Бишкекте россиялыктар Мамдуманын депутаттарын шайлоодо. Видео

Жазылуу
Ушул тапта Кыргызстандын төрт шаарында шайлоо тилкеси иштеп, өлкө аймагындагы россиялыктар РФтин Мамлекеттик Думасына кезектеги депутаттарды шайлоого добуш берип жатышат.

Шайлоо 17-сентябрдан 19-сентябрга чейин белгиленген. Аны менен биргеликте аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат. Добуш берүүнүн негизги күнү катары 19-сентябрь эсептелет.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко шайлоо тилкелери 8:00дөн 20:00гө чейин иштей турганын айтты.

"Төрт шайлоо тилкеси ачылды: Бишкекте элчиликтин базасында, Оштогу башкы консулдуктун базасында, Кант менен Караколдо. Добуш берүүгө Кыргызстанда жүргөн Россия Федерациясынын бардык жарандары жана онлайн режиминде мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасы аркылуу добуш бербегендер катыша алат", — деген элчи.

Мамлекеттик Думага 450 депутат тандалат: жарымы партиялык тизме менен болсо, жарымы бир мандаттуу округдар аркылуу. Жарышка ат салышууга 14 саясий партия катталган. Шайлоочулардын саны 110 миллиондон ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0