Суранова Перизаткан Юлдашалиевна — өмүр баяны

© Фото / Игорь КоваленкоКандидат в депутаты ЖК от партии "Ата Мекен" Перизаткан Суранова
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата Мекен Перизаткан Суранова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Перизаткан Суранова 1978-жылы 21-октябрда Ош облусунун (учурдагы Баткен) Кызыл-Кыя шаарында туулган. 1996-жылы №8 Караван кесиптик-техникалык лицейинде "бухгалтер" адистигин окуган.
  • 1998-2003 — Ош технологиялык университетинин Кызыл-Кыя филиалында (учурдагы Баткен мамлекеттик университетинин Технология, экономика жана укук институту) "бухгалтер-аудитор" адистигин бүткөн.
  • 2003-2005 — №16 Ош кесиптик лицейинде "кенже банк менеджери" адистигин аяктаган;
  • 2009-2011 — Президенттин алдындагы малмекеттик башкаруу академиясында менеджмент (мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу) боюнча магистратурада окуган;
Эмгек жолу:
  • 1996-1997 — Кызыл-Кыя мунайзат базасында бухгалтер-оператор;
  • 1997-1998 — Ош технологиялык университетинин Кызыл-Кыя филиалында гуманитардык дисциплина кафедрасында лаборант;
  • 1998-2000 — Ош технологиялык университетинин Кызыл-Кыя филиалында канцелярия башчысы;
  • 2000-2002 — Нефть, газ жана энергетика Түштүк институтунун кадрлар бөлүмүнүн башчысы;
  • 2001-2020 — "Каныкей эне" коомдук фондунун президенти;
  • 2002-2003 — Жарандык коомду колдоо борборунун өнүктүрүү боюнча менеджери;
  • 2003-2007 — Консорциум коммерциялык эмес уюмунун төрайымы;
  • 2008-2009 — "Биек карго" компаниясында персоналды административдик башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2009-2018 — "Билингва" компаниясынын директору;
  • 2019-2021 — "Глобал ПАУЭ" компаниясынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул кезге чейин "Арча тревел" компаниясында консультант.
2007-2020-жылдары "Замандаш" партиясынын мүчөсү, 2011-2020-жылдары партиянын саясий кеңешинин мүчөсү. 2021-жылы "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0