https://sputnik.kg/20211101/krdegi-mashinalardyn-baasy-boyuncha-infografika-1054433221.html
Автоунаа кымбаттап эле баратат! Кыргызстандагы жеңил машиналардын баасы
Автоунаа кымбаттап эле баратат! Кыргызстандагы жеңил машиналардын баасы
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан ар бир жумада автоунаа базарындагы машиналардын канчага сатылып жатканы тууралуу маалымат берип келет. Бул ирет эл көп колдонгон седандардын... 01.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-01T10:54+0600
2021-11-01T10:54+0600
2021-12-15T23:00+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
экономика
инфографика
мультимедиа
автоунаа
кымбаттоо
машина
базар
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0f/1059274670_0:263:1200:938_1920x0_80_0_0_ab48736c145c7025ca54e6618c872e4f.png
Редакция autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарын карады. Окурмандардын ыңгайы үчүн машинанын ар бир үлгүсүнүн орточо баасы келтирилди.Эң өтүмдүү автоунаалар:Инфографикада чыккан жылы да айдоочулар арасында суроо-талапты көп жараткан автоунаалардын орточо наркы көрсөтүлдү. Toyota Camry, Mercedes-Benz S-класс, Hyundai Sonata, Honda Accord жана BMW E60 5-сериядагысы кымбаттап кетиптир.Баса, биз сатуучулар айткан баанын орточосун алып беребиз. Демек, бул баалар ар бир сомуна чейин дал ошондой деген түшүнүк эмес. Сатуучулар менен эксперттер темир тулпарлар мындан ары да кымбаттайт деп айтып жатышат. Элдар Абакировдун пикиринде, бул акчанын баркынын кетишине алып келет.Чет өлкөдөн автоунаа ташып келген Данияр Салякаев да автокөлүктөр арзандайт деп күтпөй эле коюш керектигин айтат."Азыр бардык автоунаалар, ал тургай эл аз сурагандары да кымбаттап жатат. Мындай абалдан улам арзандоону күтүп болбойт. Эгерде жакшы машина алам десеңиз бир жылга караганда экинчи жылы көбүрөөк кылып акча топтошуңуз керек. Азыр жагдай ушундай", — деди ал."Элчи" социалдык-саясий изилдөөлөр борборунун директору Денис Бердаков баалардын кымбатташы ири автоконцерндер башынан өткөрүп жаткан каатчылыкка түздөн-түз байланыштуу деп эсептейт.Ижарага батир издеп жүрөсүзбү? Октябрдагы баалар>>
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0f/1059274670_0:150:1200:1050_1920x0_80_0_0_4f2d6f1ad1ecfc78bc46786647a5c01c.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, экономика, инфографика, мультимедиа, автоунаа, кымбаттоо, машина, базар, эксперт, авто, унаа, инфографика
жаңылыктар, коом, кыргызстан, экономика, инфографика, мультимедиа, автоунаа, кымбаттоо, машина, базар, эксперт, авто, унаа, инфографика
Автоунаа кымбаттап эле баратат! Кыргызстандагы жеңил машиналардын баасы
10:54 01.11.2021 (Жаңыртылды: 23:00 15.12.2021) Sputnik Кыргызстан ар бир жумада автоунаа базарындагы машиналардын канчага сатылып жатканы тууралуу маалымат берип келет. Бул ирет эл көп колдонгон седандардын 2020-жылдын декабрынан тарта 2021-жылдын октябрына чейинки бааларына көз жүгүрттүк.
Редакция autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарын карады. Окурмандардын ыңгайы үчүн машинанын ар бир үлгүсүнүн орточо баасы келтирилди.
Инфографикада чыккан жылы да айдоочулар арасында суроо-талапты көп жараткан автоунаалардын орточо наркы көрсөтүлдү. Toyota Camry, Mercedes-Benz S-класс, Hyundai Sonata, Honda Accord жана BMW E60 5-сериядагысы кымбаттап кетиптир.
Баса, биз сатуучулар айткан баанын орточосун алып беребиз. Демек, бул баалар ар бир сомуна чейин дал ошондой деген түшүнүк эмес. Сатуучулар менен эксперттер темир тулпарлар мындан ары да кымбаттайт деп айтып жатышат. Элдар Абакировдун пикиринде, бул акчанын баркынын кетишине алып келет.
"Азыр элдин колунда өтө көп ачка бар. Бул нерсе алар байып кетти дегендик эмес, болгону акчанын баркы кетип жатат. Америкада же Россияда эле эмес, Кыргызстанда деле ушундай көрүнүш. Мындан улам автоунаалардын да баасы көтөрүлүп жатат", — деди эксперт.
Чет өлкөдөн автоунаа ташып келген Данияр Салякаев да автокөлүктөр арзандайт деп күтпөй эле коюш керектигин айтат.
"Азыр бардык автоунаалар, ал тургай эл аз сурагандары да кымбаттап жатат. Мындай абалдан улам арзандоону күтүп болбойт. Эгерде жакшы машина алам десеңиз бир жылга караганда экинчи жылы көбүрөөк кылып акча топтошуңуз керек. Азыр жагдай ушундай", — деди ал.
"Элчи" социалдык-саясий изилдөөлөр борборунун директору Денис Бердаков баалардын кымбатташы ири автоконцерндер башынан өткөрүп жаткан каатчылыкка түздөн-түз байланыштуу деп эсептейт.