112 кишиден коронавирус табылып, оору үч бейтаптын өмүрүн алды

© AFP / STRМедициналык кызматкер COVID-19 тестирлөөгө үлгү алууда
Медициналык кызматкер COVID-19 тестирлөөгө үлгү алууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Көз жумгандар коронавируска каршы вакцина албагандыгы айтылды. Пандемия башталгандан тарта дарттан 2 658 адам каза болду.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 112 кишиден коронавирус аныкталып, 99 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 43;
  • Чүй облусу – 42;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 4.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 180 741ге жетти. Анын ичинен 175 196сы айыккан. Бир суткада эмделбегендер арасында үч бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Пандемия башталгандан тарта өлкөдө жалпысынан 2 658 адам каза тапты.
Азыркы тапта стационарда 680, ал эми амбулатордук шартта 687 адам дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0