Алайда тарыхый инсандардын урматына "Тоо театрларынын I фестивалы" өтүүдө. Сүрөт

© Фото / пресс служба МКИСиМП КРАлайда "Тоо театрларынын I фестивалы"
Алайда Тоо театрларынын I фестивалы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Фестиваль Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театры  койгон Төлөгөн Касымбековдун "Кел-Кел" спектакли менен башталды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Алайда Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай музыкалык-драма театрынын 75 жылдыгына карата уюштурган республикалык "Тоо театрларынын I фестивалы" өз ишин баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Фестиваль Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылындагы Ажибаев атындагы музыкалык-драма театрынын базасында тарыхый инсандардын жана тоолуу жердеги профессионал театрдын мааракесине арналып өтүүдө. 

© Фото / пресс служба МКИСиМП КРПервый республиканский фестиваль горных театров, посвященный 220-летию Алымбека Датки, 210-летию Курманжан Датки и 75-летию Алайского музыкально-драматического театра в Алайском районе
Алайда Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай музыкалык-драма театрынын 75 жылдыгына карата уюштурган республикалык Тоо театрларынын I фестивалы өз ишин баштады - Sputnik Кыргызстан
1/3
Алайда Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай музыкалык-драма театрынын 75 жылдыгына карата уюштурган республикалык "Тоо театрларынын I фестивалы" өз ишин баштады
© Фото / пресс служба МКИСиМП КРПервый республиканский фестиваль горных театров, посвященный 220-летию Алымбека Датки, 210-летию Курманжан Датки и 75-летию Алайского музыкально-драматического театра в Алайском районе
Фестиваль Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылындагы Ажибаев атындагы музыкалык-драма театрынын базасында тарыхый инсандардын жана тоолуу жердеги профессионал театрдын мааракесине арналып өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
2/3
Фестиваль Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылындагы Ажибаев атындагы музыкалык-драма театрынын базасында тарыхый инсандардын жана тоолуу жердеги профессионал театрдын мааракесине арналып өтүүдө
© Фото / пресс служба МКИСиМП КРПервый республиканский фестиваль горных театров, посвященный 220-летию Алымбека Датки, 210-летию Курманжан Датки и 75-летию Алайского музыкально-драматического театра в Алайском районе
Салтанатка катышкан министрдин орун басары Салтанат Аманова аталган иш-чара өз ара тажрыйба алмашуу багытын көздөп жаткандыгын белгиледи - Sputnik Кыргызстан
3/3
Салтанатка катышкан министрдин орун басары Салтанат Аманова аталган иш-чара өз ара тажрыйба алмашуу багытын көздөп жаткандыгын белгиледи
1/3
Алайда Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай музыкалык-драма театрынын 75 жылдыгына карата уюштурган республикалык "Тоо театрларынын I фестивалы" өз ишин баштады
2/3
Фестиваль Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылындагы Ажибаев атындагы музыкалык-драма театрынын базасында тарыхый инсандардын жана тоолуу жердеги профессионал театрдын мааракесине арналып өтүүдө
3/3
Салтанатка катышкан министрдин орун басары Салтанат Аманова аталган иш-чара өз ара тажрыйба алмашуу багытын көздөп жаткандыгын белгиледи

Салтанатка катышкан министрдин орун басары Салтанат Аманова аталган иш-чара өз ара тажрыйба алмашуу багытын көздөп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, аны салт катары мындан ары башка аймактарда да өткөрүү пландары каралган. 

"Мындай достук мамилени бекемдөө жана профессионалдык театр искусствосун аймактарга жеткирүү учурдагы Маданият министрлигинин бирден-бир приоритеттүү багыты", — деген ал.

Алгач фестиваль Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык-драма театры, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, Калык Акиев атындагы Жумгал музыкалык драма театры, Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры, Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры жана Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрларынын жүрүшү менен башталып, концерттик программа көрсөтүлдү.

Иш-чаранын программасы:

  • 2021-жыл, 30-сентябрь
  • 9:00 – 10:00 Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театры Төлөгөн Касымбековдун "Кел-Кел" спектакли;
  • 11:00 – 12:30 Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры драматург Иманалиевдин "Актриса" спектакли;
  • 14:00 – 15:00 Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык драма театры Өзбек эл жазуучусу Саид Ахматтын "Хасан Хусан" чыгармасынын негизинде "Таниш нусхалар" спектакли;
  • 16:00 – 17:00 Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры драматург Касымбековдун "Кел-Кел" романынын негизинде инсценировкаланган "Кара көлөкө" спектакли;
  • 19:00 – 21:00 Фестивалдын салтанаттуу жабылышы.

Иш-чара Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры менен биргеликте уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0