Бишкектин айрым жерлери 20-сентябрда жарыксыз калат. График

© Sputnik / Эмиль СадыровНочной Бишкек
Ночной Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жазылуу
Эртең "Түндүк электр" ишканасынын бригадалары бутактарды кесип, зымдарды тартып, жабдууларды оңдомокчу.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 20-сентябрда, Бишкектин айрым райондорунда жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Бул убакытта уюмдун бригадалары бутактарды кесип, зымдарды тартып, жабдууларды оңдомокчу.

Электр жарыгы жок боло турчу жерлер:

  • 8:00дөн 18:00гө чейин — 8-кичи райондогу № 12 жана 12/1 үйлөрүндө, 7-кичи районундогу №16/1—16/12 үйлөрүндө;
  • 9:30дан 13:00гө чейин — Жибек жолу проспектисинин, Муса Жалил, Целиноградская, Садовая жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилиштеринде;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Кызыл-Кыя, Можайский көчөлөрүнүн кесилиштеринде, Рыскулов көчөсүндөгү № 8 үйдө, Калыс-Ордо (№ 86 мектеп), Жеңиш, Арча-Бешик (Безымянная, Кара-Кужур, Абдрахманов, Бердибаев, Алты-Түтүн, Эр-Тайлак, Шербет, Садыбакасов, Он-Арча көчөлөрү) конуштарында, ошондой эле Маевка айылында;
  • 9:30дан 18:30га чейин — Чүй проспектисиндеги №1 үйдө, Ахунбаев көчөсүндөгү № 106 үйдө, Көлбаев (№ 22, 24/1—24/4, 28, 30 үйлөрү), Армавирская, Шайыр, Кантемир жана Низовая көчөлөрүндө.
Жаңылыктар түрмөгү
0