https://sputnik.kg/20211028/bishkek-batir-izhara-aky-1054378917.html
Ижарага батир издеп жүрөсүзбү? Октябрдагы баалар
Ижарага батир издеп жүрөсүзбү? Октябрдагы баалар
Sputnik Кыргызстан
Октябрда Бишкектеги "элиткалардын" ижара акысы кымбаттады. Башкаларга салыштырмалуу жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлер арзандаган. 28.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-28T18:00+0600
2021-10-28T18:00+0600
2021-12-15T15:42+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
инфографика
мультимедиа
бишкек
батир
ижара
эмерек
https://sputnik.kg/img/07e8/03/07/1083237723_0:263:1200:938_1920x0_80_0_0_95ec9084074a896a82d2e84c53192de4.jpg
Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып, өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.Бул материалды даярдоо учурунда 641 жарнама каралды. Октябрда деле өткөндөгүдөй эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.Бардык типтеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы кайрадан жогорулады. Жеке типтеги бир бөлмөлүү батирге мурдагыга караганда 1 100 сом көп төлөөгө туура келет. Үч бөлмөлүү "элиткалар" болсо 2 900 сомго кымбаттады. 105-сериядагы үч бөлмөлүү батирлердин ижарасы орто эсеп менен алганда 2 300 сомго өстү.Жеке типтеги эки бөлмөлүү үйлөр 1 800дөй сомго арзандады. Ушул эле категориядагы үч бөлмөлүүлөр 2000 сомго төмөндөдү.Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо ижара баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.Ачык маалымат булактарына таянсак, октябрь айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй болду:Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:Кыргызстанда майды аз ичкен унаалар канчадан сатылууда. Инфографика>>
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/07/1083237723_0:150:1200:1050_1920x0_80_0_0_54ec4ba0f37be095d600d53c98a6e54c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, инфографика, мультимедиа, бишкек, батир, ижара, эмерек, инфографика
жаңылыктар, коом, кыргызстан, инфографика, мультимедиа, бишкек, батир, ижара, эмерек, инфографика
Ижарага батир издеп жүрөсүзбү? Октябрдагы баалар
18:00 28.10.2021 (Жаңыртылды: 15:42 15.12.2021) Октябрда Бишкектеги "элиткалардын" ижара акысы кымбаттады. Башкаларга салыштырмалуу жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлер арзандаган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып, өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.
Бул материалды даярдоо учурунда 641 жарнама каралды. Октябрда деле өткөндөгүдөй эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.
Бардык типтеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы кайрадан жогорулады. Жеке типтеги бир бөлмөлүү батирге мурдагыга караганда 1 100 сом көп төлөөгө туура келет. Үч бөлмөлүү "элиткалар" болсо 2 900 сомго кымбаттады. 105-сериядагы үч бөлмөлүү батирлердин ижарасы орто эсеп менен алганда 2 300 сомго өстү.
Жеке типтеги эки бөлмөлүү үйлөр 1 800дөй сомго арзандады. Ушул эле категориядагы үч бөлмөлүүлөр 2000 сомго төмөндөдү.
Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо ижара баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.
Ачык маалымат булактарына таянсак, октябрь айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй болду:
104-серия — 15 800 сом (13 000ден 22 000ге чейин);
105-серия — 15 900 (11 000ден 25 000ге чейин);
106-серия — 16 200 (14 000ден 20 000ге чейин);
жеке типтегилер — 17 600 (7 000ден 29 700гө чейин);
"элитка" — 27 800 (17 000ден 42 400гө чейин);
жеке типтегилер — 7 400 (6 000ден 11 000ге чейин).
Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 20 200 сом (15 000ден 26 000ге чейин);
105-серия — 20 100 (13 000ден 29 700гө чейин);
106-серия — 22 200 (15 000ден 29 700гө чейин);
жеке типтегилер — 23 600 (15 000ден 35 000ге чейин);
"элитка" — 45 100 (25 000ден 84 800гө чейин).
Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 24 700 сом (18 000ден 29 700гө чейин);
105-серия — 29 300 (20 000ден 42 400гө чейин);
106-серия — 28 900 (20 000ден 40 000ге чейин);
жеке типтегилер — 28 200 (20 000ден 42 400гө чейин);
"элитка" — 68 400 (33 900дөн 127 200гө чейин).