БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. "Манас" аэропортуна кеткен жолдо мотоциклчен киши жөө адамды коюп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук милиция билдирди.
Окуя бүгүн саат 20:00дө болгон. Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жөө киши набыт болгон. Болжол менен ал 50 жашта. Активист Болот Ибрагимов авариядан кийин тартылган видеону соцтармакка жарыялады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кадрдан жол убактылуу жабылып калганын көрүүгө болот. Топтолгон 50дөй киши ызы-чууга түшкөн. Милициянын божомолу боюнча, алар жергиликтүү тургундар менен мотоциклчен кишинин достору болушу мүмкүн.
Чүй ОИИББдин маалымат кызматы саат 21:00дөр чамасында Манас айылынын жашоочулары Бишкек — аэропорт жолун тосуп, жол кырсыктарына нааразычылыктарын билдиришкенин кабарлады.
"Учурда милиционерлер жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", — деди ОИИББден.
Түнкү саат 11лер чамасында эл тарай элек болчу.