Алай шайлоо округунан Жогорку Кеңешке аттанган талапкерлердин тизмеси

© SputnikАлай шайлоо округу
Алай шайлоо округу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Бир мандаттуу округ боюнча ат салышкандардын ичинен эң көп добуш алгандар жеңип чыгат. Алай округунда жалпы 115 миң 944 шайлоочу бар.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Ош облусунун №11 Алай шайлоо округунан талапкер болгондордун тизмесин жарыялады.
Аталган округдун бюллетенине беш талапкер кирди. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты да бар.
  1. Примов Улан Бердибаевич, 07.12.1978. Ош технологиялык университетинин каржы жана экономика факультетин, Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүргөн. ЖК депутаты;
  2. Божонов Замирбек Сабиржанович, 16.04.1975, Ош мамлекеттик университетин "кыргыз тили жана адабияты" багыты боюнча бүтүргөн. Учурда аталган ЖОЖдун окуу иштери боюнча проректору;
  3. Саипов Бакытбек Саипович, 07.10.1970, Кыргыз мамлекеттик университетинде "бухгалтердик эсеп, чарбалык ишмердүүлүктү көзөмөлдөө жана анализ" адистиги боюнча окуган. "Эко Исламик Банк" жабык акционердик коомунун аймактык филиалында иштейт;
  4. Орунбеков Дайырбек Тейишович, 01.01.1987, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "тарых" адистиги боюнча бүтүргөн. Учурда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы болуп иштейт;
  5. Тоотаев Улукмырза Абдилашимович, 09.04.1993, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "юриспруденция" адистиги боюнча окуган. Учурда "Хадижа" ЖЧКсынын генералдык директору.
Эске сала кетсек, бир мандаттуу округ боюнча ат салышкандардын ичинен эң көп добуш алгандар жеңип чыгат. Эгер бир нече талапкер бирдей добуш алып калса, документин биринчи болуп БШКга тапшырып каттоодон өткөргөн киши эл өкүлү болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0