https://sputnik.kg/20211023/sadyr-zhaparov-aygul-zhaparov-500-min-som-1054326823.html
Айгүл Жапарова кайрымдуулукка берген жарым миллион сомду кайдан алганы айтылды
Айгүл Жапарова кайрымдуулукка берген жарым миллион сомду кайдан алганы айтылды
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы Садыр Жапаров балдардын реабилитациялык борборуна акчаны бир туугандары чогултуп бергенин билдирди. 23.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-23T13:47+0600
2021-10-23T13:47+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
садыр жапаров
айгүл жапарова
кайрымдуулук
жапаровдун 2021-жылдын октябрындагы маалымат жыйыны
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/12/1054265772_0:0:1620:912_1920x0_80_0_0_268182382661b144b071d814f3bb3f37.jpg
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров канайым Айгүл Жапарованын "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна берген 500 миң сому тууралуу маалымат жыйын учурунда айтты.Журналисттер ал каражат кайдан алынганына кызыгышты.Эске салсак, президент бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроосуна жооп берип жатат.Sputnik Кыргызстан иш-чараны тексттик трансляция аркылуу чагылдырып жатат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/12/1054265772_180:0:1620:1080_1920x0_80_0_0_6ab15686c618ef49f018399674819580.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, садыр жапаров, айгүл жапарова, кайрымдуулук, жапаровдун 2021-жылдын октябрындагы маалымат жыйыны
жаңылыктар, коом, кыргызстан, садыр жапаров, айгүл жапарова, кайрымдуулук, жапаровдун 2021-жылдын октябрындагы маалымат жыйыны
Айгүл Жапарова кайрымдуулукка берген жарым миллион сомду кайдан алганы айтылды
13:47 23.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мамлекет башчы Садыр Жапаров балдардын реабилитациялык борборуна акчаны бир туугандары чогултуп бергенин билдирди.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров канайым Айгүл Жапарованын "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна берген 500 миң сому тууралуу маалымат жыйын учурунда айтты.
Журналисттер ал каражат кайдан алынганына кызыгышты.
"Бул сумманы бир туугандарым, Жапаровдор чогултуп берген. Айгүл Жапарова сөзгө чоркоктук кылдыбы, сүрдөдүбү, айтор, салып эле кетип калыптыр. Министрге мен ага чейин айткам, маалымат берип коюшу керек эле. Биз 11 бир тууганбыз. Алардын бири каза болуп калган. Баарыбыз 50 миңден чогултуп, конвертке салганбыз. Баарыбыз барбайлы деп Айгүл Жапарова гана алып кеткен", — деди президент.
Эске салсак, президент бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроосуна жооп берип жатат.