Мамлекет башчынын маалымат катчысынын айтымында, бул иш-чарага 150гө чукул жергиликтүү жана чет элдик журналисттер чакырылган. Президент алгач өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди. Иш-чара андан соң 56 журналист менен суроо-жооп форматында уланды.Журналисттердин бир катар суроолоруна жыйынга кошо катышып жаткан министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө да жооп берүүгө туура келди.Маалымат жыйын дээрлик төрт саатка созулду.Маалымат жыйындын жүрүшү туурасында Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясын окусаңыздар болот.
жапаровдун 2021-жылдын октябрындагы маалымат жыйыны, жаңылыктар, коом, кыргызстан, сүрөт, мультимедиа, садыр жапаров, маалымат жыйын, президент, суроо, жооп, сүрөт түрмөк, фото
жапаровдун 2021-жылдын октябрындагы маалымат жыйыны, жаңылыктар, коом, кыргызстан, сүрөт, мультимедиа, садыр жапаров, маалымат жыйын, президент, суроо, жооп, сүрөт түрмөк, фото
Садыр Жапаровдун төрт саатка чукул созулган маалымат жыйыны. Сүрөттөр
Бишкектин четинде мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында президент Садыр Жапаров ири маалымат жыйын өткөрдү.
Мамлекет башчынын маалымат катчысынын айтымында, бул иш-чарага 150гө чукул жергиликтүү жана чет элдик журналисттер чакырылган. Президент алгач өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди. Иш-чара андан соң 56 журналист менен суроо-жооп форматында уланды.
Жапаровго Баткен аймагындагы мамлекеттик чек ара маселесиндеги чатактарды жөнгө салуу жана жарандардын коопсуз жашоосун камсыз кылуу жөнүндө суроо берилди. Ал Тажикстан менен чек ара жаатында маселелер бар экенин айтып, эки жактын тең кызыкчылыгын бирдей карап, анан чечилиши керектигин айтты
Президент алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу сөз кылды. Ал мурдагыдай партиялык тизме аркылуу келүү үчүн коррупциялык иштер болбойт деген билдирүүсүн айтты
"Биз силердин ишмердүүлүгүңөргө өзгөчө маани беребиз, силердин ишиңер аркылуу коомчулуктагы кырдаал тууралуу өзүм да маалымат алып турам", — деп айтылган маалымат жыйындын башында Жапаровдун ЖМКларга жана журналисттерге таратылган кайрылуусунда
Жапаров журналисттин суроосуна жооп бери жатып, Кыргызстанда АКШнын аскер базасы жайгашпай тургандыгын билдирди. "2014-жылы Американын базасы менен келишимди жокко чыгарып, алар чыгып кетишкен. Бизге бир эле база жетет", — деди ал
Маалымат жыйынына катышып жаткан чет элдик журналисттердин бири Садыр Жапаровду эң келишимдүү президентсиз деп, мамлекет башчынын өзүн да, залдагыларды да жылмайтты
Жапаров социалдык тармактагы баракчаларын өзү алып барарын, постторун негизинен өзү эле чыгарганга аракет кыларын айтып берди. "Соцтармактардагы кайрылууларды анда-санда карап коём. Мурдагыдай убакыт жок. Кечки тамактан кийин убакыт болгондо, бир-эки саат карайм", — деди президент
Бүгүнкү маалымат жыйында 56 журналист бир жана бирден ашык суроолорду берген. Жапаров жыйынтык сөзүндө эмдиги жылы журналисттер менен Курултайда жолугарын айтты
"Мен Кыргызстан элине терең ыраазычылыгымды билдирем жана элдин ишенимин актоого бардык күч-аракетимди жумшайм", — деди Жапаров маалымат жыйындын соңунда