Кочкор округунан шайлоого 16 талапкер чыкты. Тизме
01:54 03.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
Жазылуу
Кочкор шайлоо округунан 16 талапкер ат салышат. Арасында Жогорку Кеңештин депутаты, журналист, фермер, мамлекеттик кызматкерлер бар.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын облусундагы № 32 Кочкор шайлоо округунун талапкерлеринин тизмесин жарыялады.
Аталган округда жалпы 104 миң 250 шайлоочу бар. Анда 16 талапкер ат салышат. Арасында ЖК депутаты, журналисттер да бар.
- Кулбараков Абтандил Илдузович, 21.09.1961, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин "товар таануу" адистиги боюнча аяктаган. ЖК депутаты.
- Жумаев Сайранбек Кенешбекович, 02.02.1962, Скрябин атындагы айыл чарба университетин "ветеринария" адистиги боюнча бүтүргөн. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек аймактык башкармалыгынын текшерүү инспекциялык кызматынын начальниги болуп иштейт.
- Жапанов Аттокур Асаналиевич, 04.05.1970, Орус тили жана адабияты педагогикалык институтун "орус тили жана адабияты" адистиги боюнча бүтүргөн. Учурда Кыргыз-Россия Славян университетинде профессор.
- Турумбеков Максатбек Медербекович, 28.02.1983, Евразия университетинде "юриспруденция" адистиги боюнча окуган. Азыр Экономика жана финансы министрлигинин сот органдары менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштейт.
- Алымжанов Айбек Орозбекович, 16.08.1970, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн. "Жандос" ЖЧКсынын генералдык директору.
- Асанбаев Майрамбек Жекшенович, 29.10.1966, Скрябин атындагы айыл чарба университетин "агрономия" адистиги боюнча аяктаган. Фермер.
- Мелисов Азамат Канатбекович, 24.03.1989, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан "экономика" адистиги боюнча билим алган. "Автодор" ЖЧКсынын директору.
- Омолдошова Айжан Рыскуловна, 02.04.1978, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "журналистика" адистиги боюнча бүтүргөн. КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналынын атайын корреспонденти.
- Керимкулов Нурлан Бейшенбекович, 14.02.1975, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча окуган. Адвокат болуп иштейт.
- Ажымамбетов Актан Айылчиевич, 24.05.1979, Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. Коррупцияга каршы элдик союздун директору.
- Самудинова Айнагуль, 03.03.1957, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "бухгалтердик эсеп жана чарбалык ишмердүүлүк анализдөө" адистиги боюнча окуган. Жумушсуз.
- Турдубаев Съездбек Жумашалиевич, 10.07.1962, Фрунзе политехникалык институтун "өнөр жай жана жарандык курулуш" адистиги боюнча аяктаган. Мугалимдер конгрессинин төрагасы.
- Самыйкожо Мирлан, 19.05.1984, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин "журналистика" адистиги боюнча окуган. Учурда эч жерде иштебейт.
- Нурбек уулу Ормон, 02.10.1990, Заманбап маалыматтык технологиялар институтун "прикладдык информатика" адистиги боюнча аяктаган. "Таза-Мекеним" ЖЧКсынын генералдык директору.
- Сардарбеков Сабырбек, 01.03.1957, Алматы политология институтунда мугалимдикке окуган. "Кара-Шумкар" ЖЧКсынын директору.
- Ниязалиева Дамира Абаскановна, 20.01.1960, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн. Pharm trade ЖЧксынын кризис менеджери.
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 эл өкүлүнөн куралат: 54ү пропорционалдык жол менен партиянын ачык тизмеси аркылуу келсе, 36 депутат мажоритардык система менен бир мандаттуу округдан шайланат.