"Улуттар биримдиги" партиясы менен кимдер талапкер болду?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
БШК берген тизмеге ылайык, "Улуттар биримдигиндеги" 54 талапкердин ичинен 19у учурда жумушсуз.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бир айдан кийин өтө турчу шайлоого аттанган партиялардын тизмелерин жарыялап жатат.
БШКнын маалыматына ылайык, "Улуттар биримдиги" партиясы 54 талапкер менен жарышка чыкты. Тизмедеги 19 адам учурда жумушсуз. Калгандары мамлекеттик кызматта, түрдүү тармактарда иштейт жана ишкерлик менен алектенгендер.
Кошумчалай кетсек, жакында эле аталган партиянын мүчөсү, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалгандыктан шайлоодон четтетилген.
Талапкерлердин аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери БШК берген маалыматтын негизинде жазылды:
  1. Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевич, 1969, "Улуттар биримдиги" элдик саясий партиясынын төрагасы;
  2. Медетбеков Артур Капарович, 1959, Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын төрагасы;
  3. Болотбеков Бейшенбек, 1955, жумушсуз;
  4. Ладожинская Надежда Ивановна, 1958, Кара-Балта шаарынын мэринин кеңешчиси;
  5. Иванов Андрей Сергеевич, 1990, "Евро Стаф" ЖЧКсынын башкы директору;
  6. Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич, 1957, "Нарын" ЖЧКсынын башкы директору;
  7. Эратов Сайитжан Саматович, 1974, жумушсуз;
  8. Эгамбердиева Джумагуль, 1958, жумушсуз;
  9. Турганбаев Айбек Калмакович, 1965, жумушсуз;
  10. Федоров Дмитрий Иванович, 1962, жумушсуз;
  11. Ишматов Шерзод, 1988, жумушсуз;
  12. Дунларова Жамиля Калнуровна, 1982, "Линия защиты" коомдук фондунун коомчулук менен байланыш боюнча консультанты;
  13. Искандаров Курбанбай Алибаевич, 1951, жумушсуз;
  14. Бешимов Аскар Жолчубекович, 1962, Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында профессордун милдетин аткаруучу;
  15. Бейшенов Майрамбек Мырзабекович, 1967, жумушсуз;
  16. Сапарбаева Бактыгуль Кененсариевна, 1970, "Анти-Спид" ассоциациясынын проектилик координатору;
  17. Джапаров Кубан Болотбекович, 1973, "Иш Сапар" ЖЧКсынын директору;
  18. Жолдошбеков Бактыбек Абдылдабекович, 1963, "МЭТ-Секьюрити" ЖЧКсынын директору;
  19. Акимов Турат Кудайбергенович, 1962, "Деньги и Власть" гезитинин башкы редактору;
  20. Култаева Умут Баймуратовна, 1954, Үмүт Култаева атындагы жогорку автордук мектебинин директору;
  21. Аккулов Абдижапар Ураимович, 1967, Ош мамлекеттик университетиндеги институт директору;
  22. Асанов Чолпонбек Жусупович, 1970, Sun light Дубай авиакомпаниясынын аткаруучу директору;
  23. Бегалиев Бакай Кылычбекович, 1995, жумушсуз;
  24. Гусейнова Сабина Этибар Заде, 1992, "Билимкана" жеке менчик мектебинде хореограф;
  25. Абакиров Ноорузбек Курбанбекович, 1991, "Бөрү" ЖЧКсынын башкы директору;
  26. Норматов Мухудин Маликович, 1966, "Роуд Альянс груп Инк" ЖЧКсынын башкы директору;
  27. Ташматов Алишер Богардиевич, 1984 "Люди мира" коомдук уюмунун төрагасы;
  28. Алкадырова Сеиль Муканбетовна, 1972, Экономика жана финансы министрлигинде бөлүм башчы;
  29. Мирзалиев Мирхамза Алангирович, 1964, жумушсуз;
  30. Карабаев Нурбек Шайлообекович, 1979, "Кызыл-Саз-Транс" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  31. Болотов Нурбек, 1969, жумушсуз;
  32. Турдубаева Гулсара, 1959, Ош мамлекеттик университетинин кадрлар бөлүмүнүн начальниги;
  33. Абиров Мыктыбек Медетбекович, 1983, жумушсуз;
  34. Алдакулов Тургунбай Абдирасулович, 1978, "Идея жана аракет" ЖЧКсынын директору;
  35. Кайыпов Абдыкапар Турдуевич, 1965, "Ак-Тилек М" ЖЧКсынын директору;
  36. Боронбаева Эльнура Кочконовна, 1972, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдардын ооруларынын пропедевтикасы кафедрасынын ассистенти;
  37. Кадыров Талантбек, 1977, жумушсуз;
  38. Кайыпов Эржан Сулайманович, 1986, жумушсуз;
  39. 39 Жумабаев Элгис Каримжанович, 1985, жумушсуз;
  40. Маматова Самара Камилжановна, 1980, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүндө эсептөөчү бухгалтер;
  41. Мамытов Абдылдабек Жаныбекович, 1994, жумушсуз;
  42. Абдылдаев Азамат Адылбекович, 1972, "Билим" окуу жана билим берүү борборунун директору;
  43. Саланов Кылычбек Арзыбекович, 1979, "Кыргыз Ата" токой чарбасынын башчысы;
  44. Момбекова Бактыгүл Замирбековна, 1978, КТРК "Спорт" телеканалында байкоочу;
  45. Холодкова Елена Борисовна, 1980, " Жибек-Жолу логист" ЖЧКсынын башкы бухгалтери;
  46. Карыбаев Урмат, 1984, "К-Жетиген" ЖЧКсынын президенти;
  47. Жаманбаев Бакытбек Ташибекович, 1975, жумушсуз;
  48. Джанузакова Салтанат Смаиловна, 1961, Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын окуу иштери боюнча департаментинин жетектөөчү адиси;
  49. Боташов Рухулло Абдуллажанович, 1979, "Полимер Гарден" ЖЧКсынын директору;
  50. Низамиев Абдурашит Гумарович, 1967, Ош мамлекеттик университетинин табигый география факультетинин деканы;
  51. Абдырахманов Жаныбек Азаматович, 1973, жумушсуз;
  52. Тапвалдиева Дилноза Абдивосиловна, 1990, “Альянс пресс" маалымат агенттигинин директору;
  53. Курманбек кызы Наргиза, 1993, "Нарын" ЖЧКсынын аткаруучу директору
  54. Джаркимбаева Асель Советовна, 1973, жумушсуз.
Жаңылыктар түрмөгү
0