БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Сүлүктү шаарындагы жабык турган "Ак-Жол" ЖЧКнын шахтасында уруксаты жок өз алдынча көмүр издеген жаран урандынын астында калып каза болду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге 5 куткаруучу, 50 шахтер келип, эки оор техниканын жардамы менен маркумдун сөөгү казып алынган. Куткаруу иштери төрт саатка созулган.
Окуя болгон жерге өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев да барды.
"Өкүл кырсык болгон жер кооптуу жана жабык шахта экендигине карабай эч кандай эскертүүчү белгилердин коюлбагандыгын айтты. Уруксаты жок көмүр казып тобокелчиликке барган жарандарды тартипке салбаган, шахталардагы коопсуздук эрежелерин текшерип көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн тийиштүү бийлик өкүлдөрүнүн ишин сынга алды", — деп айтылат маалыматта.
Ушул эле күнү шаардын укук, тартип жана коопсуздук боюнча координациялык кеңеши өтүп, аймактагы шахталардын коопсуздугуна, жарандык коргонуу мыйзамынын негизинде текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Сүлүктү шаарында 150 кен казган ишканалар катталган. Бирок анын 31и гана иштейт. Ал эми жыл башынан бери бул шахталарда 9 адам ар кандай кырсыкка учурап каза тапкан.