АКШ президенти Европада. Россияны кантип "күнөөсүн" мойнуна алдырып, төлөтүшөт?

© REUTERS / POOLАКШнын президент Жо Байден
АКШнын президент Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Жо Байден Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен кезигип, G20нын эки күндүк саммитине катышууда. Президенттик кортежден улам Римдин кыйма-чийме жолдору ээнсирей түштү.
Ватиканда Байден Рим папасы Франциск менен гана кезикпестен, өзү катуу таарынтып алган Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен да мамилесин оңдоп алды. Ал капа болбой анан... Биринчи маселе афган фронтунда, Байден НАТОдогу европалык союздаштары менен масилеттешип да койбостон аскердик күчтөрдү өлкөдөн чыгарып кеткен.
Кийин дагы бир "сокку урулду": Кошмо Штаттар жаңы AUKUS аскердик союзуна Австралияны чакырды. Бул иштен улам аны франциялык суу түбүндө жүрүүчү кайыктарга болгон көп миллиарддык келишимден баш тартууга аргасыз кылышкан.
Ошол эле учурда француздарга Индия Кытай өлкөлөрүндө эми америкалыктар, англиялыктар жана австралиялыктар тескей турганын кыйытышты. Макрондун кыжыры кайнап, тарыхта алгач ирет Вашингтондогу элчисин чакыртып алган эле. Анткен менен Ватикандагы француз элчилигинде Байден менен кезигүүдө президенттер жаңжал жөнгө салынганын билдиришкендей болду.
Француз аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Таарынды. НАТО дүйнөдөгү ири аскер державанын биринен айрылышы мүмкүн
Байден эч нерсеге жооп бербес, кайда экенин жакшы түшүнбөс адамдын ролун дагы бир ирет ийгиликтүү ойноп койду. "Менин кабарым жок, — деп жооп кайтарды ал кабарчынын соболуна. — Францияга маалымдашты деп ойлогом (AUKUS аскердик биримдигин түптөө маселеси боюнча)...".
Сентябрда Германия Америка Кошмо Штаттарынын лидерлери келишим түзгөндөй болгон эле. Меркель (же анын ордуна келе турган канцлер) Россияны 2034-жылга дейре Украинаны газ менен камсыз кылууга аргасыз кылмак. Бул үчүн алар америкалыктардан "Түндүк агым — 2" долбооруна уруксат алышат.
Римде АКШ президентинин батыш лидерлери менен жолугушуусу америкалык тышкы саясаттын негизги көйгөйүн көрсөттү. Кошмо Штаттар башка мамлекеттерге ар кыл келишим, макулдашуу, контракт жана конвенцияларды таңуулайт. Бирок соңку жылдары АКШнын аларды өзү аткара албагандыгынан эң жакын жана ишенимдүү союздаштары жабыр тартып жүрөт.
2015-жылы Вашингтон ирандык өзөктүк программа боюнча макулдашууну колдогон, 2018-жылы андан баш тарткан, эми кайра сүйлөшүүлөргө кызыкдарлыгын билдирүүдө. Климат боюнча Париж келишими менен да ушундай эле болгон. 2015-жылы кол коюп, 2020-жылы андан чыгып, быйыл кайра колдоого алган.
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Улуу Британия премьер-министри Борис Жонсон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Путин менен Жонсон Афганистандагы абалды талкуулады: НАТОнун уяты ойгондубу?
Мындай эл аралык макулдашууларга катышкан башка мамлекеттер өз милдеттенмелерин так аткарышат. Маселен, өнөр жай калдыктарын тазалап, көмүр кычкыл газынын чыгарылышын кыскартууда. Айтмакчы, бүгүн Россия аларды азайтуу боюнча дүйнөлүк чемпион. Ал эми Кошмо Штаттар — дүйнөдөгү эң ири көмүр кычкыл газын өндүрүүчү. Глобалдык жылуулукту шылтап адамзаттын үрөйүн учурганы менен өздөрү энергетикалык башка жолго өтүүгө ашыкпайт.
Коронавирус пандемиясы, албетте, РФ президенти Путин менен КЭР лидери Си Цзиньпиндин "Ири жыйырмалыктын" жыйыны жана Глазгодогу климаттык саммитке катышпоо чечимин кабыл алууда өз ролун ойноду. Бирок андан да маанилүүсү — батыштык өнөктөштөрдүн келишимдерди аткара албастыгы.
Римдеги "Ири жыйырмалыктын" жолугушуусу Глазгодогу климаттык саммитке өттү. Жо Байден глобалдык жылуулукка каршы жаңы америкалык саясаты менен аттанган. Ал туурасында белдүү америкалык басылмада, Foreign Affairs журналында кеңири чагылдырылган.
Үмүткөр кылган америкалыктардын ачылышы "мамлекеттин ресурстары анын улуттук байлыгы эмес, ал бүт дүйнөгө таандык". Эгер эгемен мамлекет өз табигый байлыктарын туура эмес пайдаланса, ал чет өлкөлүк интервенцияга татыктуу.
Америкалык жаңы саясаттын артыкчылыгы эмнеде? Ал экология жаатындагы ар кандай эл аралык макулдашууларга кол койгон мамлекеттерге таралат. Мисалы, биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо жөнүндөгү конвенция. Ал 1992-жылы кабыл алынган, кол койгондордун арасында Буркина-Фасодон Кытайга, Россиядан Кук аралдарына чейинки мамлекеттер бар.
АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
АКШ дүйнөнү 2040-жылы куралдуу ири кагылышуулар күтүп турганын божомолдоодо
Америкалык жаңы саясатты жүзөгө ашырууга АКШнын да, Европанын да эч кандай рычагдары байкалбайт. Рим жана Глазгого Путин жана Си Цзиньпиндин барбаганы – кыйла катуу кагылган коңгуроо. Бул эки мамлекетсиз мындай аңгеме-дүкөндөрдүн келечеги жок.
Балким, Байден мырзага бүтүн дүйнөнү тескеп жаткандай сезилер, мүмкүн ааламды башкарып тургандай туюлар. Бирок саммиттер аяктаган соң Байден да кетет, европалыктар реалдуу дүйнөгө кайтат. Ал эми анда аларга Россия жана Кытай менен кайра башынан таза, өз ара пайдалуу алака түзүүгө туура келет. Көп учурда Вашингтондун кыйкырыгына да кулак жапырууга аргасыз болушат. Оңой-олтоң эмес, бирок андайга көнүүгө мезгил жетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0