Лейлек шайлоо округу боюнча ат салышкан талапкерлер. Тизме

© SputnikЛейлек шайлоо округу
Лейлек шайлоо округу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Жазылуу
Аталган шайлоо округунда тогуз талапкер күч сынашат. Алар ичинен эң көп добуш алгандар Жогорку Кеңешке депутат болуп келет.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдан шайлоого аттанган талапкерлердин тизмесин жарыялады.
№1 Лейлек шайлоо округунан жалпы тогуз талапкер ат салышат:
  1. Таштанкулов Касым Абдусаматович, 09.03.1963, Фрунзе политехникалык институтун жер алдындагы баалуу кендерди иштетүүнү комплекстүү механизациялоо жана технологиясы адистиги боюнча окуган, учурда эч жерде иштебейт;
  2. Абдираимова Назгүл Назыровна, 10.10.1977, Баткен мамлекеттик университетин бухгалтердик эсеп жана аудит багыты боюнча бүтүргөн. Сүлүктү социалдык фондунда бөлүм башчы;
  3. Имматов Ина Имматович, 11.05.1990, Кыргыз-өзбек университетин юриспруденция багыты боюнча бүтүргөн. Учурда Баткен облустук сот департаментинде сот аткаруучу;
  4. Жороев Исманали Эгембердиевич, 08.12.1977, Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтун тарых багыты боюнча бүтүргөн. Ички иштер министрлигинин алдындагы академияда юриспруденция адистиги боюнча окуган. Учурда "Илек Строй групп" ЖЧКсынын генералдык директору;
  5. Бекмуратов Баймурат Асатович, 02. 09.1961, Фрунзедеги политехникалык институтунун технология факультетин коомдук тамактануунун технологиясы багыты боюнча бүтүргөн. Учурда айыл өкмөт башчысы болуп иштейт;
  6. Ажибаев Чыңгыз Ильяскожоевич, 16.05.1991, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридика институтунда юриспруденция багыты боюнча окуган. Учурда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасында тергөөчү;
  7. Сегизбаев Мирбек Абдрахимович, 09.05.1981, Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү шаарындагы институтун математика адистиги боюнча аяктаган. "Бригада" ЖЧКсында айдоочу болуп иштейт;
  8. Мукарамов Асылбек Турабаевич, 17.08.1971, Чүй университетинде юриспруденция багыты боюнча окуган. "Керемет Азия ЛТД", "Мухаммад Амин" ЖЧКсында директор;
  9. Жусупов Аширбай Бапович, 01.06.1963, Скрябин атындагы айыл чарба институтун, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0