан көрө буга жеткизбегенге аракет кылуу керек. Биздин Улуттук госпиталдын бейтапканасы бар. Баары негизинен ошол бейтапканага кайрылып, андагы функционалдык бөлүмдөн текшерилип, анализдерин тапшырып, анан бизге жөнөтүлөт. Бирок дүйшөмбү күнү шаар боюнча шашылыш түшкөн гангрена өңдүү ооруларды кабыл алабыз. Андан тышкары, бизге ички органдары операция болуп, кабылдап кеткендер көп келет. Азыр башкы дарыгерибиз текшерүүчү жаңы аппараттарды коюп, жабдыктарды жакшыртууда. Ошентсе да кээ бир МРТ, КТ өңдүү аппараттар азырынча жок. Ошол себептен аларды текшерилүү үчүн менчик ооруканаларга жөнөтөбүз.
Баланы карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Ээги көкүрөгүнө жетпей желке тырышат. Менингит дарты тууралуу маек
— Бейтаптардын канча пайызы операциядан кийинки кыйынчылыктарга туш болот?
— Негизи пайызын айтуу кыйын. Бизге жылына 1200 бейтап келип түшөт. Ошонун ичинен 1000ден ашыгына операция жасалат. Анын 50-60 пайызы мурда операция болуп келгендер, 30-40 пайызы оор хирургиялык операцияга муктаждар болот. Биздин бөлүм ириң хирургиясы болгондуктан бейтаптардын 90 пайыздан ашыгынын өзүнө болгон мамилеси, жоопкерчиликсиздиги кейитет. Себеби оорунун тарыхын карап көрсөк убагында дарыгерлерге кайрылбаганы кедерги болот. Айрым учурда алыскы аймактарда медициналык жабдуулардын жогу кесепетин тийгизет. Бизге көбү ириң агып, дене табы 39-40тан түшпөй келишет. Бирок адам баласы жаратылышынан өтө бышык жана чыдамкай экен. Бутунан баштап көкүрөгүнө чейин өтүшүп кеткен ириң оорулары бар. Аларды көрүп, эгер ушул оору жаныбарда болсо көтөрө алмак эмес го деп ойлойм. Дарыгер катары кыргызстандыктардын ооруну алдын алууга көп көңүл бурушун каалар элем.
Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader