34 млн. доллар! Самат Ибраевдин уулуна алданган ишкерлер митингге чыкты. Видео

© Sputnik / Эламан КарымшаковЖогорку Кеңештин имаратынын алдына Самат Ибраевке каршы митинг
Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Самат Ибраевке каршы митинг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Жабырлануучулардын бири Адилет Зарылбеков депутаттын баласынан 1,5 миллион доллар акчасын ала албай жүргөнүн айтты.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 20га чукул жаран митингге чыгып, депутат Самат Ибраевдин үй-бүлөсү ири суммада акча кайтарып бербей жатканын билдиришти.
Алардын айтымында, депутаттын уулу Данияр Ибраев 2019-жылы ишкерлерден жана курулуш компаниялардан арзан баада арматура алып келип берүүнү убадалап акча алып, таптырбай кеткен.
Митингге "Шылуундун парламентте отурууга моралдык укугу жок", "Кыргызстандыктардан 35 миллион доллар уурдаган", "Самат Ибраев, акчабызды кайтар", "Президент мырза, жардам бериңиз" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Алар Самат Ибраевдин чыгып жооп беришин талап кылышты.
© Sputnik / Эламан КарымшаковБүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 20га чукул жаран митингге чыгып, депутат Самат Ибраевдин үй-бүлөсү ири суммада акча кайтарып бербей жатканын билдиришти
Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 20га чукул жаран митингге чыгып, депутат Самат Ибраевдин үй-бүлөсү ири суммада акча кайтарып бербей жатканын билдиришти - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 20га чукул жаран митингге чыгып, депутат Самат Ибраевдин үй-бүлөсү ири суммада акча кайтарып бербей жатканын билдиришти
© Sputnik / Эламан КарымшаковАлардын айтымында, депутаттын уулу Данияр Ибраев 2019-жылы ишкерлерден жана курулуш компаниялардан арзан баада арматура алып келип берүүнү убадалап акча алып, таптырбай кеткен
Алардын айтымында, депутаттын уулу Данияр Ибраев 2019-жылы ишкерлерден жана курулуш компаниялардан арзан баада арматура алып келип берүүнү убадалап акча алып, таптырбай кеткен - Sputnik Кыргызстан
2/2
Алардын айтымында, депутаттын уулу Данияр Ибраев 2019-жылы ишкерлерден жана курулуш компаниялардан арзан баада арматура алып келип берүүнү убадалап акча алып, таптырбай кеткен
1/2
Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 20га чукул жаран митингге чыгып, депутат Самат Ибраевдин үй-бүлөсү ири суммада акча кайтарып бербей жатканын билдиришти
2/2
Алардын айтымында, депутаттын уулу Данияр Ибраев 2019-жылы ишкерлерден жана курулуш компаниялардан арзан баада арматура алып келип берүүнү убадалап акча алып, таптырбай кеткен
Азиз Кагаздиев 2019-жылдын сентябрь айында депутаттын баласы андан арматура сатып алуу үчүн 491 миң доллар карыз алып, сызга отургузуп кеткенин билдирди.
"Айлабыз түгөнгөндө бул жерге чыгып жатабыз. Мен Даниярды эртерээк таап бер деп жатканда атасы Самат Ибраев чалып "биз андай үй-бүлөдөн эмеспиз, баарыбыз ажыбыз. Баламды кыйнабай турчу, мен жакын арада таап берем" деп айткан. Кийин баласы качып кеткенде "ким арыз жазса ошонун акчасын бербейм, жазбай тургула" деп жүрдү. Менде бардык документтер, сүйлөшүүнүн аудио, видеожазуулары бар. ИИМ, УКМК, прокуратурага кайрылганбыз, эч кандай реакция жок. Баласы Болгарияга барып башпаанек сурап, ошол өлкөнүн жарандыгын алып алыптыр", — деди ишкер.
Парламент депутаты Самат Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Өзүн Садыр Жапаровго салыштырган. Саматбек Ибраев тууралуу 7 факт
Ошондой эле ал аласасын 56 адам ала албай жүргөнүн, анын ичинен 32си укук коргоо органдарына арыз жазганын белгиледи. Эң азы 20 миң, алды 3 миллион долларга чейин бергенин айтышууда.
Жабырлануучулардын бири Адилет Зарылбеков 1,5 миллион доллар акчасын ала албай жүргөнүн айтты. Данияр Ибраев ага металл алып келип берүүнү убадалаган.
Белгилей кетсек, депутаттын 29 жаштагы уулу Данияр Ибраев мамлекеттер аралык издөөдө. Милициянын маалыматы боюнча, ал өзгөчө ири суммадагы алдамчылык беренеси боюнча айыпталып, ишкерлерди 507 миллион 352 миң 49 сом чыгымга учураткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0