Душанбеде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын карата Душанбеде иш-чаралар
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын карата Душанбеде иш-чаралар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Студенттер Мукай Элебаев, Касым Тыныстанов, Алыкул Осмонов, Байдылда Сарногоев сыяктуу кыргыздын белгилүү акындарынын ырларын окушкан.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Тажикстандын Душанбе шаарында бир нече иш-чара өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Тажикстандын Душанбе шаарында бир нече иш-чара өттү
Душанбеде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Тажикстандын Душанбе шаарында бир нече иш-чара өттү

Маалыматка караганда, элчилик "Мекендеш" улуттук-маданий борбору менен биргеликте футбол турнирин уюштурган. Ага Тажикстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Кыргызстандын жарандары катышкан. Жеңүүчүлөр менен катышуучулар кубок жана белектер менен сыйланды.

© Фото / пресс-служба МИД КРМаалыматка караганда, элчилик "Мекендеш" улуттук-маданий борбору менен биргеликте футбол турнирин уюштурган
Душанбеде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Маалыматка караганда, элчилик "Мекендеш" улуттук-маданий борбору менен биргеликте футбол турнирин уюштурган
"Мындан сырткары, кыргызстандык студенттердин жана кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маданий иш-чаралар уюштурулган. Анын алкагында "Курманжан датка" кинотасмасы көрсөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Студенттер Мукай Элебаев, Касым Тыныстанов, Алыкул Осмонов, Байдылда Сарногоев жана башка кыргыздын белгилүү акындарынын ырларын окушкан. Ырды мыкты окугандарга Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилиндеги китептери берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0