https://sputnik.kg/20211005/facebook-kechee-emnege-ishtebey-kalgan-sebebin-tushundurup-berdi-1054120611.html
Facebook кечээ эмнеге иштебей калганын инженерлери түшүндүрүп берди
Facebook кечээ эмнеге иштебей калганын инженерлери түшүндүрүп берди
Sputnik Кыргызстан
Кечээ бир нече кызматтардын өчүп калышынан улам Марк Цукербергдин жети миллиард доллар жоготкону айтылды. 05.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-05T09:41+0600
2021-10-05T09:41+0600
2022-01-31T11:09+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
facebook
instagram
whatsapp
марк цукерберг
себеп
интернет
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/05/1054120398_0:102:3443:2048_1920x0_80_0_0_c76177a8372297ba9b041be94b5a1b92.jpg
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Facebook тармагынын иштебей калышы магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын иштебей калышынан улам болду. Бул тууралуу компаниялардагы инженерлердин командасы билдиргенин РИА Новости жазды.Муну менен катар эле Facebook кечээки учур Instagram жана WhatsApp кызматынын иштебей калышы колдонуучулардын маалыматтарынын ачыкталып кетишине шарт түзбөгөндүгүн айтты.Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг интернет колдонуучулардан кечирим сураган.Компания ээлик кылган Facebook, Instagram, WhatsApp жана бир катар тиркемелер дүйшөмбү күнү, 4-октябрда, жети саатка чейин иштебей калды.Downdetector сайтынын маалыматына караганда, Facebook тармагынын тарыхындагы көпкө чейин жана бардык кызматтары иштебей калган биринчи учур болду. Мунун фонунда социалдык тармактын акциялары беш пайызга чейин түшүп кетти. Ал эми анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жети миллиард доллар жоготкону айтылды.
https://sputnik.kg/20210915/dujnodo-internet-ochup-kalyshy-mumkun-1053908235.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/05/1054120398_184:0:3443:2048_1920x0_80_0_0_6516f130b8c1b4b661fb403a476fe18f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, facebook, instagram, whatsapp, марк цукерберг, себеп, интернет
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, facebook, instagram, whatsapp, марк цукерберг, себеп, интернет
Facebook кечээ эмнеге иштебей калганын инженерлери түшүндүрүп берди
09:41 05.10.2021 (Жаңыртылды: 11:09 31.01.2022) Кечээ бир нече кызматтардын өчүп калышынан улам Марк Цукербергдин жети миллиард доллар жоготкону айтылды.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Facebook тармагынын иштебей калышы магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын иштебей калышынан улам болду. Бул тууралуу компаниялардагы инженерлердин командасы билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Келип түшкөн маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ортосундагы тармактык трафиктин ишинин жөнгө салышына жооп берген магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын өзгөрүшү байланышты үзүп, көйгөй жаратты. Тармактык трафиктин өчүп калуусу биринен бирине өтүп, маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ишинин жөндөмүнө таасир тийгизди. Ошентип биздин кызмат иштебей калды", — деп айтылган Facebook инженерлеринин билдирүүсүндө.
Муну менен катар эле Facebook кечээки учур Instagram жана WhatsApp кызматынын иштебей калышы колдонуучулардын маалыматтарынын ачыкталып кетишине шарт түзбөгөндүгүн айтты.
Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг интернет колдонуучулардан кечирим сураган.
"Facebook, Instagram, WhatsApp жана Messenger кайрадан иштеп баштады. Бүгүн алардын жеткиликсиз болуп калганы үчүн кечирим сурайм. Жакындар менен байланышта болушу үчүн биздин кызматты ишенип колдоно турганыңыздарды билем", — деп жазды Цукерберг өзүнүн Facebook баракчасына.
Компания ээлик кылган Facebook, Instagram, WhatsApp жана бир катар тиркемелер дүйшөмбү күнү, 4-октябрда, жети саатка чейин иштебей калды.
Downdetector сайтынын маалыматына караганда, Facebook тармагынын тарыхындагы көпкө чейин жана бардык кызматтары иштебей калган биринчи учур болду. Мунун фонунда социалдык тармактын акциялары беш пайызга чейин түшүп кетти. Ал эми анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жети миллиард доллар жоготкону айтылды.