Исаков Исмаил Исакович — өмүр баяны
05:59 02.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Табылды КадырбековГенерал-лейтенант, экс-министр обороны Исмаил Исаков
Жазылуу
Исмаил Исаков 1950-жылы 10-июнда Ош облусуна караштуу Алай аймагынын Сопу-Коргон айылында туулган.
Билими:
- 1973-жылы Ташкент шаарындагы Жалпы аскердик жогорку командалык окуу жайын аяктаган;
- 1978-жылы Венгриядагы Марксизм-ленинизм университетин бүтүргөн;
- 1984-жылы Фрунзе атындагы Аскер академиясын, 1989-жылы "Выстрел" жогорку офицердик курсун бүтүргөн;
- 1996-жылы РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академиясын аяктаган;
- 1998-жылы Италиянын Гуманитардык укуктук эл аралык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 1973 — Венгрияда взвод командири;
- 1978-1981 — Украинада рота командири, штаб жетекчисинин орун басары, аскердик жетекчиликтин ар кандай тепкичтеринде эмгектенген;
- 1994-1999 — КР Коргоо министрлигинин башкы штабынын башчысы жана министрдин биринчи орун басары;
- 2000-2005 — Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитеттин төрагасы;
- 2001 — КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын тышкы байланыштар, коопсуздук жана региондук өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары;
- 2005-2008 — коргоо министри;
- 2008 — Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- 2010 — коргоо министринин милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү;
- 2010 — Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты.