Ыйлагың келет! Жанын таштап иштеген кызыл-кыялык "апачилер". Видео
17:02 26.10.2021 (Жаңыртылды: 14:00 16.12.2021)
© Sputnik / Акылбек Батырбеков , Эмиль Садыров
Жазылуу
"Апачилер" күн сайын "Кудай өзү сактасын" деп ишин башташат. Өмүрүн тобокелге салып, өзүм билемдик менен көмүр казгандарды жергиликтүүлөр ушинтип атап коюшкан.
Sputnik агенттиги Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын четиндеги кенчилердин жашоосу менен таанышты.
"Бул жер толугу менен ээн калган. Союз маалында шахта болгон, союз таркагандан кийин жабылган. 1995-жылдан бери Кызыл-Кыянын эли ушуну менен оокат кылат. Башка иш жок", — дейт кенчи Шүкүрбек Исаков.
Бир шахтада алты-жети киши иштейт, ар биринин өз милдети бар. Айрымдары жер алдынан көмүрдү казып үстүнө мүшөк менен жиберип турат, калгандары аны трос менен тартып алып, сырттагы коопсуздукту да камсыздап турушат.
© Sputnik / Эмиль СадыровКызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу

Биз барган көмүр шахтанын тереңдиги 40 метрдей экен. Бирок андан да тереңдери — 70, 100 метрге чейинкилери бар экенин айтышты. Ал эми ичинин бийиктиги эки метрдей, туурасы узун зал сыяктуу кете берет.
Отуздун тегерегиндеги Орозали Эргешовдун өмүрүнүн жарымы эле көмүр кенинде өткөн. Ал жумушчулар жанын оозуна тиштеп иштээрин белгиледи.
"Трос үзүлүп кетет, ток уруп кетиши мүмкүн. Суу чыгып кетип, сууда калып калышат. Газга көп ууланышпайт, себеби шайман менен шамал айдап турабыз. Акча табам деп ишти жакшы билбей келгендер көп. Анан ылдый түшүп баратып кулап жаракат алышат же көз жумушат. Тажрыйбасы барлар ката кетирбейт. Мен 14 жылдан бери иштейм, кырк метр тереңдиктеги забойдон 25ти каздым", — деди шахтачы Эргешов.
Жумушчулар күнүнө 1 000-1 500 сомдон, кышкысын 2 000 сомго чейин табышат. Кызыл-Кыяда бардыгы эле күнүнө мынча каражат таба бербейт. Бирок жумушчулар кээде иштин оордугунан ага деле кайыл болуп кетет. Эки баланын атасы Бактияр Токтосунов тапканы күнүмдүк тиричиликке эле кетерин айтат.
"Жалпы иштегениме 15 жылдын жүзү болду. Ага чейин ар кайсы жерден акча тапчумун, курулушта иштедим. Тапканыбыз күнүмдүк тамак-ашка кетет. Ашырып мал-жан, машина ала албайсың. Башка эмне кылабыз? Жогорку жактагылар элге жакшы жардам кылып иш таап берсе болот эле. 18-19 жаштагы балдар мигрант болуп жүрөт", — деди Токтосунов.
"Апачилердин" көмүрүн карапайым эл гана алат. Ишканалар менен иштеше алышпайт. Кечинде мүшөк көмүрлөрдү Porter автоунаасы менен ташып, мүшөгүн 200-250 сомдон сатышат.
Мындай шахталардын коопсуздук эрежелеринин сакталышын тиешелүү органдар текшерип, эскертүүлөрдү берип турат. Ошентсе да бийлик көмүрдү мыйзамсыз казгандардын ишине бөгөт коё албай келет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай жерлерде адам өмүрүн алган окуялар болгону тууралуу маалыматтарды да берип келет.