Ноокаттын жашоочусунун үйүнөн курал жана ок-дары табылды. Сүрөт
Ноокаттын жашоочусунун үйүнөн курал жана ок-дары табылды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Ош облустук милициясы мыйзамсыз сакталган куралдарды, жарылуучу заттарды милицияга өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертти. 21.09.2021, Sputnik Кыргызстан
Ош облустук милициясы мыйзамсыз сакталган куралдарды, жарылуучу заттарды милицияга өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертти.
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ноокат районунда милиция кызматкерлери мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дары тапты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Ноокат районунун 39 жаштагы М.Б. аттуу тургундун үйүн тинтүүгө алган учурда мыйзамсыз сакталган найы кесилип жасалган ИЖ-18 мылтыгы, Калашников автоматынын 9, Макаров тапанчасынын сегиз огу алынган.
Ноокат районунун 39 жаштагы М.Б. аттуу тургундун үйүн тинтүүгө алган учурда мыйзамсыз сакталган найы кесилип жасалган ИЖ-18 мылтыгы, Калашников автоматынын 9, Макаров тапанчасынын сегиз огу алынган.
"Ноокат районунун 39 жаштагы М.Б. аттуу тургундун үйүн тинтүүгө алган учурда мыйзамсыз сакталган ИЖ-18 мылтыгы, Калашников автоматынын 9, Макаров тапанчасынын сегиз огу алынган. Андан сырткары, Ноокат районунун башка бир тургунунун үйүнөн бир револьвер алынды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ош облустук ИИБи мыйзамсыз сактап жүргөн куралдарын, жарылуучу заттарды милицияга өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертти.